ЖОГОРКУ СОТ ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ИШИН КАЙРА КАРООГО ЖӨНӨТТҮ

21-августта Жогорку Сот саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра каралсын деп чечим чыгарды. Кылмыш иши эми Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайрадан каралат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова: “Бүгүнкү сот чечими мыйзамдуу жана негиздүү болду. Адилеттикке карай алгачкы кадам жасалды. Мурдагы мыйзамсыз чечимдердин баары жокко чыкты. Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун “соттолгон” деген макамы жоюлду. Иш башынан баштап кайра каралат, сөзсүз түрдө акталат деп ишенебиз”,- деди.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “иш райондук сотто каралса Текебаев акталат, башка жол жок” деп билдирди.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы ар бири 8 жылдан эркинен ажыратылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан