Ырчы Чолпон Талипбектин көрүүсү начар болгондуктан көп жылдан бери көзүнө линза тагынып жүрчү. Акыркы кезде линзадан көзү кыйналып баштаганда операция жасатууну чечкен.
– Кичине кезимден китепти көп окучумун. Болгондо да жатып алып же караңгыда окуп, көрүүмдү бузуп алгам. Көрүүм -5 көрсөткүчүнө жетип калганда линза тагына баштадым. Акыркы кезде линзадан көзүм кычышып, ыңгайсыздык жаралып баштады. Ошондуктан көрүүнү жакшыртуунун заманбап жолдорун жарым жылдай изилдеп жүрдүм. Акыры дүйнөдө көп колдонулган лазердик түзөөгө токтолдум. Мындай түзөө Кыргыз өлкөсүндө жок болгондуктан, Нур-Султан шаарына барып жасаттым. Бир күндөн кийин адистер текшергенде көрүүм 100 пайызга калыбына келиптир. Азыр бир азга тыныгуу алып, операциядан кийин калыпка келтирүүчү тамчылатма дарыларды колдонуп жатам. Операциядан кийин адамдардын жүзүн, эмоцияларын, алыста турган нерселердин баарын даана көрүп баштадым,- дейт кубанган Чолпон.