КЫРГЫЗ РЕЖИССЁРУ “КИНОШОК” ФЕСТИВАЛЫНДА КАЛЫС БОЛОТ

Белгилүү режиссёр Таалайбек Кулмендеев 1-8-сентябрь күндөрү Орусиянын Анапа шаарында өтө турган “Киношок” кинофестивалына калыстык кылат. Бул кабарды режиссёр ырастап, кошумча маалыматтарды айтты.

– “Киношок” фестивалы КМШ өлкөлөрүнүн чөлкөмүндөгү престиждүү фестиваль болуп эсептелет. Былтыр “Мунабия” тасмабыз аталган фестивалдан баш байгени жана "Мыкты сценарий" наамын алган. Мени былтыркы жеңүүчү катары быйыл калыстардын катарына кошушуптур. Албетте, бул мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Мага чейин “Киношок” фестивалына белгилүү режиссёрлор Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров барып, калыстык кылып келишкен.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан