БАТКЕНДЕГИ ПРОКУРОРДУН ӨЛҮМҮ. АЙЫПТАЛУУЧУ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

2018-жылдын 18-ноябрь күнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү тоо арасында, Таңги-Өтөк участкасынан табылган. Анын өлүмүнө шектелип Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголуп, 7-майда сот жараяны башталган. Учурда Калыковдун жакындары сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти башка сот карасын деген талап коюшууда. Ал эми маркумдун туугандары бул айыпталуучу тараптын сот ишин созуп, мунапыс алууга болгон аракети деп баалашууда. Биз бул иш тууралуу тараптардын оюн уктук.

«ТЕРГӨӨДӨГҮ КАТАЧЫЛЫКТАРГА СОТ КӨЗ ЖУМУП КОЙДУ»

Айыпталуучу Мелис Калыковдун жакындары 14-16-август күндөрү Ош жана Баткен шаарларында сотко каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, 450дөн ашык киши чогулган. Айыпталуучунун эжеси Дарика Калыкова нааразычылыктын себептерин мындайча түшүндүрдү.

– Иним Мелис Калыковду Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү деп кармап, 9 айдан бери Ош шаарындагы 25-СИЗОдо жатат. Тергөө учурунда бир топ каталарга жол берилип, сот аларга көз жумуп койду. Мыйзам боюнча иликтөө бүтүп, тергөө аяктаган соң протокол түзүлүп, иш менен айыпталуучуну, жактоочуларды тааныштырып анан сотко өткөрүш керек экен. Бизде андай болгон жок. Тергөөчү өзү сот учурунда жактоочуга "ишти тааныштырган жокмун, протокол түзө элекмин" деп айтып жатат. Сот болсо бир да жолу эмне үчүн деп кызыгып койгон жок. 17-ноябрда окуя катталса, эртеси күнү эле инимди кармап кетишти. Жүргүзүлгөн экспертизага да, анын жыйынтыктарына да ишене албайбыз. Сотто көрсөтмө бергенде «ооба, мас элем» деген балдар, анын ичинде менин иним да экспертизада ичимдик ичкен эмес болуп чыкты. Каза болгон прокурор эле иче берген имиш. Мамажакыповду менин иним өлтүрдү дегенге түз далил жок. Аны көргөн күбө да жок.

Тергөөчү тергөө учурунда аңчылыкка 4 эле курал колдонулган деп каттаган, сотто 6 курал менен чыгышканы маалым болду. Дагы ушундай кемчилик, каталар толуп жатат. Ошол бойдон иш сотко өткөрүлгөн. Инимди 6 прокурордун сөзү менен эле камап турушат. Тергөөчү өзү айтты, кылмыш жасалган жерден прокурорлордун бири Б. уулу Энин бармак изи табылыптыр. Ошондой эле Мамажакыпов менен чогуу жүргөн 6 прокурорго тыюу салынган жерде аңчылык кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, прокурордук этиканы бузуу, шалаакылык сыяктуу жалпы 8 берененин негизинде иш козголушу керек экен. Бирок эмнегедир алар жоопкерчиликке тартылбай жатышат.

«ИНИМДИ КЫЙНАШЫПТЫР»

– Мелисти кармагандан кийин эч кандай протоколсуз, эч кандай далил да жок, баш коргоо чарасын карабай туруп, жактоочусуз 20 саат кармашты. Мыйзам боюнча 2 сааттан кийин чыгаруу керек экен. Ошол 20 саат убакыт аралыгында инимди тергөөчүлөр уруп-согуп, кыйнашыптыр. Биз бул боюнча арыздандык, бирок кайрылуубуз канааттандырылган жок.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөндө да көп мүчүлүштүктөр кетиптир. Биз Баткендин тергөөчүлөрүн, эксперттерин да сотко чакыргыла деп жактоочу аркылуу өтүнүч келтирип жатабыз. Сотто такталбай калган жагдайларды бетме-бет туруп сурайлы десек, ишти карап жаткан сот Жолборс Кудаяров «аларды өзүңөр чакырып келип алгыла» деп жатат. Алар соттон чакыруу болмоюнча келип бербейт да. Бирок ишке алардын көрсөтмөлөрү тиркелген. Ошол протокол алынган жерде 5 адамдын, 3 унаанын изи бар экен, сүрөттөрү делодо тиркелүү дешти. Бирок аны бизге көрсөтпөй жатышат.

«СУДЬЯНЫН ӨЗҮНӨ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЭКЕН»

– Инимдин ишин карап жаткан соттун үстүнөн 3 кылмыш иши козголгон экен. Ал иштин экөө ИИМдин алдындагы аймактар аралык башкармалыкта, дагы бири Жогорку Сотто каралып жатыптыр. Анын үстүнөн кылмыш иши ачылганын тастыктаган Башкы прокурордун биринчи орун басары Н.Дардаңовдун колу коюлган кагазы да бар. Өзүнүн үстүнөн кылмыш иши ачылып, тергөөсү бүтө элек туруп, бирөөнү соттогонго моралдык укугу барбы? Конституциянын соттор боюнча мыйзамынын 5-беренесинде кылмыш иши козголгондон кийин сот иштен четтетилсин деп жазылып турат. Мен аны окуп чыктым. Кудаяров болсо бир жарым жылдан бери кызмат ордунда, биздин иштен башка дагы бир нече сот ишин карап, иштеп жүрөт.

Ушундай себептерден улам биз сотко беш жолу ишенбөөчүлүк көрсөттүк. Бирок аны кабыл алуу же четке кагууну да Кудаяров өзү чечет экен. Ошентип 5 жолу тең четке кагып койду. Кийин Ош шаардык сотунун төрагасына кайрылдык. Ал жактан канааттандырган жооп болгон жок. Айлабыз кеткенде Президенттин алдындагы соттордун дисциплинардык кеңешине 2 жолу кайрылдык. Андан азыркыга чейин жооп жок. Ошондон улам нааразычылык акциясына чыктык. 3 күн Ош шаардык сотунун имаратынын жанында турдук. Аны Баткенде да уланттык. Ишти карап жаткан сот Кудаяров мүмкүн акталып кетер. Акталганга чейин ишти башка сот алып барсын деген талап коюп жатабыз. Азыр аксакалдар баш болуп, 450 кол топтоп, Тартип комиссиясы, прокурор, Баткендин губернаторуна, Жогорку Сот, жадакалса президентке кайрылуу жасаганы жатабыз.

Ишти карап жаткан соттун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын маалымат кызматы менен байланыштык. Башкы прокуратура бул маалыматты четке каккан да, тастыктаган да жок. Ал эми колубузга тийген документтер аты аталган судьянын үстүнөн чындыгында 3 кылмыш иши козголгонун далилдеп турат.

– Сот бизге өчөшүп, ЖМК өкүлдөрүн отурумга киргизбей, инимди сот залынан күч колдонуп чыгарып, адвокаттарды да чыгарып салды. Кийин мамлекет тарабынан дайындалган убактылуу жактоочу келип, «мен иш менен таанышып чыгайын, 5 мүнөт убакыт бериңиз» деп суранса, «мен сизди дайындадым, отуруңуз, убакыт берилбейт» деп эле отургузуп койду. Бул аша чапкандык. Адам өлүмүнө байланыштуу иш каралып жатса кантип жактоочу иш менен 5 мүнөттө таанышсын? Ошондон улам нааразы болуп Мелис 5-августта ачкачылык жарыялады. Аны 16-августта ден соолугуна байланыштуу токтотту.

«АЙЫПТАЛУУЧУНУН ЖАКЫНДАРЫ ИШТИ АТАЙЫН СОЗУП ЖАТЫШАТ»

Ал эми маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун атасы Кутпидин Мамажакыпов кылмыш иши ачылгандан бери айыпталуучу эч нерсе айтпай, 2020-жылга жакын калганда чуу көтөрүп, ишти созуп мунапыс алууга далалаттанып жатат дейт.

