ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 19-АВГУСТТАН 25-АВГУСТКА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Үйдү оңдоп-түзөөнүн дизайн-долбоорун түзүүгө, гардеробду жаңыртууга ылайыктуу апта. Сизге көз салгандар көп болот, убактылуу роман куруудан сактаныңыз. Каражаттын өлчөмү көбөйө баштайт. Оорусу козголгондор эмчи-домчуларга эмес, врачтарга кайрылуулары зарыл.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кошумча ишти моюнга жүктөп алуунун кереги жок. Аракетиңизди жетекчилик баалабайт, бөөдө эле чарчайсыз. Жан шеригинин мамилесине нааразы болуп жүргөндөр ылайыктуу учурду таап сүйлөшүүлөрү кажет. Өндүрүштүк жаракат алуу күчөйт, андыктан иште эрежелерди сактоо керек.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кызыктуу сунуш түшөт, баш тартпоо керек. Үй-бүлөлүк капчыктагы акчаны чачпаңыз. Балдардын маселесин туура чечпесеңиз ызы-чуу чыгат. Ийгиликке жетишүү үчүн бетке айтып салмай адатыңызды тизгиндеңиз. Бактыңызга тоскоолдук келтирчү адамдын айынан стресске кабылууңуз мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жеке кызыкчылыкты көздөгөн максатыңыз өзүн актап, көбүрөөк акча таба баштайсыз. Чөйрөдөгү адамдар туура эмес кылык-жоругу менен жиниңизге тийишет. Кыска сапарга чыгып, жаңы эмоцияларга байыйсыз. Хоббиси сиздикине дал келген досуңуз менен чогуу убакыт өткөрөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Сүйүү жаатындагы маселелерди ички туюмга таянып чечүү оң. Ашыкча кара күчтү талап кылган жумуштарды жасоодон зыян тартышыңыз мүмкүн. Каржылык тартыштык жаралып тааныштардан карыз аласыз. Карьерадан өсөм дегендер ар тараптан жетекчиликке көрүнүүлөрү зарыл.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бойдоктор сүйлөшүп жүргөн адамдарынын экинчи жүзүн көрүшөт. Андыктан мамилени улантуу же токтотуу тууралуу ойлонушат. Акчаны чачпай келечек иштер үчүн топтоо – акылдуулук. Кыйындыгыңызды көрсөтүп, үй-бүлө мүчөлөрүн кысымга албаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жылдыздар жаман адаттардан арылып, жаңы жашоо баштоону сунушташат. Үйдө жана иште майда маселелер чыгат. Чөйрөдөгүлөрдү угуп, эгер алардыкы туура эмес болсо гана талашыңыз. Кайсы бир иштер боюнча юристке же адвокатка жолугууңуз мүмкүн. Күтүлбөгөн жерден конок келет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жумушта иштер көп болуп, үйдөгү маселелерди чечүүгө жетишпей кыйналасыз. Тааныштардын ичинен сиз баалаган адам материалдык колдоо көрсөтүшү мүмкүн. Бойдоктор көңүл ачуучу иш-чарага катышып, жаңы адамдар менен таанышышат. Туугандар менен жакшылыкта бирге болушуңуз ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кимдир бирөөлөр досунун сатып кеткенинен көңүлү калса, кимдир бирөө туура эмес роман түзүп алганын аңдап, кайгырат. Жумуш ордуңузду алмаштыргыңыз келбесе, жетекчилик менен чырдашпаңыз, интригага катышпаңыз. Сагынган туугандарыңызга барып келүүңүз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Туугандардын бири жашыруун сырды айтып, ошонун айынан жакын адамыңызга мамилеңиз кескин өзгөрөт. Сынга кабылбоо үчүн иште амбицияңызды басаңдатыңыз. Көп акча табуу аракетиңиз ишке ашпайт, андыктан окуялардын агымы менен болгон оң. Үйдө түйшүктөрүңүз көбөйөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Таарынган адамыңыз менен элдешесиз. Ууланып калбоо үчүн бир жакка чыкканда күмөн санаган тамак-аштан баш тартыңыз. Муун оорусу барлар дарылануулары мүмкүн. Артында кейип калбоо үчүн буюм алганда сапатына көңүл буруңуз. Конокко чакыруу келүүсү ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жеке бизнесиңиз же карьералык ийгилигиңиз көз каранды болгон адамга кежирликти көрсөтпөңүз. Тескерисинче, жакшы мамилени улантыңыз. Куулукка салсаңыз иштен өзүңүзгө пайда арттырасыз. Дем алыш күнү достор менен бир иш-чараны уюштурасыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 19-25-августка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан