“Элдин фишкасы жүзү, келбети, акчасы, балким, хайпы болушу мүмкүн. Меники эл кайсы ырды сурабасын такалбай, тайманбай ырдап бергеним” деген ырчы айым бар. Үмүтай Абдышова ырчылык жолу оңой болбогонун, өзүнүн тагдырын уулу кайталап калганын, балалыгын, максаттарын баяндап берди. Маек сизди да кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.
– Үмүтай, маекти акыркы жаңылыктардан баштайлы деп турам.
– Балыкчы шаарына барып тушоо кесүү концертимди берип келдим. Быйыл күзүндө жеке концертимди берсем деп ойлонуп жатам. Бирок эмнегедир тайсалдап дагы эмгек кылып, анан берсемби деп да турам. Эми аны убакыт көрсөтөт. Менин репертуарымда 100гө жакын ыр бар. Хит болсун деп эмес, жүрөгүмө жаккан ырды ырдап жүрө берем. Албетте, мындай ырларды кайсы бир элдин катмары гана угушу мүмкүн, бирок булар туруктуу катмар деп ойлойм. Эми өлчөп, ченеп хит ыр да чыгарганга аракет кылып жатам.
– Комуз менен ырдап элге таанылдың, өзүң айткандай, даңкылдак-дүңкүлдөк кошуп, шоу жасап көрсөм деген ойлор болбойбу?
– Ырдаган ырларымдын баары өзүмдүн тагдырыма байланышып кетет. Анан текст менен иштегенди жакшы көрөм, ырдын тексти жан дүйнөмө отурат, анан эле ырдагым келет. Хит болсун деген максат – жан дүйнөгө жаккан ырлардан башка, бирок аны деле кылып көрдүм. “Карап тур, кийинкисинде шаңдуу, бийлей турган ыр жаздырам” дейм да, кайра эле мазмуну терең ырларга өтүп кетем. Бирок комуз менен чыккан Үмүтайдын күйөрмандары абдан көп, аларды иренжитким келбейт.
– Жан дүйнөнүн тереңдигин аңдоо да чанда кездешет, сага кимдер мындай тарбия беришкен?
– Таята-таенемдин тарбиясында 12 жашыма чейин болдум, андан кийин апамдын колуна келдим. Интеллигент абышка-кемпирдин колунда чоңойдум. Сөз баккан адамдар эле. Таятам да, апам да кыргыз адабиятынын мугалимдери, өзүм да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин адабият жана котормочу факультетин бүтүргөм. Ырчы болгум келчү, апам "олуттуу кесип танда" деп болбой койгон. Бирок беш жылдык студенттик жашоомдо болгон маараке, кечелерде комузумду колума алып ырдап жүрдүм. Кичинемден эле сахнага чыккым келчү, 9-классымда республикалык сынактан жеңип, биринчи устатым Роза Аманованын колуна келгем. Эжеден көп нерсе үйрөндүм, көмөкөй менен, тил менен ырдаган кандай, вокал деген эмне экенин билдим. Кийин баары бир Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен билим алдым. – Ырчылыкты тандагандан кийин сага эң татаалы эмне болду?
– Башында “акчасы барлар эле чыгат го” деп ойлочумун. Мага жалкоолугум чоң жолтоо болду. Жулунган сапатым жок. Балким, мен ырчы болуп чыкпай калмакмын. Интернет эмне экенин мен биле электе эле ырдаган ырым жайылып кетиптир. Бир жерге барып ойдо жок жерден комуз менен ырдап койгом. Ошол сапатсыз эле видео жайылып кетип, менин чыгармачылыгымды улантышыма түрткү болду.
– Айрымдар хайп же жүзү, харизмасы менен элди өзүнө тартып жатышат, сенин фишкаң эмне?
– Ооба, кээде кооз кийим менен элди тартышат. Менин фишкам эл кандай ырды сурабасын жандуу үн менен ырдап бергеним болуш керек. Айрымдар жандуу үн менен ырда десе тайсалдап калышат го, менде андай жок. Эми сыр эмес, кээ бир ырчылар жаздырган ырын жаттай алышпайт, бир сабын айтса экинчисин унутуп коёт. Студиядан кагаз кармап ырдайт, кийин унутуп калат. Мисалы, мени “Асанкалыйдын ак булутун ырдап көрчү, кыйын экенсиң” деп сынаган күндөр болду. Мен ырды жатка билем, авторун, тарыхынан бери айтып туруп ырдайм. Эл ошол нерсемди баалайт. Вокалдан сабак алган жокмун, бирок үнүмдү өзүм таптадым. Үйдөгүлөр менден тажап, от жагылбаган бөлмөгө кубалап жиберишчү, муздак бөлмөгө барып ырдап, комузумду күүлөп, өзүмдү-өзүм таптап отуруп эл алдына чыктым. Өнөргө ушунчалык суусаганымды мындан билиңиз, таңкы саат алтыда комуз сабагына барчумун. Анткени музыкалык мектепте орун жок болуп калып устатымдын алтыда эле убактысы болчу. Ошол учурда болгон аракетим эми жемишин берип жатат.
– Финансы булагың кайда деп сурасам ашыкча кетпеймби?
– Билгендер билет, билбегендер билбейт, бирок мен көп учурда чет өлкөгө гастролдоп кетем. Европа, Азия, Түркия, Орусия, Кытай, Индия, көп жерлерде болдум. Түрк тилин билген үчүн Түркияга көп барам. Анан тойлордон акча табам, той ырчысы деп бөлгөндөргө таң калам. Мурунтан эле ырчылар тойдо ырдап келген да, тойдо ырдабаса кайда ырдайт. Мени таптаган да тойлор болду. Биринчи алкышты, кол чабууну тойдон уктум.
– Демөөрчү канчалык деңгээлде ырчынын жолун ачат?
– Өмүрүмдө бир жолу белгисиз демөөрчүнүн жардамына таянып эки ырыма клип тарттыргам. Барган жеримден сөзсүз “демөөрчү болом, үнүң жакшы экен, жылдыз кылам” деген бирөө чыгат. Ишке келгенде эле жок болуп кетишет. Бир жолу ошондойлордун бири деп ойлоп жаңылышыптырмын. Демөөрчү болом деген мырзанын каттарына жооп бербей койсом “карындаш, үй-бүлөм бар, сенин талантыңды сыйлайм. Орусияда жашайм, Кыргызстанга келе турган оюм да жок” деди. Эки клип тарттырып, ырымды жаздырып, формаларымды тиктирип берди. Кызыгы, атын да айткан жок, Ош шаарынан экен, "клип Ошто тартылсын" деген бир гана талап койду. Башка эч бир демөөрчүм болгон жок, мен дагы издеген жокмун. Бирөөгө көз каранды болгум келбейт.– Ырлар тагдырыма байланышкан деп жогоруда айтып калдың?
– Атам менен апам ажырашып кеткенине байланыштуу тайларымда өстүм. Канчалык көзүңдү карабасын бала үчүн өз ата-энесине жетпейт. Атамды көрбөй чоңойдум. Үч жыл мурун эле атым таанылгандан кийин атам байланышка чыкты. “Кызым” деп баштады сөзүн, жүрөгүм жибип келе жатканда эле “ажырашып кеткенибизге апаң күнөөлүү” деп салды. Апамды күнөөлөгөн адам менен сөздү улантууну туура көргөн жокмун. Эмнеге апам азап-тозокту жалгыз тартып чоңойткондон кийин келип аны күнөөлөдү? Апам эч качан “атаң күнөөлүү” деген эмес. Ата-энем ажырашканда эки бала экенбиз, көрсө, байкем чоң ата-чоң энесинин колунда калыптыр. Кийин ал апамды издеп келди, азыр катташып турабыз. Тилекке каршы, тагдырымды азыр уулум кайталап калды. Атасыз өсүп жатат, таенесинин колунда. Башыма келген бардык нерсени жакшылыкка жоруганга аракет кылам. Эгерде ажырашып кетпегенде ырчы болуп чыкпай калат элем, көкүрөгүм суусаган нерсеге толтура албай калат белем. Мурунку күйөөм дагы ырчы болчу.
– Бойдок, жаш, анан эл көзүндө болсоң кайырмак ыргыткандар көп эле болсо керек?
– Сунуш кылгандар бар. Бирок бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгум келбейт. Мен жакшы көрүп турсам дагы анын балдарын жетим калтыра албайм. Ырларымда тагдырыма байланышкан саптар бар деп жатпаймбы, “Көздөгү сыр” деген ырда таасирдүү саптар бар. Экөөбүз канчалык сүйүшсөк да бирге боло албагандан кийин убара болбойлу деген мааниде.
– Демек, тажрыйбаң болгон экен да...
– Чындыгы бар, үй-бүлөлүү адам сүйүүсүн арнады, бирок мен макул болгон жокмун.
– Бай, улгайган адам менен жаш кыздын сүйүүсүнө терс көз карашта экенсиң да...
– Кээде батирлеп жүргөнчө балам Ысык-Көлдө, мен борбордо сагынышып, кыйналып жашаганча бай адамга турмушка чыгып кылтыңдап жашагым келет. Балам барган сайын “мени алып кетпейсиңби” деп айтат. Жүрөгүм ооруйт, анткени борборго алып келсем той-топур кечинде башталат. Алып келип да көргөм, кыйналып калат экенбиз. Ошентип ойлонуп колунда бар кишиге турмушка чыгып кетсемби дейм. Бирок сүйүүсүз мүмкүн эмес экен. Кечээ жакында Америкадан бир улуу байке келип издетиптир. Бай экен, бир жолу сыйлап чакырганда ырдап берип кетип калгам, эртеси чайга чакырыптыр. Сунушун айтты, бирок кабыл албадым. Мен аны бактылуу кыла албайм, анткени сүйбөйм, анын акчасы болуп туруп мени бактылуу кыла албайт. Андыктан бири-бирибизди бактысыз кылбай эле жөн коёлу дедим.
– Жашоодогу эң чоң ийгилигиң жана жеңилүүң...
– Жеңилүүм – өзүм толук эмес үй-бүлөдө чоңойгонум, уулум да ата-энеси туруп жанында болбой жатканы. Жеңишим – эл сыйлаган ырчы болуп калыптанып баратканым жана акылдуу, сезимтал уулум бар экени, апамдын ден соолугу чың болуп жанымда жүргөнү.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg