Кыргыз элине ди-джей катары таанылып, бир кезде алпаруучу, ырчылык кесипти аркалаган Нурзада Жолдошева кыздуу болду. Ал 15-август күнү тун наристесин жарык дүйнөгө алып келди. Учурда үй-бүлөсү менен Орусияда жашап жаткан Нурзада менен байланышып, эне-баланын акыбалын сурадык.
– Эне болгон өзгөчө сезим экен. Учурда жолдошумдун жумушуна байланыштуу Орусияда жашайбыз, кызыбыз ушул жакта 3 килограмм салмакта төрөлдү. Ысымын кеңешип Нур-Асман деп атадык. Күйөөмдүн кесиби - хирург. Менин толгоом башталганда аны жумушка чакырышып, шашылыш операцияга кирип, төрөткө катышпай калды. Азыр бардыгы жакшы, кызым экөөбүз үйдөбүз.
Нур-Асмандын бешик боосу бек болуп, эл керегине жараган кыз болушуна тилектешпиз!