«АПРЕЛЬ» ТЕЛЕКАНАЛЫ ЖАБЫЛДЫ

9-август күнү "Апрель" телеканалы жабылды. Буга соттун чечими себеп болгонун телеканалдын кызматкерлери билдиришти. ИИМдин басма сөз кызматы маалыматты ырастады.

"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суракка алынат. Ошондой эле соттун чечимине ылайык, "Форум" имаратынын жана "Апрель" телеканалынын мүлктөрү камакка алынды",- деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Телеканалдын директору Дмитрий Ложников “Апрелдин” мүлкүнүн камакка алынышы телеканал ишин токтотту дегендик эмес дейт. “Бизге көрсөткөн сот чечиминде “телеканал ишин токтотсун” деген жери жок. Андыктан биз, кызматкерлер, азыркы тапта кеңсебизге кирип, ишибизди улантуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз. Бардык тийиштүү документтерди топтоп, жакынкы арада сот органдарына жана ИИМге кайрылабыз",- дейт Ложников.

Ал эми “Адилеттүүлүк үчүн" комитети "Апрель" телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага басым катары баалады. Аталган комитет “Апрель” телеканалына коюлган арест алынсын деп учурда кол чогултууда. Медиа коомчулугу бийликтин "Апрель" телеканалына карата жасаган аракетин сынга алууда. Алар телаканалдын мүлкүн камактан чыгарып, каналдын эфирге чыгуусун талап кылган билдирүүлөрдү жасап жатышат. “Апрель” – өлкөдөгү оппозициялык телеканал.

2017-жылы сот чечимине таянып бийлик оппозициялык "Сентябрь" телеканалын жаптырып салган. Ал атамбаевдик башкаруунун акыркы жылы болчу. Ал эми Жээнбековдун президенттигинин 2-жылында эле оппозициялык канал жаптырылды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан