«Жаш өткөн сайын бир туугандардын баркын жакшы түшүнө баштайт экенбиз» дейт ырчы, актриса Гүлнур Асанованын бир тууган эжеси Айнура Асанова. Үй-бүлөдө эже-сиңдилердин мамилеси өзгөчө кызыктуу окуялар менен коштолот эмеспи. Эл көзүндөгү бир тууганы тууралуу Айнура айым айтып берет.
БИР ТУУГАН АСАНОВДОР:
Айнура Асанова - 36 жашта, коомдук ишмер, бир уулдун энеси
Алмаз Асанов - 33 жашта, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
Гүлнур Асанова - 31 жашта, ырчы, бойдок
«ГҮЛНУРДУ ТЕЛЕФОНУМА ТЫТЫЙ ДЕП САКТАП АЛГАМ»
- Биздин балалыгыбыз Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен жана Таш-Көмүр шаарларында өттү. Кичинекей кезибизде Кербен шаарында жашасак, кийин Таш-Көмүргө көчүп кеткенбиз. Элдин балдарындай болуп эле ылай, топуракта чогуу ойноп, ит, мышык менен аралашып чоңойдук. Гүлнур кичинекейинен ыр, бийге жакын болду. Үйдө баарыбызды отургузуп алып, кооз кийинип таракты, кашыкты микрофон кылып «отургула, кол чапкыла» деп ырдай берчү. Гүлнурдун дагы бир кылыгы эсиме түштү. Таш-Көмүрдө жапыз тоолордо мисте өсөт. Июль, август айларында каптарды көтөрүп алып кошуна балдар-кыздар менен мисте тергенге чыкчубуз. Ошондо Гүлнур «мен деген Гүлнур Асановамын, мен ырчымын да. Мисте тербейм. Ырдап берип эле чогултуп алам» деп кошуна балдар терип келген мистелерден алып, «мен тердим» деп үйгө алып барган. Ошондо аябай күлгөнбүз.
Анан да бири-бирибизге ар кандай ат коюп алчубуз. Гүлнур тили жакшы чыга элек кезинде куңк-куңк деп бир нерселерди сүйлөй берсе, таякем «бул Гүлнур эмей эле, Куңку» деп койгон экен. Ошондон кийин сиңдимди Куңку деп жүрдүк. Тили чыкканда тыпылдаган тың кыз болгону үчүн Тытый деп койдук. Мен аны азыр да Тытый дейм. Телефонума да ошентип сактап алгам. Мындан тышкары, Капкарашкина, Капкара деп эркелетебиз. Мени болсо, Айнуш, Айка, Узун дешет. Кичинемде одеялону айта албай адөл дегеним үчүн Адөл деп да атап калышкан.
Биз бири-бирибизге атаандаш болгон жокпуз. Мен да маданият жаатында эмгектенсем, балким, атаандашмакпыз.
«ҮЙДӨ БАРДЫК ЖАКШЫ НЕРСЕ ГҮЛНУРДУКУ БОЛЧУ»
– Гүлнур айтканынан кайтпаган, сөзүнө турган, тыкан, сырга бекем, бултуңдаган-тултуңдаган кыз болчу. Бир ирет апам жумушка кеткенде иним, Гүлнур үчөөбүз кошуна балдар менен жаңы курулуп жаткан имараттын экинчи кабатына чыгып, бетондорго отуруп алып жомок, анекдот айтышып ойнодук. Полдун ортосу тешик болгондуктан Гүлнур турам деп жатып тешиктен биринчи кабатка кулап кетти. Апам бизди урушат деп коркуп Гүлнурдан «апамдарга айтпа» деп сурандык. Бети шишип кеткендиктен апам ооруканага алып барса, мээси чайкалып, акыреги сынган экен, ооруканага жатып калды. Ошонун баарына чыдап, бирок апама эч нерсе айткан эмес. Анда Гүлнур 3-4 гана жашта болчу. Айтайын дегеним, ошондо эле сиңдим сөзүнө турчу.
Менден «сен эмнеге ырдап, бийлебейсиң?» деп сурап калышат. Апам мени деле ыр-бий ийримдерине алып барган экен. Бирок менин кызыгуум да, жөндөмүм да жок болуптур. Ал эми сиңдимде талант бар болгондуктан апам болгон аракетин, күчүн, көзүнүн майын ага жумшады. Гүлнурдун сахнага кийип чыккан костюм, тебетейлерин өзү тигип берчү. Апамдын максаттары да сиңдиме байланыштуу болду. Ошондуктан апамдын Гүлнурда акысы көп болуш керек деп ойлойм. Биздин үйдө бардык жакшы нерсе Гүлнурдуку болчу.
Ошол учурда Гүлнурду ээрчитип гастролдорго кетип калса, балким, апамды кызганган болушум керек. Бирок такыр атаандашчу эмесмин. Анткени апам баарыбызга бирдей мээримин төктү. Азыр апамды жакшы карап, айтканын аткарганга аракет кылабыз. Жакында 60 жашка чыгат, унаа айдагысы келип жатыптыр. Буюрса, ал кыялын да орундатабыз. Апам «үчөөңөргө эне болуп калганыма Кудайга миң мертебе ыраазымын» деп айтат. Атам тууралуу бир эле сөз айтам, биологиялык атабыз бар. Жарыкка алып келгени үчүн ага чоң рахмат. Бирок азыр катташпайбыз.
«АРАБЫЗДАН АКЧАНЫ ГҮЛНУР КӨП ТАБАТ»
- Гүлнур студент болгондо менин колума келди. 2005-жылдар болчу. Троллейбуска 3 сом, маршруттук таксиге 5 сом жол кире төлөчүбүз. Сиңдим «ошондо сенден жол кире сураш кыйын болчу» деп азыр да айтып калат. Мен троллейбус менен барып келесиң деп күнүнө 3 сомдон 6 сом берип койчумун. Байкушум комузун асынып алып, үйдөн троллейбус токтогон жакка чейин 2 чакырымдай басып барып келчү.
Эстесем, «алма быш, оозума түш» деген жашоо бизде болбоптур. Эл көргөн кыйынчылыктарды көрдүк. Ачка, ток калган учурларыбыз болгон. Азыр минтип сиңдим элге таанылып, көп мамлекеттерди кыдырып жүрөт. Ушундай сиңдим бар экенине сыймыктанам. Бир туугандын баркы жаш өткөн сайын жакшы билинет экен. Бир туугандарым аман болушсун. Сөздүн ачыгы - акчаны көп тапкан Гүлнур. Ошондуктан ал бизге көбүрөөк жардам берет.
«МЕНИ ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУНАН ТӨРӨП АЛДЫ ДЕГЕН УШАК ЧЫККАН»
– Жашоодо ар кандай учур болот экен. Гүлнурдун жашоосунда дагы өйдө-ылдый болду. Турмушка чыкты, ажырашты. Ал тагдырдын сыноосу. Гүлнур биздин, тууган-уруктун басымынын алдында турмушка чыкты. Баары эле 25 жаштан ашкан кызды «турмушка чык, үй-бүлө кур, балалуу бол» дейт да. Шаштырып жатып биз эле кылып койдукпу деп ойлоп кетем. Төрөп, бала бакытын сезсин, үй-бүлө күтсүн дедик. Ата-эне, урук-тууган тарабынан ошондой сөздөр көп болду. Гүлнур алардын сөзүн угуп турмушка чыкты. Адашты, биз да адашыптырбыз. Ажырашкандан кийин ал тема биз үчүн жабык.
Эл арасында Гүлнур тууралуу, жадакалса мен тууралуу деле көп ушактар чыгат. Башында маани берип, ыйлап, ызаланчубуз. Азыр өзүбүз тууралуу ушак уксак, күлө турган болуп калдык. Мен депутаттар менен көп иштешкендиктен аларга жармаштыра беришет. Бир жолу «Турсунбай Бакир уулунан төрөп алган, уулу ошол кишинин баласы» деп жазып чыгышкан. Ал адам менин өкүл атам. Азыркы убакка чейин катташабыз. Балким, катташып жүргөнүбүздөн улам жөө жомоктор чыккандыр. Мен мурда турмуш куруп, бир балалуу болуп, ажырашкам.
Гүлнурга азыр жеке турмуш тууралуу кеңеш бере албайм. Ар бир аялзаты жеке турмушун өзү чечиши керек экен.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg