Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Таиланддын борбору Бангкокто окууда жүрөт. Ал музыка жаатында билим алуу, тажрыйба алмашууга АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен барган.
“Эл аралык программанын алкагында уюштурулган окууга бир катар өлкөлөрдүн музыка жаатында эмгектенген инсандары келген. Анда 3 багытта окутуу, тажрыйба алмашуу болуп жатат. Биринчи багыт аспаптар боюнча, экинчиси, ырчы жана композиторлорду окутуу. Ал эми үчүнчү топто ди-джейлер үчүн окутуу жүргүзүлүп жатат. 30га чукул музыка чөйрөсүнүн өкүлдөрү убактылуу студент болуп жатабыз. Чет өлкөдө эс алып жүргөн күндөргө караганда окуган жакты. Менин үнүмдү аябай сонун экен деп мактап жатышат”,- дейт ырчы.
Ошондой эле ырчынын үй-бүлөсүндө толуктоо болору белгилүү болду. Мындай кубанычтуу кабарды Мирбектен сураганыбызда, "биздин үй-бүлөдө мынча балалуу болуш керек деген чектөө жок. Жубайым кош бойлуу экенин мага 3 ай мурда сүйүнчүлөгөн. Аябай кубангам, Кудай канча бала насип этсе баарын кабыл алып, чоңойтобуз",- дейт ырчы. Учурда ырчы жана жубайы бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.