Концертте, тойдо, кандай иш-чара болбосун берилип ырдап, өзүнүн “фирменный” бийи менен элдин маанайын көтөргөн Бактияр Токторов бул жолу гезитибиздин апта каарманы. Фотосессия, маек учурунда каарманымдын жөнөкөйлүгү, чыгармачылыгына абдан сый мамиле жасагандыгы көңүлүмдү бурду.
– Кандайсыз, Бактияр байке? Кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Жакшымын, буюрса. 20 жылдан бери чыгара албай жүргөн “Дос-душман” деген ырыма клип тартып, монтаждап жатабыз. Жакында болгон окуялардан кийин эл бул ырды жакшы түшүнсө керек. Мен дос башка, душман башка адам деп ойлоп жүрчүмүн. Көрсө, бир эле киши дос да, душман да боло алат экен. Сени тааныбаган киши душманың боло албайт. Кудай сактасын, эң жакын деген сүйгөн жарың, балдарыңдын апасы менен ажырашып кетсең, ал деле душманың болуп калышы мүмкүн.
– Сиздин жашооңузда дагы дос-душмандар барбы?
– Толтура. Канча досум бар эле... Алыкул Осмонов деле “турмушта канча жолдош күтсөм дагы, бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун” деп Ысык-Көл тууралуу жазып жатпайбы. Ал деле ооруганда жалгыз калган да. Ошондуктан Кудай баарыбызга ден соолук берсин. Эч кимге, жубайыбызга, бала-чакабызга деле көз каранды кылбасын. Чуркап, күлүп жүрүп эле кетип калалы. Менде азыр сырды эч кимге айтпаш керек экен деген принцип пайда болгон.
– Катуу күйгөнсүз го...
– Мен эле эмес, башкалар деле күйүп жатпайбы. Мындай нерсе баарынын жашоосунда бар.
– “Ыйлай-ыйлай” аттуу ырыңыз элге аябай жакшы сиңди. Дагы ошондой модадан калбай турган ыр жаратыш үчүн эмне кылышыңыз керек?
– Ал ырды башында 5-6 жыл эч ким уккан эмес. “Жакшы эле ырларың бар. Муну эмне кыласың?” дешчү. Азыр минтип жакшы тарап кетпедиби. Элге кайсы ыр кандай алынарын билбейт экенсиң. Биз бардык темада ыр жазып бүттүк. Болгон, боло турган, болуп жаткан сүйүүлөр, жаш балдар, ата, апа, Кыргызстан, саясат жана башка тууралуу ырдадык. Азыр, чындыгында, кандай ыр чыгарыш керек экенин билбей жатам.
– Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 70 жаш юбилейине ырдоо үчүн чакыруу алып, бирок баш тартканыңызды угуп калдык.
– Жок, мени чакырган жок. Чакырса бармакмын да. Бакиев президент болуп турган кезде деле ал кишинин эч бир иш-чарасына катышкан эмесмин.
– Тойлордо эң арзан жана эң кымбат канчага ырдайсыз? Соодалашасызбы?
– Биз Советтер союзунун кишилерибиз да. Мурда тыйын сурай албай, баштыкты уялып араң алчубуз. Азыр ар бирибиз өз эмгегибизди баалаганды үйрөндүк. Соодалашам. Кээде 3 ырды 2-3 миң сомго ырдасам, кээде 2-3 миң долларга ырдайм.
– Шайлоолордо үгүт кампанияларында 10 миң долларга ырдайт экенсиздер, ээ?
– Ооба. Андай бербесе, чыкпайбыз. Бир ай самсаалап ошол жерде жүрөбүз да. Ал сумма да аз болот.
– Андайда саясий көз караштардын дал келүүсүнө маани бересиздерби?
– Депутат, президент болом дегендердин ниети жакшы. Ниети жакшы болбосо да, сүйлөгөн сөзү жакшы, “эл үчүн кызмат кылам” дешет. Анан биз “сенин сөзүң анча окшошпой жатат” дебейбиз да. Бизге тыйын-тыпыр берсе эле болду, ырдай беребиз. Көп артисттер алынбай да калат. “Мени да айтып койчу, кошулуп ырдай калайын. Мынча берсе деле боло берет” дешет. Алар чакырбаса деле оокатыбыз өтөт. Бирок чакырса бара беребиз.
– Сынды кандай кабыл аласыз?
– Ар кандай кабыл алам. Айрым учурда чыдабай “ишиң болбосун” деп айткым келет. Айта албайм да. “Туура, сеники туура” деп коём.
– Кечээ эле чыгып, Эмгек сиңирген артист наамын алышып, даражасы сиз менен тең болуп калган ырчылар бар. Капа эмессизби?
– Наамды маданият тармагында өмүрүн өткөрүп, айлыкка иштегендерге берсе туура болмок деп ойлойм. Мен көчөдөгү эле ырчымын да. Эмгек сиңирген артист наамы үчүн өзүм уялып жүрөм. Мага эмнеге бул наамды берип коюшканын деле билбейм. Же КСДП саясий партиясынын үгүт иштеринде ырдады деп берип салыштыбы (күлүп). Бирок чын эле наам алып, өскүң келсе, өкмөттүн жанында жүрүш керек экен. Оппозицияда жүрсөң, койдун коргоолу да жок жүрө бересиң.
Кээде мен деле элге кызмат кылдым да, туура эле беришти го деп ойлоп коём. Наам биз өтүп кеткенде небере-чөбөрөң “менин чоң атам Эмгек сиңирген артист болгон” деп айтып жүргөнүнө жакшы.
– Жеке жашооңузга келсек. Уулдуу болгондо аябай сүйүндүңүз эле. Чоңоюп калдыбы?
– Уулум мага окшош. Ырдап калат, “слуху” бар. Бир ирет Юрий Шатунов “И снова седая ночь. И только ей доверяю я” деп ырдап жатса, мага “ата, сенин “Буй-буйуңа” окшош экен" деп коёт. Апасы экөөбүз таң калдык. Аны көптөр байкабайт. Бирок “Седая ночь” деген ырдын кайырмасы “Буй-буйдун” өзүндөй.
– Балдарды жакшы көрөрүңүз байкалат. Биринчи никеңиздеги кызыңыз менен катташпаганыңызга жүрөгүңүз ооруйбу?
– Убакыт улгайтар кылымды,
Бой жетип, чоңоюп өсөрсүң.
Ошондо чырмалган чындыкты,
Сен өзүң чечмелеп көрөрсүң.
Жыл өтүп баратат санааны,
Жытына зар болуп баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым...
Ушундай ыр жазгам. Чакырбаган жерге сүрүлүп кирип барган туура эмес. Бирок көп баргам. Киргизбей коюшкан. Бул тагдыр. Күнөө тигиден, менден же дагы башка бирөөдөн кетти деп айтуу да туура эмес. Колдон келсе, баарын сактап калса болот. Бирок биз сактап кала албадык. Кызым чоңоюп, турмушка чыга турган болуп калды. Эки адам көрүшөт. Баары бир бир күнү жолугабыз. Жүрөгүм өйүйт, бассам-турсам оюмда дей берген да болбойт. Кээде унутуп деле калам. Ал деле унутуп калса керек. Катышабыз, буюрса. Сааты чыкпай жатса керек.
– Бактылуулук сиз үчүн эмне?
– Ал жүрөктөгү тынчтык. Ал тынчтык болбосо, акчаң көп болсо да, мультимиллионер болсоң да бактылуу боло албайсың. Ар бир көз ирмемге бактылуу болуп жашаш керек. Достор менен отуруп бир күлүп коюунун өзү деле бакыт. Анан биз бактылуу болот элек деп аны башка жактардан издеп жүрө беребиз. Бакытты сезе алсаң оорубайсың дагы.
– Сокулуктан көчүп кетиптирсиз...
– Ооба, Бишкекке көчүп келдик. Айылдагы үйдү, малды карай алган жокмун. Уялып эле качып келдим. Койлорумду чупакабра, андан артканын өзүбүз жедик. Азыр үйүбүздө хомяк (ред.: эгинге, данга зыян келтирүүчү чычкандын бир түрү) бар. Ошону карап жүрөбүз.
– Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg