«Тоолор, мени кучактагыла», «Бара алган жокмун», «Неге ыйладың?» деп көбүнчө кайгылуу ырларды созгон Түмөнбай Колдошов бүгүнкү маектешим болду. Филология илимдеринин кандидаты, доцент, обончу, аткаруучу менен чыгармачылык тууралуу кызыктуу баарлаштык.
– Саламатсызбы, Түмөнбай байке? Алгач жашыңызды сурагым келип жатат. Анткени сизди көпчүлүк өз жашыңыздан улуу деп ойлошот экен.
– Саламатчылык. Мен 1986-жылы төрөлгөм, 33 жаштамын. Балким, өзүмдөн улуу адамдар менен көп сүйлөшкөнүмдөн, сүйлөгөнүм, өзүмдү алып жүргөнүмдөн улам көпчүлүк ошентип ойлошу мүмкүн. Бул менин табиятым.
– Сизге «Азыркынын Рыспайы» деп баа берип калышат. Буга кандай карайсыз?
– Мени көрүп кээде «Калмурат өлбөптүр» (ред.: Калмурат Рыскулов) дегендер да бар. Бул мени эркелетип, далыма таптап, мүдүрүлбөй узакка чапсын деген колдоо иретиндеги сөздөр. Экинчиден, муну элдин ишеними жана моюнумдагы жоопкерчилик деп кабыл алам. Мен эч качан Рыспай боло албайм. Ал кыргыз обончулук өнөрүнүн номер биринчиси. Биз андан төмөнбүз. Ал төмөндүктөн мен өзүмдү көрө албайм.
– Акын катары ыр жазып жүрүп обон чыгарганга ыктап кеткениңизди билебиз. Чын эле өзүңүз чыгарган ырларыңызды сапатсыз деп эсептейсизби?
– 2007-жылы студент мезгилде, мектепте окуп жүргөндө жазган ыр, аңгемелеримди топтоп «Таңдагы кыялдануу» деген жыйнагымды чыгаргам. Бул адабиятчы, ырчы болом деген кыялдарыма карай алгачкы кадамдарым болчу. Азыр ыр жазам деп айткандан уялам. Акындыктын жолун улуу деп эсептейм. Биз жазган ырлар ыр эмес. Ал жөн гана ырдын формасына салынган сөздөрдүн тизмеги. Мен жакшы акын болгонумда обончу болмок эмесмин. – Ырдын сапаты эмне менен аныкталат?
– Ырдын сапаты тексттен көз каранды. Азыр обончулар, ырчылардын көркөм текст менен иштөө маданияты жоголду. Ар ким оюна келгенди, супсак, салмагы жок жеңил сөздөр менен ырларды жазып жатышат. Бул өкүнүчтүү. Ырдын обону менен музыкасы башка процесс. Дене мүчөсү нормалдуу болбогон манекенге деле жарашыктуу кийим табуу кыйын. Биз көбүнчө кийим алып, ошого жараша манекен издеп жүрөбүз. Тескерисинче, манекенге жараша кийим издесек туура болмок.
– Эргүүнү эмнеден аласыз?
– Ыр окугандан, бирөөнүн көркөм поэзия окуганын уккандан эргүү алам. Өзүм лирик обончу болгум келет. Жан дүйнөм ошого тартат. Мен маанайдын ырчысымын, маанайга жараша ырларга кайрылам. Автор кандай абалда туруп ыр жазган болсо, ошол абалга түшкүм келет, автордун өзүнө айлангым келет. Акын турган позициядан обон жазсаң, ийгиликтүү болот деп ойлойм. – Ырдаган ырларыңыздын көпчүлүгү кайгылуу, эмне үчүн?
– «Бүгүн саясий кырдаал мындай, абалым тигиндей болуп жатат, ошого жараша жазып бергиле» деп шаша-буша супсак ыр жаздырбайм, тагдыры бар ырларга кайрылгым келет. Ал ырларда акындардын сүйүүсү, өмүрү, бакыты, кайгысы катылган. Ал эми адамга кайгылуу учурлар көп таасир берет. Ошол себептүү кайгылуу ырларга көп кайрылсам керек. Досторума «мен бир дагы шаңдуу ыры жок, кайгылуу, токтоо ырларды ырдаган сейрек кездешкен ырчымын» деп калам. Калгандары тойго чумкуп кирип кетишти. Тойго басым жасап, «кел, ордуңдан тур, бийле» деп ырдап жатышат. Менде андай жок. Бирок мен да тойлорго барам. Тойдон да өзүм түшүнгөн акыйкатты, өзүм билген чындыкты гана ырдайм.
– Ошондо сизде кайгылуу учурлар көп болобу?
– Кан басымым көтөрүлүп, жинденип, жүрөгүм кыйналып жатканда обон жазам. Курсагы ток, кийими бүтүн, жыргап жашап жатканда эч ким чыгармачылык менен алектенбейт. Жан дүйнөң кыйналганда чыгармачылык менен алек болсоң, данектүү нерселер чыгат. Кандай абалда турсам, ошондой ырларга кайрылам.
– Тойлордо канчага ырдайсыз?
– Тойго аз чыккан ырчы мен болушум керек. Башка ырчылар тамадалар, ар кандай топтор менен иштешет. Мени көбүнчө той ээлери ырларымды баалагандыктан өздөрү чакырышат. Менде туруктуу баа деле жок. Көңүлүнөн чыкканын беришет.
– «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» аттуу ырды ырдап, бирок Самара Каримовадай элге тарата алган жоксуз. Бул эмнеден көз каранды болду?
– Ал ырды автор катары биринчи өзүм ырдадым. Менин концертимден угуп, Самара Каримова сураган. Ага чейин да башка ырчылар ырдап жүрүшкөн. Кайсы жакты карасаң да Самара Каримова болуп, атагы дуулдап, анын ар бир кыймыл-аракети, ыры эл көзүндө турган учурда бул ырды аткарып калды. Ошондуктан ал элге жакшы тарата алды. Автор ырдын жаратманы катары өз бийиктигинде кала берет. Аткаруучу өз бийиктигинде, ыр өз бийиктигинде калат. «Жамгыр төктү» аттуу ырды элге Токон Эшпаев таанытты дегенибиз менен, анын автору катары Түгөлбай Казаков элдин эсинде сакталып калат. Жаратман менен аткаруучуну байгеге бирдей кошконго болбойт.
– «Арзуу» деген ырыңызды Элбарчын Калилованын ырдаганы боюнча «жаштар ырымды бузуп жатат» деп социалдык тармактарга жазган элеңиз. Эл алдына сындап чыкканыңызга караганда аябай жиниңиз келген го...
– Кыргызда какшык деген нерсе бар. Ал жерде «ушинтип да обон жазасыңбы, жөн жүрбөйсүңбү» деп мен өзүмдү-өзүм какшыктагам.
– Башка ырчылардан эмне менен айырмаланам деп ойлойсуз?
– Биринчиден, атым менен айырмаланам. Ырчылар азан чакырылып коюлган аттарын бузуп, кыскартып, өздөрүнө каймана аттарды коюп эл алдына чыгып жатышпайбы. Түмөнбай деген 8 тамгадан турган узун атым менен айырмаланам. Анан да бирөөнү туурап, бирөө кантер экен деп маанайына карап жашабайм дагы, обон жазбайм дагы. Көңүлүм туура келсе, качан жүрөгүм кыйналса гана обон жазам. Эргүү келбесе жазбайм. Буюртма алып аткарышым керек деп өзүмдү милдеттендирбейм. Чыгармачылыкта эркинмин. Айырмам ошол эле.
– Филолог катары айтсаңыз, бүгүнкү күндө тилибиздин эң чоң көйгөйү эмне?
– Тилибиздин аябай бай экенин билебиз. Билип туруп көркөмдүгүн арттырбай, өзгөчөлүгүнө басым жасап карабайбыз. Айрым ырчы, жазуучу, журналисттердин да тили жарды. Баары айланып келип дүйнөнү көркөм көрө албагандыгыбыздын себеби деп эсептейм. Бардыгыбыз куру атактын кулу болуп калгандыктан сөз сүйлөө маданиятыбыз нөлгө түшүп кетти. Мурза Гапаров, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын окугандар тилибиздин канчалык бай экенин билет.
– Балдарыңызга кандай атасыз? Аларды чектейсизби же эркин коёсузбу?
– 3 уул, бир кызым бар. Балдарыма катуу атамын. Балдарды чектеп турбаса болбойт. Эркин өстүрөйүн, оюн эркин айтып, эркин жүрсүн деген каалоом бар. Бирок тартипсиздик кылса жазалайм. Жазалайсың, бирок алардын корунчаак болуп калганын көрүп жүрөгүң ооруйт. Бала тарбиялоого келгенде чоркок экендигиме өкүнөм.
– Сиздей атадан жаман балдар чыкпайт деп ишенебиз. Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg