ОРОЗБЕК ОПУМБАЕВ: “АТАМБАЕВДИН МАКСАТЫ ТӨҢКӨРҮШ ЖАСОО БОЛЧУ”

13-августта Бишкекте УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМ жетекчилиги Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Анда УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев Атамбаев төңкөрүш жасагысы келген” деп билдирди.

"Атамбаевге кан керек болчу, мындай жол менен ал кийин бийликти күнөөлөмөк. Ал эшигин ачпай койгондо кызматкерлер тосмодон секирип өтүүгө аргасыз болгон. Атамбаев дароо эки коопсуздук кызматкери менен качып кетти. Биз ал үйдүн түзүлүшүн башынан аягына чейин карап чыкканбыз, ал үй эмес эле, өзүнчө бункер. Биздин максатыбыз – Атамбаевди үйүнө киргизбөө болчу, бирок короодо 30га жакын адам кызматкерлерди таш бараңга алып, каршылык көрсөттү. Атамбаевдин үйүнөн 1 жарым миң метр аралыктан атууга мүмкүнчүлүгү бар орусиялык атайын кызматтар колдонгон курал жана 1 миңге жакын ок-дарылар, мындан башка куралдар да алынды. Анын негизги максаты – өлкөдө төңкөрүш жасоо болчу",- деди Опумбаев.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алмазбек Атамбаев 2 жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгонун айтты. “Эки жолку сүйлөшүүдөн соң биз атайын газ колдоно турганыбызды айттык. Ошондон кийин ал колго түшүп берди. Анын жанында Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева жана дагы бир адам бар болчу. Кундуз адегенде “Кашкар байке, биз чыкпайбыз” деди. Мен дагы убакыт бердим, кийин колго түшүрүлдү. Ал мыйзамды сыйлап, убагында суракка барганда мындай окуя болмок эмес”,- деди Жунушалиев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын билдирди. Кой-Таштагы окуялар боюнча ачылган кылмыш иштери президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Айта кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап суракка алып баруу операциясы жүрдү. Анда мурдагы президенттин тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, 1 жоокер каза таап, жүзгө жакын адам түрдүү жаракат алышты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан