Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев бийликке кайрылуу жасады. Ал УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевдин Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар тууралуу айткан сөзүн сынга алып, атасынын «чимкириктер» деген сөзүн кайталады.
«УКМК жетекчиси элдерди «отургузгандан» кийин кызматтан кетерин билдирди. Бул эмне, өч алуубу же кандайдыр бир таарынычпы? Бизде эмне, 1937-жылбы? Эмне үчүн мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкер аткаминер бийликтин көз карандысыз бутагы болгон соттун функциясын өзүнө алып аларын эркин жана ачык айтып жатат? Эмне үчүн бардык жакта өзүм билемдик орун алды? Бийликти эмне үчүн мыйзамсыз чабуулдун айынан муштум жеп, ок жеп жана зомбулук көргөн жүздөй карапайым адамдын тагдыры кабатыр кылбайт?»- деп суроо салат
Сейитбек Атамбаев.
8-августта УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев парламентте «кызматтан качан кетесиз?» деген суроого "Кой-Таштагы баш аламандыкта «спецназга» кол көтөргөн адамдарды мыйзам алдында жазалап, баарын отургузган соң кетем" деп айткан.
Сейитбек Атамбаевдин «Опумбаев качантан бери өзүнө соттун ыйгарым укуктарын алып алды эле?» деген өңүттө суроо салып жатканы ушундан улам.
Сейитбек Атамбаев өлкөдө эски саясатчыларга жаңы муун каршы баратканын, жаштар келечекте эскилерди татыктуу алмаштыра турганын баса белгиледи. «Азыркы жаштар калыс сөздүү, буюрса, жакынкы келечекте биз эски, чала сабат, дүжүр чимкириктерди көрбөй калабыз. Элита болбосо да, өз өлкөсү үчүн күйгөн жаш саясатчылар келет»,- дейт ал.
Ошондой эле ал атасы менен сыймыктанарын, Алмазбек Атамбаев өз эркиндигин коргоп аягына чейин күрөшкөн президент болгонун айтты.
Автандил Добулбеков