– Уулум каза болгондон бери 9 ай өттү. Ушул убакыт ичинде Мелис Калыков эч нерсе айта алган жок. Прокурорлордун териштирүүсүнө караганда, Мелис менин баламды унаага жалгыз салып кетип, ошол бойдон тоого алып барып мылтык менен атыптыр, мыкаачылык менен бычактап, куйкалап күйгүзүптүр. Берки 6 прокурор болсо Баткенге кетти окшойт деп ойлоп, ошол жакка барып издешиптир. Биз башында 6 прокурордон да шекшип, маалымат каражаттарына бул пикирибизди айтканбыз. Бирок мына 9 айдан бери Мелис өзү да аларга эч нерсе айта алган жок го? Ал болбосо, асмандан бирөө түшүп келип өлтүргөн жок да?

Сот кайра-кайра жылып отуруп, 80 жашымда 13 жолу сотко бардым. Биринде жактоочусу келбей коёт, биринде шектүүнү ооруп жатат дешет. Булар ушинтип эптеп 2020-жылга чейин ишти созуп, мунапыс алууну көздөп жатышат деп ойлоп жатабыз. Мелис Калыков ачкачылык жарыялап, сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жакындары аны «үй камагына чыгарып бергиле» деп талап коюп, айтор, ишти создуктуруп жатышат. Биз уулумдун өлүмүнө күнөөлүү адам жазасын толук тартышын каалайбыз. Шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратылсын деп талап кылганбыз. Жакындары митингге чыгыптыр, шектүү өзү сотко нааразы болгон үчүн ачкачылык жарыялаптыр. Ишти карап жаткан соттун үстүнөн кылмыш иши ачылган дегенди биз да уктук. Бизге эң негизгиси, кайсы сот болбосун, адилеттикти орнотуп берүүсүн эле суранабыз. Мен да 6 прокурорго уулум Анарбай менен кошо жүрүп, өзүңөр менен алып калбайт белеңер деп дооматтарымды айткам. Алар алтоо тең ошол окуядан кийин прокуратурада, укук коргоо органдарында иштегенге моралдык акысы жок деп эсептейм. Менин жеке пикиримде, алар адамдын тагдырын чече турган органдарда иштебеши керек.

«ОТУРУМДУН ЖАБЫК ӨТҮШҮНӨ АЙЫПТАЛУУЧУ ТАРАП СЕБЕПКЕР»

Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов менен байланышканыбызда буларга токтолду.

– Прокурордун өлүмү боюнча жазык иши Ош шаардык сотунда каралууда. Соттук отурумдардын башталышында тараптардын каршы болгондугуна карабастан соттук териштирүүлөрдү ачык-айкын жүргүзүү максатында ЖМК өкүлдөрүнө сүрөт, видеого тартууга уруксат берилип, бардык кызыккан тараптар катышып жаткан. Бирок 2019-жылдын 5-август күнү судья буга чейинки соттук отурумдардын жүрүшүндө соттолуучу жана анын жактоочулары жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунан пайдаланышып, соттук отурумдарда ишке тиешеси жок сөздөрдү айтып, судьяга негизсиз ишенбөөчүлүк өтүнүчтөрүн келтиришип, соттук отурумдарды создуктурууга аракет кылгандыктан кийинки соттук отурумду журналисттердин катышуусусуз өткөрүүнү туура көргөн.

Жазык иши боюнча жогорудагыдай чечим кабыл алынган соң 2019-жылдын 7-август күнүнө дайындалган соттук отурумга соттолуучу Калыков абактагы бөлмөсүнөн чыкпай коюп, отурум 13-августка жылдырылган. Ал күнкү соттук отурумга да соттолуучунун жактоочулары келбегендиктен отурум 21-августка жылдырылды.

Тергөө ишинде 51 күбө суралып, алардын кыркка жакыны сотко келип көрсөтмө беришкен. Келерки сот отуруму 21-августка белгиленген. Прокурордун өлүмүнө байланыштуу сот иши дагы кандай уланат, көз салып, маалымат берип турабыз.
 

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aimani
2019-08-26 11:38:35
Соттолуучу Калыков абактагы бөлмөсүнөн чыкпай коюп дегенди кандай түшүнсө болот, ичинен бекитип алыптырбы))). Ушул да шылтообу?
+3
-adam
2019-08-26 15:34:51
Акыйкаттык жок!
Канчалаган адамдар бироонун кылмышы учун камалып кетип жатышат
+3
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан