Бир бүркүм. ОКУУ 2-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ...

  • Быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келгендиктен окуу жылы 2-сентябрда башталат.
  • 11-августта Бишкектин эски аянтында Айт намазы окулду. Бишкек ШИИББи ага 15 миңден ашык жаран катышканын билдирди.
  • Токмок шаарындагы темир жол бекетинде поезд токтоп турган вагондорду сүзүп, 1 адам жабыркады.
  • Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу 14-августтан тарта №9 жана №10 троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулат.
  • Ош облусунун аймагында 13-августта күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жабыркагандар жок.
  • Мамлекеттик салык кызматы: 3 күндүк рейдде Бишкекте салык мыйзамын бузган 19 ишкер аныкталды.
  • 8-августтагы Бишкектеги баш аламандыкта "Коопсуз шаардын" камералары талкаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Вега" компаниясы 4 миллион сом зыян тартты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан