«Жылдын супер балбаны»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Мирбек Иманбеков, ырчы: “АПАМ КҮЧҮКТӨРҮМ, СИЛЕРДИ ЖАКШЫ КӨРӨМ ДЕП КОШТОШУП КЕТЕ БЕРДИ”

№876 15-21-август, 2019


Гезитибиздин өткөн санында жазуучу Султан Раев “апам дүйнөдөн кайтканда балалыгым менен коштоштум” деп апасын эскерген. Бүгүнкү каарманым да бир аз убакыт мурун апасын жоготуп, жарасы айыкпай турган маалы. Бул жолу ырчы Мирбек Иманбеков апасын эскерет.

“АПАМ БИЗГЕ ЫРААЗЫ БОЛДУ БЕКЕН?..”

– Апамдын азан чакырып коюлган аты Мырзабүбү, бирок эл аны Канчайым деп таанышат. Көзү тирүүсүндө эмнеге аты Канчайым болуп калганын сурабаптырмын.

Апам 69 жашында бизди таштап кетти. Байкушум 70 жашына бир жума калганда каза болду. Эне эч качан унутулбайт деп ойлойм, өмүр бою жүрөгүмдө жашайт. Апамды жоготконубуз мен үчүн аябай сокку болду, оор кабыл алдым. Мүнөзү аябай токтоо эле, бирок көп күлүп, кубанар эле. Уккан-көргөнүмдү, күлкүлүү окуяларды айтып берсем, аябай каткырып күлүп калчу. Күлгөн учурунда жашарып кеткендей сезилчү. Бардык мээримин, акылын, жашоосун балдарына арнады. Апам 11 баланы төрөдү, баарын тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай багып өз жолуна салды. Ага баарыбыз ыраазыбыз, бирок менде дайым суроо тура берет. “Апам бизге ыраазы болду бекен, биз анын ишенимин актаган, жакшы бала болдук бекен?..” деп өзүмдөн көп сурайм. Эми аны тиги дүйнөгө кеткенден кийин сурай албайт турбайбызбы. Аябай эмгекчил эле, сабырдуу, чыдамкай болчу. Өзү арык, бирок мен үчүн апам чече албаган маселе жоктой сезилчү. Өтө күчтүү аял эле.

Мен апамдын 10-баласымын. Мен төрөлгөндө Баатыр эне наамын алган экен. Балдардын кичүүсү болгон үчүн мени атам экөө тең катуу эркелетишти. Экөөнүн тең бир да жолу колу тийген эмес, урушчу эле, бирок чеги менен. Мындай бонус мага, анан карындашым Айгүлгө эле болду окшойт. Жашы өтүп калган үчүнбү, бизди эркелетип көзүбүзгө карап чоңойтушту. Чоңойгонго чейин ата-энемдин коюнунда жаттык. Ушу жашка чейин эл арасында жүрүп, аркы-беркини байкап калдым десем болот. Бирок өмүрүмдө энемдикиндей мүнөздү эч кимден кезиктирген жокмун. Кээ бир аялдар кыйкырып-өкүрүп бетпактык кылып өз маселесин чечип алышат го. Энем бир да жолу үнүн катуу чыгарып бирөө менен урушканын көрбөдүм. Мен эле эмес, эч ким көрбөсө керек. Кандай учур болсо да, асман кулап келе жатса да үнүн өзгөртпөй туруп маселени чечип койчу. Бирөө таш менен урса, аш менен уруп, жамандык каалап жатканын билсе да жакшылык кылып жеңип койгон мүнөзү бар эле.

“КОНОК ТОСКОНДУ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

– Үйгө мейман келгенин жакшы көрчү. Жайдары ачык кабак менен болгонун жайнатып тосуп алчу. Келген конок да ыраазы болуп кабагына тоюп эле кетчү. Апамдын бардык тамактары жакчу. Таласта күлчөтай дайым “трендде” эмеспи. Ушу тамакты өзгөчө дитин берип сонун жасачу. Наны сонун эле. Казанга алдына чок таштап коюп көмкөргөн нандар болот го. Апам ошондой жасачу, көмкөрмөнүн бурчтарына кичине кылып ашкан камырдан коюп койчу. Эмнегедир ошол кичине нанды, гүлчөнү баарыбыз талашып жечүбүз. Карындашым экөөбүзгө сөзсүз түрдө ошол биз жакшы көргөн нанды “башкалар жебесе да ушул экөө жесин” деп туруп катып койчу. Баса, апам унутчаак болчу, конокко бара турган болсо эле шашкалактап калчу. Жолго чыгарда бир нерсесин унутуп калып, жолдон кайтып келчү, кээде атам байкап калып бизге “жүгүр, апаң унутуп кетти, жеткир” деп берип жиберет эле. Чуркап баратсаң апам келе жаткан болот. Азыр жаш кезиндеги сүрөттөрүн карап отуруп аябай сулуу болгонун байкайм. Ар бир бала үчүн эле энеси сулуу көрүнөт болуш керек, бирок мен апамдай сулуу аял көрбөдүм.

“АПАМ ЖҮГҮРҮП ЖҮРҮП ЭЛЕ КЕТИП КАЛДЫ”

– Мени апам эч жазалачу эмес. Бирок агаларымды, эжелеримди жакшы эле жазалаптыр. Болгондо да жыгылып келип бир жерин тытып алган болсо, дал ошол жерине уруп койчу экен. Эне да, тытылган жерин көрүп жини келсе керек, “мен сага антпе деп айтпадым беле, жүз жолу айтсам укпайсың, алып кел ошол ооруган жериңди” деп дал ошол жерин урчу экен (күлүп). Мен туура эмес иш кылсам урушуп гана койчу. Бирок аны урушту деп деле айта албайсың. Байкушум, урушканды деле билчү эмес, кейип койчу. Анан кайра-кайра какшай бербей, бир эле жолу айтчу, кылбай койсоң кейип калчу, кейигенин да ичине сактачу. Азыр оорулары да баарын ичине сактаган үчүн пайда болдубу деп ойлоп калам. Апам өзү көп деле ооруган эмес, ашып кетсе тумоолочу. Анча-мынча келиндерге караганда апам тың кыймылдап чуркап эле жүрчү. Эч ким минтип ооруп калат деп ойлогон эмес.

Рак оорусу көп жыл организмде сакталып, эч белгилери жок эле убагы келгенде алып түшөт экен. Апам өзү деле рак экенин билген эмес экен. Кадимки эле жөтөл деп 10-15 күн жүрдү. Кургак жөтөл токтобой койгондо “апа, жүрчү” деп ооруканага алып бардык. Текшерилип, анан билинди. 9 ай бул оору менен күрөштү. Анда деле жакшы жүрдү, бирок оору жеңип кетти. Көрсө, биз текшерилген учурда эле күчөп кетиптир, айыкпайт дешкен эле. Ошентсе да колдон келген бардык аракетти кылдык, көрсөтө турган жердин баарына көрсөттүк. Бирок даба таба албадык. Апам кетеринде бардык балдарын, неберелерин чогултту. Баарыбызды кучактап өөп, небере-чөбүрөсүнө чейин бетинен өөп, жакшы сөздөрүн айтты. “Бир-бириңерди карап жүргүлө, жөлөк-таяк болгула. Мен силерди баарыңарды жакшы көрөм, күчүктөрүм” деди.

Апама көп эле нерсе кылгым келген, кылдым дагы. Оюмда көп нерсе бар эле. 70 жаш юбилейин өткөрөм деп жүргөм. Төрүмдө отуруп эле берсе кана?!

Балдарынын ар кимисинин өз жашоосу бар эмеспи, өкүнгөнүм, атам жалгыз калды. Бирок атам оор басырыктуу, акылы курч, кайраттуу адам. Канчалык кыйналса да, бизди чөгүп кетпесин, кайгыга алдырбасын дейт окшойт, сыр билдирбейт. Апам көрбөгөн нерсени эми атам көрсө экен деп тилейм. Баарын таштап айылга келгенимдин себеби да ата-энем болчу. Ушулардын көзү тирүүсүндө жеткиликтүү сыйлап калайын дегем. Азыр атамдын жанында болгонум үчүн сүйүнөм.

Акыйкатта сенин жамандыгыңа, жакшылыгыңа же жөн эле тирүүлүгүңө ыраазы болгон, баарына түткөн эне экен. Тынчтыктын, жакшылыктын башаты эне экен. Дүйнөдөгү энелердин баарына ден соолук каалайм. Энелер оорубасын. Кимдин энесинин көзү тирүү болсо, муну айткым келет. Жашоо кыска экен, “аны кылам, муну кылам” деп өз кызыкчылык менен жүрүп эң кымбат адамыбызга жеткиликтүү көңүл бура албай калат экенбиз. Колуңда турганда, жаныңда болгонунда сүйүнтүп калыш керек экен. Энеңиз чакырып жатса бүгүн барыңыз, балким, сагынып жаткандыр. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



Мирбек Иманбеков: “Апам күчүктөрүм, силерди жакшы көрөм деп кете берди”

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
19.08.2019. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
716
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 10:32
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куду эле менин апам жонкндо жазылгандай экен. Апам жонундо окугандай эле болдум. Ал дагы 70жашында рак оорусунан Каза болду эле. Билинбей журуп эле 3-4стадиясы болуп калыптыр рактын.
19.08.2019. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
995
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
22-11-2019 07:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+7
РАК- деген оору кайдан чыкты?
Апасы менин апамдан бир жашка чон экег,менин апамда сиздин апаныздай болуп бир жугуруп журуп,бир жума төшөктө жатып эле кетип калды.
Апамдын жоктугу мен үчүн жалган!!! Айылга барсам алдымдан күтүп чыга тургандай сезилет,сагынып кээде зв кылып сүйлөшкүм келет.
20.08.2019. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
995
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
22-11-2019 07:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+2
Pandora,Адаштым менин апамдан 10жашка чоң экен эле,эгерде менин апам 69 кирип өткөндө арманым жок эле.
19.08.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
22-11-2019 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жп-ап жаш экен го энеси 70 ке чыкса да, арты кайрылуу болсун. Менин мамам да жотолгону жарым жылдан ашты такыр болницага корунбой койду айтсак эле уруша кетет аллергия бул деп, журогум тушуп кетти кантип кондуруш керек болницага корун деп. жаман оорунун бетин аары кылсын.
19.08.2019. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
11-11-2019 11:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Энелер оорубасын торубуздо журо берсин ...окунучтуу 70 жаш деген жаш да жаткан жери бейиштен болсун ин ша Аллах
19.08.2019. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
716
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 10:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыбыз апаларыбызды эстеп алдык окшойт Бир сыйра
21.08.2019. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
20-11-2019 23:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат экен айылга ата-эне үчүн барса,Кудайым тилегиңди берсин!!!
21.08.2019. 15:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
19-09-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун оомин
21.08.2019. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
19-11-2019 20:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+1
Эненин ордун эч ким толуктай албвйт.
22.08.2019. 11:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
21-11-2019 14:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
0
Жаткан жери жайлуу болсун! Чын эле сулуу экен апаныз! Жаны жаннатта болсун!
24.08.2019. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 09:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апаныз сулуу,жылдыздуу адам экен,балдарына,озгочо Мирбекке ыраазы эле болуп кетти болуш керек,азыр айылга барып ата-энесин баккан балдар аз,анын устуно Мирбек белгилуу ырчы болуп,атасынын атын чыгарып,апасын кубантып журду да...
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун апанын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: