КАЙСЫ ТӨКМӨ 2 МИЛЛИОН СОМДУ ИЛИП КЕТЕТ?

Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык "Айтыш" сынагынын тандоо туру Бишкек шаарында болуп өттү. Учурда казак акындары менен күч сынаша турган төкмөлөр тандалды.

“Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулган сынактын тандоо туруна 46 акын катышкан. Алардын ичинен Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев, Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиев 70тен жогору упай топтоп, жарым финалга жолдомо алышты. Айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү 30-31-август күндөрү Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алат. Сынактын байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомунун тең төрагасы Асылбек Маратов билдирди.

– 20-август күнү тандоо туру болуп өттү. Андан кыйын деген 8 төкмө акыныбыз өттү. Эми Казакстандан 8 акын келет. Буюрса, өзгөчө айтыш болот деп турабыз. Калыстар тобунда Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов, Абдылдажан Акматалиев жана башкалар болот. Кимдин тилинен бал тамса, ким күчтүү болсо, ошол жеңет,- дейт Маратов.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aidai_suluu
2019-08-26 19:03:58
Эламанга ийгилик каалайм, аябай жакшы кором ушул баланы.
+1
Kroxa
2019-08-27 01:08:19
Аалы акынга эмне болгон?? Казактарга катырган айтыш курмак беле дейм да...
0
OMURBEK.
2019-08-28 18:35:37
Аалы деген кыргызымдын сыймыгы болгон акыныбыз эмне болду теле айтыштарга чакырылбай калып кетип жата чондордун абиирин төгүп ырдаганынан кимин чакырсан өлөсүн дегенго чондор
0
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан