Кыргыз өлкөсүнөн АЖЫЛЫК САПАРГА кеткендердин алгачкы тобу 17-августта Бишкекке кайтып келишти.
Ош шаарында 17-августта «ОШ ФЕСТ-2019» туристтик фестивалы өттү.
Жол эрежесин бузуунун 8 түрү боюнча АЙЫП ПУЛДУН СУММАСЫ азайтылат. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков билдирди.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ 2 айга, 26-октябрга чейин камакта калтырды.
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин жактоочусу АЛИ КАСЫМОВ 26-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Ал быйыл 2-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.
УКМК: Социалдык түйүндөрдө массалык баш аламандык боло тургандыгы жөнүндө БИЛДИРҮҮ ТАРАТКАН жаран кармалды.
Жалал-Абад шаарында 21-август түнү Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан ӨРТ ЧЫГЫП, базардын 2500 чарчы метр аянты күйүп кетти.
Кыргыз жеринде 22-23-24-август күндөрү аба кескин салкындап, ЖААН-ЧАЧЫН БОЛОРУ күтүлүүдө.
АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылганын ИИМден кабарлашты.
21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы КАМПАДАН ӨРТ ЧЫГЫП, эки адам жабыркады.
ЖЫЛДЫЗБЕК ИСАКУЛОВ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин Баткен облусунун жетекчисинин орун басары эле.
Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын уюштурган күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин КЫЗМАТТАН АЛУУНУ СУНУШТАП президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
РЕНАТ ТҮЛӨБЕРДИЕВ "Улуттук башкаруучу компания" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.