Бул окуя биринчи курста окуп жүргөнүмдө болгон эле.
Студенттер күнүн белгилөө үчүн группадагылар кафелердин бирине жөнөдүк. Анда ойдогудай отуруп, ал жактан түн оогондо чыктык. Ичимдикке кызып алган биз көчөнү жаңыртып, каткырып-ырдап келе жаттык. Бардыгыбыз эки-экиден кучакташып алганбыз. Кыздар-балдар үйлөрүнө тарап, акырында мен, Асел жана Айзат болуп үчөөбүз калдык. Асел менен Айзат «Кеч барсак үйдөгүлөр урушат» дешкенинен аларды мен жатаканага, бөлмөмө алып келдим. Анан дароо төшөк салууга кириштим. Экөөнө жерге салып, өзүм тамеки чегип келмекке сыртка чыктым. Чечинип жатып алышсын деп көпкө туруп, анан бөлмөгө кирсем, экөө жатып алышыптыр. Жарыкты өчүрдүм да керебетиме жата кеттим. Чарчап, уйкум келгени менен уктай албай ары-бери оодарыла бердим. Бир маалда Асел: "Максат, биздин жаныбызга эле жатып албайсыңбы?" деп сунуш киргизип калды. Аны "Чын эле" деп Айзат да коштоп чыкты. Мен "Кудай мындай бербеспи" деп жымыңдай "Анда жылгыла" деп экөөнүн ортосуна жата кеттим.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).