ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК: “МЕНИ УРУП, ТЕПКЕН ВИДЕО ТУРСА ДА, СОТ МУРУНКУ КҮЙӨӨМДҮ АКТАДЫ”

Эсиңиздерде болсо, жылдын башында, тагыраагы, 8-февралда өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошунун үйүнө балдарын алганы барып, мурунку жолдошу тарабынан токмок жеп, тепкиге алынган эле. “Ажырашканга чейин көп жыл бою ушундай кордукта жашап жүргөм” деген Гүлзат айым сабаганы үчүн мурунку жолдошунун үстүнөн Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Жакында райондук соттун чечими чыкты, Гүлзат Мамытбек ага макул эместигин айтат.

– Медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Мени уруп, тепкен видео турса да райондук сот мурунку жолдошумду актап, ишти анын пайдасына чечип койду. Сокулук РИИБинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Абдан адилеттүү, адамгерчиликтүү жигиттер иштешет экен. Райондук сот “өзүң барып бутун кармап алып тептиң. Тырмагыңды дарбазаны ургулап жатып өзүң сындыргансың” дейт. “Видеодо урган, тепкендери турат, күбөм да турат” десем, “биз ошондой жыйынтык чыгардык” дейт. Мен алардын чечимине макул болбой, Чүй ОИИББине кайра арыз менен кайрылдым. Буюрса, соттон утсам, мурунку жолдошум кылган жоругу үчүн мага 60 миң сомго жакын акча төлөп берет,- дейт Гүлзат Мамытбек.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Avrora2017
2019-08-19 12:03:33
Молодец Гульзат кайра кайра сотко берип мурдунун суусун агыз, экинчи аялга колу буту которгулгус болот , Гульзаттан пример алгыла кыздар чекенерге чертирбегиле
+8
vikidiki
2019-08-19 12:57:58
Ошол 60мин сом кайра сотко эле антет да.Андан кобуроок эле толоттуруп алыш керек андай. акмактан.
+8
vikidiki
2019-08-19 21:38:46
vikidiki, Ой Эме тиги т9 деген балээ уят кылды го кишини. 60000сом сотко эле кетет .
+1
lightning57
2019-08-19 14:28:07
Куноо бир тараптуу болбойт го!?
+3
Sagyn.91
2019-08-19 14:54:56
Күйөөсү балдарын карап жатканда бул каякта эле?
Чоңойтуп койгон соң эшигине келип догурунса любой эркектин жини келет.

Күнөө бир тарапта эмес, күнөө экөөсүнөн тең кеткен...
+6
sirenaaaaa
2019-08-19 15:13:16
Сокулуктун сорту аман эле болсун. Оздорунун башына тушсо экен ушундай иштер. Мен 4жылдан бери куурадым. Меники жер боюнча. Бизде акыйкаттык жок.
+6
Mister-X
2019-08-19 23:01:19

Балдарын таштап,башка улутка тийип жатса,оозунан, ,ак ит кирип,кара ит"чыгып жатса,куйоосуну тынч балдары менен жашап жатса,келип тынчтык бербесе...Эмне эркек темирден жаралыптырбы?Куйоосу дагы сабырдуу экен,коп эркектер мындан да жаман кылмак.
Гулзат,мындай пейили менен эч качан бактылуу болуп жашай албайт.Куйоосу достойный жигит экен.Корунуп турат.Акылдуу аялдарга ошондой жигиттер туш келсе,бактылуу болуп жашамак.Мен куйоосун видеодон эле кордум,тузук эле жигит экен.
+3
Avrora2017
2019-08-20 02:56:19
Mister-X,аферист Гульзаттын уйун озуно каттатып алган ал шумпай
+3
meni_kut
2019-08-20 09:23:18
Mister-X,Достойный эркек катынды теппейт,ал да эне
0
meni_kut
2019-08-20 09:27:00
Жаман болсо да уч баланы торрптур,могу жердеги эркектерге кенешим аялынар толготкондо торогучо жанына киргиле колдоп,ошондо билесинер жаман аялдын баркын.Корбосон оной эле тороп келгендей болуп,сыйлабай кол которгондор коп болот
+3
nurhan2702
2019-08-25 19:22:59
meni_kut,родзалга кирсе деле кок мээ эркек тушунбойт
-3
Kgda
2019-08-20 14:46:50
Женшина друг человека деген макал бар. Ошондуктан аял кишиге эч качан кол котобогуло. Алдаса жылан ийинден чыгат деп койот. Алдап койгул сен жакшы сенден кору ит жакшы деп. Мактап койгула сулуусунго чиркин деп ичинен сага караганда мышыгым сулуу деп))).
0
oshondoiraak
2019-08-21 12:49:54
Хуан не болду жомогунар буттубу ерге тийгенден кийин токтоткула да эми
+2
bond02
2019-08-22 09:37:03
Ырас кылат куйоосу, мындай катынды теппей анан бешенесинен сылаш керекпи.
0
aikokul14
2019-08-22 10:08:19
Мейли,күнөө Гүлзатта болсун...бирок уруп,тепкенге эч кимдин,эч кандай акысы жок.
Кээ бир экектер аялын сатып алган кулундай эле көрөт,аял жакшы сөзгө,жакшы мамилеге МУКТАЖ.
0
katerina.li
2019-08-24 19:08:34
Муж и жена одна сатана
0
ZHaziko
2019-08-28 11:39:52
Да. Азыркы соттор кутуруштуда!80 мин сом айлык алышат. Шабашка деген бар, булар киши тааныбайт. Эркек сот окшойт. Эркектик солидарность кылып койгондой.
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан