Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КОЛДОН УЧКАН БАКЫТ ЖЕ ТУРМУШ ЖАЗАСЫ

№232 13-19-апрель, 2007-ж.


Өмүрүндө Карыпбек көптү көргөн. Бирде ыргыткан ташы жогорулап, даңазасы таш жарса, бирде карыптын күнүн көрүп, ар кимден жардам сурап калган да учурлары болгон. Бирок, негедир дал бүгүнкүдөй өзөгү сыздап өкүнбөгөн эле. Качандыр бир кезде өзү кечип кеткен өз канынан чыккан уулу анын өмүрүн сактап калат деп да ойлогон эмес... Көрсө, Жараткан жашоо мыйзамынын баарын таразалап, өз ордуна коёт турбайбы...

Ата-бала

Ооруканага араңжан болуп жетти. Өнөкөт болгон оорусу капысынан кармап калды. Дагы жакшы, кокусунан кирип келген кошунасы абалын баамдап, дароо тез жардам чакырыптыр. Дарыгерлердин айтуусунда, аны ажалдын оозунан сууруп алышкан экен.
– Ой, аксакал, эс алдыңызбы?
Арт жагынан чыккан кырылдаган үнгө Карыпбек бурула берди.
– Жакшы, жакшымын буюрса...
Чындыгында, операциядан кийин тили кургап, башы айланып жаткан эле. Ушул учурда эшик ачылып, бирөө киргендей болду.
– Абалыңыз кандай?
Көзүн ача берген Карыпбек өзүнө тигилип турган жигитти көрдү.
– Жакшы, уулум, рахмат.
Негедир жигиттин көзү тааныштай. Кайсы бир жерден көргөн өңдүү.
– Кайсы баласың, айланайын?
– Сизге операцияны мен жасадым, ата, мени Аман десеңиз болот.
Карыпбек көзүн жумуп жиберди. Ата... Кандай гана таттуу сөз?! Өмүр бою ушул сөзгө зар болуп келген көөдөнү сыздап кетти. Көзүнүн кычыгына жаш толо түштү.
– Ата, эми сиз өзүңүздү жакшы карашыңыз керек. Жакын адамдарыңыз болсо чакыртыңыз. Эми сиздин жаныңызда ар дайым бир адам болуш керек.
Карыпбек алсыз үн катты.
– Менин жакындарым жок, уулум. Менин коколой башым эле бар...
– Кечириңиз...
Жигит оңтойсуздана өзү да байкабай тигил карыган адамдын жаратын сыйрып алганына уялып кетти.
Ушул учурда экөө кандары бир экенин билишкен жок. Бул жигит качандыр бир кезде өзү танып кеткен бакыты экенин, өз уулу экенин да ал учурда билбеген эле. Болгону, жигиттеги жагымдуу жылмаюу кандайдыр бир тааныш сезилип, эт-жүрөгү эрксизден ал жакка тартыла берди. Мүмкүн бул «кан тартат» дегендик беле, ким билет?! Тагдырдын тамашасынанбы же Жараткандын жазмышынанбы, ушул күндөрдө Карыпбек кайрадан өз өмүрүн көз алдынан өткөрүп жатты. Бардыгы капысынан башталган эле...

Турмуш бурганагы

Келин күйөөсүн күтүп уктабай жат­ты. Үйлөнгөндөрүнө жарым жыл болуп, турмуштун босогосун жаңы аттаган жаш жубандын көңүлүнө кандайдыр бир кооп тү­шүп жатты. Алда неден коркконсуп, улам терезени тигиле карап коёт. Бирок, күткөн адамы келбей жатты. Ансайын эки көзү бакырая эшиктен көзү өтөт.
Акыры көзү илинип кеткен экен. Эшиктен машинанын «дүр-р» эткен дабышынан улам тура калды. Көзүн бардап ачып, даяр турган тамагын газга коюп, өзүнчө күймө­лөнө берди. Карыпбек кирип келип, алдында турган аялын таңкала тиктеди.
– Эмне, ушуга чейин күтүп жаттыңбы?
– Карыпбек, кайда жүрдүң? Саат эки болгонго чейин иштедиңби?
– Дежурстводо болдум.
Канчалык кыйналса да, Гүлкан башка сөзгө өтө алган жок. Тамак да ичпей, төшөккө кулаган күйөө­сүн тиктеп көпкө отурду. Мындан аз убакыт мурда эле өзүн алаканына салып, кареги менен тең айланып турган күйөөсү ушулбу? Мындай тез убакытта эле алоолонгон сүйүүсү өчүп күлгө айланып калабы? Жаңыдан гана жакшы тилек менен башталып келе жаткан жашоосу жалп өчөбү?
Келин түпсүз ойлорго термелип таң атырды. Чындап эле жакын арадан бери Карыпбектин мүнөзү өзгөрүлдү. Түнкүсүн үйгө түнөбөй, куру шылтоолорду айтып кеч келүүсү көбөйдү. Гүлкан канчалык аракет кылганы менен экөөнүн ортосундагы жаракат бүтөлө койбостой. Ал дубалды аялдын тунук сүйүүсү да, мээримдүү кылык-жоругу да, алтургай болочок наристе да эрите алмак эместей. Ошентип, турмуштун кырсыктуу бурганагы экөөнү каптап келе жатты.

Мен бактымды башка жактан издейин...

– Сиздин күйөөңүз канчадан бери көзүңүзгө чөп салып жүрөт. Канчадан бери өзү менен иштеген медсестра менен соо эмес. Көзүңүз ачылабы десем, бейкапар эле жүрөсүз. Сизге боорум ачыйт. Өң десе өң, акыл десе акылыңыз бар сиздей жандын «салынды аял» болуп калышын каалабайт элем...
– Жок! Жалган! Ишенбейм...
Калтыраган колдору менен телефонду мыкчый кармаган Гүлкан өңү купкуу болуп кетти.
– Ишенбейм деңизчи?! Ха-ха-ха, эгерде ишенбесеңиз күйөөңүз­дүн иштеген жерине барыңыз, ошондо менин айтканыма ишенесиз.
Бөлмөнүн ортосунда турган Гүл­канга жер термелип кеткендей болду. «Оо, шумдук, ушундай да болобу? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бизди көрө албаган бирөөлөр ушундай ушак кылып жатышат болуш керек». Мээсине октой тийген ушул ой аны чыйралтып жиберди. Карыпбек жакында эле кызматынан көтөрүлүп, оорукананын башкы врачы болгон эле. Негедир ишенгиси келбей жатты. Эч кимге эч нерсе деп айткан жок. Ичинен сызып жашай берди. Анткени, анын жүрөгүнүн алдында жаңы жашоо уланып жаткан эле. Ошондуктан, өзүнүн гана эмес, баласынын да тагдырын ойлошу керек эле.
Ал күнү Гүлкандын курбу кызы ко­нок­ко чакырган. Үйдө жата берип тажаган жаны чакан белек алып ошол жакка жөнөдү. Даректи туура эмес бергенби, көпкө чейин убараланды. Акыры таппай коюп эми кетейин дегенде Карыпбектин машинасы көзүнө урунду. «Ой, тобо-о, бул кайдан адашып бул жакка келип калган? Же жумушуна телефон чалып, аны да конокко чакырганбы?» Оюна башка эч нерсе келген жок. Ушул учурда көзүнө Карыпбек көрүндү. Ал кучагындагы аялды өөп-жыттап, коштошуп бүтө албай жатты. Дегеле ааламды унутушкан экөө эч кимди көзгө илишчүдөй эмес.
– Хи-хи-хи, болду эми...
– Сагынып кетем да эртеңкиге чейин...
Тигил аял менен коштошкондон кийин Карыпбек бери бурула берип, экөөнү теше тиктеп турган Гүлканды көрдү. Көз ирмемге тиктеше калышты.
– Гүлкан?!
– Сен ушинтет белең?
Аялдын жаш толгон көзүнө Карыпбек тике карай албай терс бурула берди. Бир топтон кийин кыжырланган Карыпбек тамекисин сууруп чыгып, Гүлканга жай басып келди да:
– Аркамдан аңдып келгендеги олжоң ушул болдубу? Эмне, ушуну көргүң келди беле? Мына, көргүң келсе көр. Өзүм деле сага айта албай жүргөм. Ырас болду. Мен эми сени менен жашай албайм. Мен эми бактымды бөлөк­төн издейм,- деди.
– Эмне деп жатасың? Кантип?.. Жок дегенде төрөлө элек балаңды ойлосоң болбойбу? Ал байкуш...
– Кереги жок мага балаңдын! Сенин да, балаңдын да кереги жок! Мен... мен эми кечигип тапкан сүйүүмсүз жашай албайм.
Жүзүндө эч кандай жылуулук жок бул мерез адамды биринчи жолу көрүп жаткансып Гүлкандын денеси чыйрала түштү. Телмире тиктеп турду да, терс бурулуп жол­­го түштү.
Көзүнөн мончок жашы куюлуп, ызасы бороон болуп учуруп, аны кайдадыр алып кетип бара жатты. Жамгыр жаап турган эле. Гүлкан үшүгөнүн да сезген жок. Ба­шы оогон жакка кете берди. «Кайда баратам? Эми мага баары бир эмеспи... Эми жашоонун кереги барбы?» Ушул учурда жү­рө­гүнүн алдындагы кичинекей адам тууралуу ойлоду. Ошол бо­ло­­чок наристе жашоосуна жарык, шаң берип, эртеңкисинен үмүт үздүрбөй алдыга жетеледи. Ичин сылай берип: «Эч нерсе эмес, менин кичинекейим. Экөөбүз да бул турмушту жеңебиз» деп күбүрөп, алдыга ишенимдүү кадам таштады.

Тагдыр жазасы

Ушул боюнча экөө жолугушкан жок. Өзү менен өзү болуп, ийгилигине манчыркаган Карыпбек аялын да, болочок баласын да тез эле эсинен чыгарып салды. Ага эми болгону жаш бийкечинин коюну, эрке кылыгы кызык эле. Кийин досторунан Гүлкан аман-эсен көз жарып, эркек уулдуу болгонун укту. Анда да кайрылган жок. «Менин кадамым сайын аял. Эмнесине башымды оорутайын» деди ичинен. Бирок, тагдырдын ага камдаган сыноосу көп экенин билбеген эле. Тез эле дүңгү­рөтө той берип, бийкечине үйлөндү. Бирок, биринчи күндөр­дөн баштап эле экөөнүн бирге жашоосу уруш менен башталды. Өзү­нөн бир топ жаш кичүү Роза ага туруктуу жар бо­луп бере алган жок. Бара-бара жаш аялы көзүнө чөп сала баштаганын да билди.
Ал күнү кызматтан кеч келген. Телефон менен сүйлөшүп, өзү келе жатканда трубканы коё салган Розага «бурк» эте бир тийди.
– Ким менен сүйлөшүп жатасың?
– Сейил менен.
– Эмне, менин көзүмчө сүй­лөш­­сөң болбойбу?
Күндөн-күнгө кызганчаак, ачуулуу болуп, анан да «ак молдого» тартылып бара жаткан Карыпбектин үйү­нө жаңжал салганы көбөйдү. Экөө­нүн ортосунда бала да болгон жок. Буга Роза Карыпбекти күнөөлөчү. Ошентип, алар ажырашып тынышты. Кийин да турмуш жаңыртканы менен Карыпбек негедир жашап кете алган жок. Андан соң кызматынан айрылды. Аны менен кошо кадыр-барк, дөөлөт-сый кошо кетти. Ичип, кайра оңолуп, эртеңкисине кол шилтеген адамдын кейпин кийип калган Карыпбекке эч ким колун созуп жардам берген жок. Арактан колу бошогон учурда гана Карыпбектин көз алдына жашка толгон бакыракай көздөр тартыла берчү. Бул качандыр бир кездеги келинчеги Гүлкандын көздөрү эле.

Жолугушуу

Оорукананын отургучунда күн­чубактап отурган Карыпбек ордунан оор копшолуп, палатасын көз­дөй басты. Коридордон өтүп бара жатканда аны кимдир бирөө жумшак сүзүп өттү.
– Ой, көзүңө карабайсыңбы!
– Кечиресиз...
Алдында сүйкүмдүү аял турган экен. Көзүн көтөрө берген Карыпбек алдында турган Гүлканды көрдү. Канча жылдан кийин болсо да, бирин-бири жазбай таанышты.
– Сен белең?..
Гүлкандын карегинде «ушундай абалга жеттиң беле?» деген аяныч турган эле.
– Сен кайдан?
– Уулума келген элем. Аман Карыпбеков деген врач менин уулум.
– Демек... ал менин...
Карыпбек «уулумбу?» деген суроону бере алган жок. Алтургай «уулум» деп айтууга акысы жок экенин сезди.
– Гүлкан, кечире алсаң кечир. Мен бул жашоодон жаңылган адам экенмин. Өз бактымды, се­ни, уулумду чангам. Көрсө, бакыт кушум балам экөөңөрдө тура. Өз күнөөмдөн улам бактымды колумдан учуруп алдым.
Гүлкан жооп бергенге үлгүрбөй калды. Анткени, ары жактан уулу келе жаткан эле.
– Апа, көп күттүңүзбү? Мен даярмын,- деп келе жатып экөөнүн маанайын байкап токтоду. – Апа, бул байке экөөңүздөр тааныш белеңиздер?
Гүлкан көз жашын жутуп, Карыпбектен көзүн албай, башын жай чайкады.
– Жок, балам, мен бул адамды тааныбайм.
Аман апасын колтуктаган боюнча чыга берди. Сакалынан жаш тамган Карыпбек уулу менен Гүлкандын артынан армандуу тигилип туруп алсыз үн катты.
– Кечиргиле мени... Кечир ме­ни, уулум!

Нуржамал Жийдебаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
08.12.2013. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
657
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
12-11-2018 22:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Ehhh tagdyrdyn jazmyshynan eech kim kutula albasa kerek, bulda bolso jaratkandyn synoosu
01.02.2018. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
11-10-2018 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
0
Жашоо-бумеранг! Кудай баарын калыстык менен таразалайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: