8-13-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Мелдешке 20дан ашык өлкөдөн 107 спортчу катышты.
Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду 20 жаштагы орусиялык Семён Зайцев жеңип алды. Ал финалда Азербайжандын өкүлү Сеймур Мамедовду утуп алды. Ал эми байгелүү үчүнчү орунду кыргыз спортчусу Азиз Мадаминов менен орусиялык Павел Кузьмин ээледи.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg