КЛАРА АЛИБЕКОВАНЫН УУЛУ ЫРЧЫ БОЛОБУ?

Ырчылар Клара Алибекова менен Байыш Момуновдун уулу Байэл ырдайм деп камынып жүргөнүн уктук. Бирок Клара Алибекова уулунун чыгармачылыкты эмес, башка жолду тандашын каалайм дейт.

– Балам ырдап калчу, бирок ырчылыкка аябай кызыгарын жакында гана билдим. Жаныш агасына “менин ырдагым келет, жаңы ыр жаздырып бериңизчи” деп барыптыр. Агасы колдоп, жаздырып бермекчи болуптур. Бул маалыматты укканда “эмнеге биринчи мага айткан жоксуң” деп уулума капа болдум. Атасы телефон чалып, “Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшыртат окшойбуз” дейт. Бирок мен уулумдун башка кесипти тандашын каалайт элем. Агасы бир ыр жаздырып берип көрсүн, дагы байкайбыз да. Чынында уулумду азырынча чыгармачылыкка аралаштыруу планымда жок.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
meni_kut
2019-08-19 09:20:35
Эки таланттуунун баласы да таланттуу болот да.
+2
asdef
2019-08-19 11:35:06
Алма шактан алыс тушпойт
+3
aiza.kyrgyzkyz
2019-08-20 07:57:08
Клара, тушунуктуу аял экенсин баланды ата журту менен катташтыр. Балага ата агалары дайыма обок жолок болот.
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан