ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО ГЕНРИ СЕХУДОНУН ЧАКЫРЫГЫНА ЖООП КАЙТАРДЫ

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 10-августта Уругвайда өткөн мелдеште америкалык мушкер Лиз Кармушту жеңип, чемпиондук курун сактап калды. Валянын бул жеңишинен кийин UFC'нин жеңил салмак чениндеги чемпиону Генри Сехудо Шевченкого чакырык таштады. Ал кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Буга жооп катары Шевченко социалддык баракчасына мылтык кармаган сүрөтүн киргизип “Генри Сехудону издеп жатам” деп жазган.

Эске салсак, Генри Сехудо буга чейин да “Сары кызды” октагонго чакырган. Анда балбан кыз бардыгы менен мушташууга даяр экенин, каршылаштарын октагондо күтөрүн айткан.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан