Ырчы Каныкей балдары менен үйдө отуруп эми башкача форматта чыгармачылыкка кайта турган болду. Каныкей мындан ары таланттуу жаштар үчүн вокалдан сабак берет. Ал окуучуларынын үнүнө, тембрине карап жаңы чыгармаларды жазып бере турганын айтат.
– Вокал мектебин ачууну көптөн бери ойлонуп жүргөм. Анын үстүнө вокал боюнча сабак бересизби деген суроолор, сунуштар көп болот. Музыка жаатында 3 дипломдун ээси болгондуктан пайдалуу иш жасоо максатында сабак берүүнү чечтим. Ошондой эле окуучуларымдын үнүнө, тембрине карап жакшы чыгармаларымды тартуулайм.
Мындан ары окуучулар эле эмес, ырчыларга да вокалдан сабак бере турган болдум. Асел Кадырбековага “менден вокалдан сабак ал” деп сунуш кылсам, ал сүйүнүп макул болду. Азырынча биринчилерден болуп ырчы Айпери Кубик кызына жаңы чыгарма жаздым. Аны да жакында угасыздар,- дейт Каныкей.