АСЕМА: “САЛОН ЖАЙГАШКАН ИМАРАТТЫН ЭЭСИ МЕНЕН СОТТОШОБУЗ”

Өткөн сандарыбызда актриса, ырчы Асеманын сулуулук салону өрттөнүп кеткени тууралуу жазганбыз. Андан бери бир топ убакыт өтсө да имараттын кожоюндары жоопкерчиликтен качып, чыгымдарды төлөбөй жатышканын айтат ырчы. Өрттүн чуусу менен жүргөн Асеманын боюнан козголуп, ооруканага түштү.

– Асема, ооруканага түшүп калыптырсың. Абалың жакшыбы?

– Рахмат, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлү менен акырындап калыбыма келип жатам. Сулуулук салонум өрттөнгөндөн бери териштирүү иштери менен жүрүп, боюмдан козголуп калды. Буга чейин да бир ирет ошондой болгон. Бир аз эс алсам жакшы болуп калармын деп ойлогом. Бирок болбой эле ойлоно берет экенсиң. Өрттөн улам биз 2 миллион сомго жакын чыгаша тарттык. Кызматкерлердин каражаттары күйүп кетти, аны кайтарыш керек. Имаратты ижарага берген киши болсо жоопкерчиликтен качып жатат. Айтор, ушул нерсенин баарын ойлонуп отуруп экинчи ирет боюмдан козголуп жатат. Бул жолкусунда оор абалда ооруканага түштүм.

– Эртерээк сакайып кет. Өрт болгон имараттын ээси жоопкериликтен качып жатат деп калдың. Алар менен келишим түзүлгөн беле?

– Биз имараттын кенендигине (100 чарчы метр), шыбынын бийиктигине кызыкканбыз. Албетте, кожоюндары менен келишим түзөлү деп жакшы эле аракет кылдык. Бирок алар көпкө созуп жүрүп алышты. Ошондуктан адамдык сапатка ишенип, тил кат гана жаздырып алганбыз. Имараттын ээси биздин тааныштын өкүл баласы болуп чыкты. Абдан интеллигенттүү үй-бүлө экен. Эмнеге азыр минтип жатышат, түшүнбөй жатабыз.

Өрт чыккандан кийин аларды 10 күндөй күттүк. 10-күн дегенде байланышка чыгышты. Жолугуп, сүйлөштүк, бирок бир пикирге келе алган жокпуз.

Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттүн келип чыгыш себептери боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгы даяр болду. Алар “өрт ресторан жактан чыккан” деп жыйынтык чыгарып беришти. Бирок кожоюндары “бул кырсык, силер да, биз да чыгаша болдук” деп кеткен чыгымды төлөөдөн качып жатышат.

– Имаратты ижарага алганда мындай жагдайларды чечишкен эмес белеңер?

– Туура, алдын ала баарын текшерип, коопсуздук жактарын талап кылышыбыз керек эле. Бирок бул маселе да толук чечиле элек болчу. Көрсө, былтыр да ошол жерден электр зымдарынын чыңалуусу болгон экен. Мындай нерсени жашырбай, бизге ижарага берип жатканда бир ооз айтып коюшкан жок да. Биз билген эмеспиз. Быйыл да так ошол жерден маселе чыгыптыр. “Ушундай маселе бар экенин эмне үчүн бизге эскерткен жоксуздар?” десек, “билген жокпуз” дешти.

Эми бизде жалгыз эле имараттын ээси менен соттошуу жолу калды. Азыр юридикалык компания, адвокаттар менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, документтерди чогултуп, андан кийин мыйзам чегинде ишти улантабыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
meni_kut
2019-08-19 09:26:27
Жакында гана чыкты эле го,ошондо толук интервью алсанар болмок экен.Супер инфо азыркы ырчылардын жанылыгын эмне жеп ичкенинен бери инстадан кабардар болуп турабыз ансыз деле.Сиздер инстага кирбеген улуу муундардан кобуроок интервью алыныздарчы..К.Кутуевди каза болду деп жатышат чын тогунун билип бериниздерчи.Рахмат.
+7
Aiymkunumjyldyzym
2019-08-19 12:59:38
meni_kut,кургак учук менен ооруп жатат.бизден качып такыр жолукпай жатат жеп кайсы ырчы маек берди эле?
0
Aikan1966
2019-08-19 09:36:53
Ал орт кокустан болду,арендага берген адамдарга деле кыйын болуп жатат,башка тушкон бул сыноо ар бир адамда бар,алла талаанын суйгон пендеси бол,сага эч нерсе болбойт.Дагы деле кеч эмес адамдардын назаарынан калба,соттошпо,акча табылат,кобуроок эмгектен,эсен аман тороп ал,чыгармачылык ийгилик каалап кетем.
+11
Aimani
2019-08-19 15:55:11
Ээси эмнеге төлөш керек. Бул кырсык да дегени туура эле. Ошондуктан страховка кылыш керек эле. Тем более договор жок болсо соттон деле утпайсын болуш керек. Чыгаша чыкпаса киреше кирбейт деп эле кабыл алыш керек
+6
katerina.li
2019-08-19 18:46:37
Откондо эле эч кимге доом жок дегендей суйлоп атат элего
+4
Nevestkaa
2019-08-19 20:47:02
Элге айтса эле эл төлөп бермек беле?Негизгиси алтын башым аман болсо мындай салондун далайын табам деп койгула все.
+1
bema_bema
2019-08-20 06:18:30
Тообо ээси озунун менчик нерсесин атайлап ортомок беле,кырсыкда бул нерсе.Алар деле ичи ачышып аткандыр.Бозсалкынды аткарган ролунда жакшыкорот элем токтоо деп.Акыркы кундору жыланачтанып эле, Сиезбек Искеналиев жигитим болчу анан Эрим тартып алган деп интервью бериптир экоо тен семялуу болгондо уятда кайын журту укса деле шармандаго
+3
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан