Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, камакка алынды. Ал Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу”, “коррупция”, "адам өлтүрүү", "куралды мыйзамсыз сактоо", "массалык баш аламандык уюштуруу" беренелери боюнча шектелүүдө. 9-август күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-августка чейин тергөө абагында камоо жөнүндө чечим чыгарды. Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы өлкөбүздүн күч түзүмдөрүнө бир топ түйшүккө туруп, бир офицердин өмүрүн алып кетти. Бул операциянын жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу алдыда сөз улайбыз.
АТАМБАЕВДИ КАРМООГО СЕБЕП
2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошоп, өлкөдөн чыгып кетишкени боюнча иш 2019-жылы кайрадан тергеле баштаган. Жыл башынан бери топ адамдар кармалып, сурак берип, иш тергелүүдө. Буга чейин ИИМ аталган иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үч жолу күбө катары суракка чакырган. Бирок Атамбаев бийликтин аракеттерин мыйзамсыз деп атап, үч жолу тең суракка баруудан баш тарткан.
КҮТҮҮСҮЗ ЧАБУУЛ
9-августта Кыргыз жеринде бир нече өлкөнүн өкмөт башчылары катыша турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны болмок. Мындай иш-чаранын алдында Атамбаевди кармоо уюштуруларын эч ким күткөн эмес. Атүгүл мурдагы президент Москвага барып, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен жолугуп келгенден кийин Жээнбеков-Атамбаев тиреши басаңдап калгандай көрүнгөн. Бирок 7-августта саат 19:50дө атайын даярдыктагы аскерлер (спецназ) Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө кирип барды. Ал учурда мурдагы өлкө башчы жолугууга келгендер менен учурашып жаткан. Атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна киргенде жан сакчылары аны үйүнө киргизип кетүүгө үлгүрүштү.
Операциянын жүрүшүндө спецназ Атамбаевдин үйүнө кире бериштеги дарбазадан өтө албай мурдагы президенттин тарапташтары окуянын жүрүшүндө сабалып, желим ок тийип ичегиси чубалып калгандар болду. Бул учурда орусиялык ЖМКлар Атамбаев кармалды деп жазып чыгышты. Бирок маалымат жалган болуп чыкты. Атамбаев кармалбай, тескерисинче, атайын даярдыктагы 6 жоокер мурдагы президенттин тарапташтары тарабынан барымтага алынганы белгилүү болду. Кийин ал жоокерлерди каарданган эл сабап саларда сактап калышканын айтышты. Барымтадагылар коё берилери айтылгандан кийин экс-президентти кармоого барган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Кой-Таштан чыгып кетишти.
Бул тиреште 45тен ашык адам жаракат алып, атайын даярдыктагы жоокерлердин бири, 47 жаштагы Үсөнбек Ниязбеков ок тийип каза болду. Анын сөөгү 9-августта "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ниязбековдун артында жубайы, 4 уулу жана 2 кызы калды.
Ал эми жаракат алгандардын катарында Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Мээрбек Мискенбаев, Нурбек Касымбеков, Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов да бар. Ызы-чууда анын башына таш тийген. Учурда анын абалы оор, эсине келе элек. Курманкуловду дарылоо үчүн Москвага алып кетишти.
5-августта эс алууга кеткен президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотуп, 7-август түнү Чолпон-Атадан Бишкекке кайтып келди.
АТАМБАЕВ: «КУРАЛ МЕНДЕ ГАНА БОЛЧУ»
8-август күнү эртең менен Алмазбек Атамбаев тарапкерлерин "Форум" ишканасынын алдына чогулууга чакырды. Ал "Форумдан" ары Ак үйдүн алдына барышы мүмкүн экендигин, бул митинг мөөнөтсүз болорун билдирди. Ошондой эле Атамбаев 7-августта болгон окуяда тарапташтарында курал болбогонун баса белгиледи. "Курал менде гана бар болчу. Атайын даярдыктагы жоокерлер 3-кабатка көтөрүлгөндө 5-6 жолу асманга карай ок аткам. Тийдиби же жокпу билбейм. Эч кимге тийбегендей кылып аткам. Тарапташтарыма күнөөнү илип коюшпасын деп ачык айтып жатам",- деди мурдагы өлкө башчы.
Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, Атамбаевди "Конституцияны жана мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга куралчан каршылык көрсөттү",- деп айыптады.
УКМКнын ЖЕТЕКЧИСИ ЖУМУШТАН КЕТҮҮ АРЫЗЫН ЖАЗДЫ
7-август күнү кечинде болгон Кой-Таштагы окуядан улам 8-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду. Жыйын формалдуу токтом кабыл алуу менен гана жыйынтыкталды. Айрым эл өкүлдөрү өкмөттүн тарашын талап кылууга жетишишти.
Саат 14:00дө башталган жыйынга депутаттардын жарымы гана чогулду, калганы эс алуусун улантышты. Сессиянын башында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Атамбаевдин үйүндө жасалган атайын операция тууралуу маалымат беришти. Эл өкүлдөрү чабал операция жүргүзгөндүгү үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан кетириш керек деп чыгышты.
УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Кой-Таштагы окуялардан кийин кызматтан кетүү ниетин президент Сооронбай Жээнбековго билдиргенин айтты. Бирок Жээнбеков анын арызын кабыл алган жок. Азырынча...
УКМК ЖЕТЕКЧИСИ: «АТАМБАЕВ АТАТ ДЕП КҮТКӨН ЭМЕСПИЗ»
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз үйүндө мыйзамдын талабына баш ийген жок". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттин жыйынында билдирди. "Атайын даярдыктагы жоокерлер куралчан эмес болчу. Алар ошол жактагы элден жана Атамбаевден курал колдонушат деп күткөн эмес",- деди ал. Атамбаев акыркы сөздөрүндө өздүк тапанчасы бар экенин, мыйзамсыз аракеттерге каршы атышарын ачык эле айтып жүргөнүн эске алсак, Опумбаевдин профессионалдуулугуна күмөн жаралат. Ал даярдыгы жок операцияны баштап жиберген деп сөз болууда. Социалдык тармактарда жайылып кеткен видеолордон улам УКМК башчысынын "балдарда курал жок болчу" дегенине коомчулук ишенбеди.
Кезексиз жыйын өтүп жаткан кезде президент Сооронбай Жээнбеков парламентке келип, дароо билдирүү жасады. Ал сөзүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди айыптады: «Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул – коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш»,- деди Жээнбеков.
Мамлекет башчынын билдирүүсүнөн кийин депутаттар токтом кабыл алышты. Токтомдо мамлекеттик комиссия түзүп, Атамбаевди кармоо операциясындагы жоготууларды иликтөө жана мурдагы президенттин өзүн, тарапкерлерин жоопко тарттыруу боюнча талаптар коюлду.
АТАМБАЕВДИ КАРМОО. ЭКИНЧИ АРАКЕТ
Атамбаевди кармоо аракети 7-августта ийгиликсиз аяктаган соң мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн аброюна чоң доо кетти. Мындан улам баштаган ишти аягына чыгарууга эртеси, 8-августта ИИМдин бүткүл түзүмү, жетекчилери менен кошо тартылды. УКМК эмгек өргүүсүндө жүргөн кызматкерлерин да чакыртып алганы белгилүү болду. Атамбаевди кармоо боюнча экинчи жолку атайын операцияда Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост коюлду. Анын ар биринде 50дөн 150гө чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери турду. Ар бир блокпосттун жанында күч түзүмдөрү менен элдин ортосунда чыр-чатактар орун алды. Анда Атамбаевдин тарапташтары таш менен күч түзүмдүн кызматкерлерин урса, ал эми атайын даярдыктагы кызматкерлер көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттарды колдонду.
Алгач күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Атамбаевдин үйүнүн дарбазасын брондолгон аскердик унаа менен бузуп кирип барды. Бир нече убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң аны алып чыгып кетишти. Атамбаев менен кошо унаада КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева, партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов жана башкалар алынып кетти. Атамбаевди УКМКга, калгандарды ИИМге жеткиришти. Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв укук коргоо кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, УКМКга барып Атамбаевге жолугууга мүмкүнчүлүк алганын айтты.
Атамбаевдин кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. "8-августта УКМК менен ИИМдин кызматкерлеринин биргелешкен ишинин натыйжасында Алмазбек Атамбаев кармалды. Атамбаевди кармоо операциясын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жетектеди",- деп жазылат маалыматта.
Баса белгилей кетчү нерсе, Атамбаевди кармоо операциясынын жүрүшүндө Кой-Таш айылында интернет да, кадимки уюлдук байланыш да өчүрүлдү. Буга чейин ушундай эле көрүнүш Солтон-Сары кенинде кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын кагылышуусунан кийин Нарында орун алган эле.
ГЕНЕРАЛ-МАЙОР АСАНОВ
Интернетке тараган видеолордо Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган топ алып чыкканы белгилүү болду. Атамбаев Курсан Асанов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин суракка барууга макул болгон. Ал Асановго “атсаңар мени аткыла, бирок балдарга тийбегиле” деди. Курсан Асанов Атамбаевдин коопсуздугуна кепилдик берип, "эч ким жабыркабайт" деген убада менен алып чыкканы интернетке тараган видеодо көрүнүп турат. Генерал-майор Курсан Асанов 2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары. 2010-жылы июнда орун алган Оштогу жаңжалда Асанов Ош облусунун комендантынын орун басары болгон. Кооптуу учурда эл арасында жүрүп жылуу пикирлерге ээ болгон.
«АЛА-ТОО» АЯНТЫНДА ЭС АЛГАНДАР
Алмазбек Атамбаевди кармап кеткенден кийин Кой-Ташка чогулган эл борбордук "Ала-Тоо" аянтына бет алды. Бирок жолду катар коюлган блокпосттордон өткүчө алардын аягы суюлуп кетти.
Түнкү саат 9-10дор чамасында Бишкектин борбордук аянтына агрессивдүү топ чогулуп, милиция кызматкерлери аларды көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу атайын каражаттарды колдонуу менен кууп таратышты. Бишкектин ар кайсы жерлеринде баш аламандыктар да орун алды. Мисалы, айрым жол кесилиштеринде "Коопсуз шаардын" көзөмөл камералары талкаланды. Атамбаевди колдомуш болуп, баш аламандыкты күтүп, бир нерсе болсо дароо мародёрлук кылууну тилегендер да бар экени байкалды. Алар Бишкектин бир нече жеринде ызы-чуу салып, аянттагы жасалгаларды талкалап, таштанды салуучу урналарды өрттөп, түнү элге тынчтык берген жок. Элди тараткандан кийин шаарды коргогон жоокерлер аянттагы фонтандардын жанында, парктарда жатып шаарды күзөтүштү. Алардын эс алуудагы сүрөттөрү интернетке тарап, көпчүлүк аларга ыраазычылык айтышты.
КИМДЕР КАРМАЛДЫ?
Мурдагы президенттин кармалышы менен удаа эле аны жандап жүргөн адамдарды кармоо, суракка алуу башталды.
– 10-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовду 8-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык баш аламандык уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда.
– КСДПнын активдүү мүчөсү Алга Кылычов жана Кой-Таштагы "Элдик штабдын" башчысы Кыяз Смаилов 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ички иштер министрлиги Алга Кылычов "массалык баш аламандык уюштуруу" жана "барымтага алуу" беренелери менен камакка алынганын маалымдады.
– "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө түзүлгөн "Элдик штабдын" мүчөсү болчу.
– Ошондой эле 9-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина Ички иштер министрлигинде 6 саатка жакын сурак берип чыгышты. Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбеков ошол эле күнү ИИМде 4 саат сурак берди.
10-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тууганы Нурбек Шаршенов, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева суракка чакыртылды.
11-августта журналист Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен. Мындан сырткары Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдер да суракка чакыртылды.
Кубан Жумамидинов
koom@super.kg