(Башталышы өткөн сандарда)
Канчалык зарласа да боз топурак былк этпеди, ичинен энеси чыга калып мурункусундай маңдайынан сылап жолун көрсөтүп бере албады. Чарчаганда илкий басып Эрнис үйүнө жөнөдү. Биринчи өз үйүнө бара турган болду, кайра ошол үйдү көргүсү келбей энесиникине жөнөдү. Түтүн чыгып жаткан экен. Эмнегедир энеси үйдө бардай жүрөгү булкуп кетти. Түтүндөн улам үмүтү жана түшүп кадамдарын тездетип басты. Эшикти шарт ачып кирип барганында эки баласы тамак ичип жаткан экен. Жалт караган капкара көздөр. Алдастап, шаштысы кетип калды.
– Ата?
– Кандайсың?..
Ушуга чейин “балам” деп айтпаган жаны эмнегедир балам дегиси келип кетти. Өз атасы да катуу мүнөз эле, өзүн эркелеткени эсинде жок. Кызы корко тиктеп калды.
– Кел, ата.
Сырткы кийимдерин чечип отурган Эрнис үйдү айланта карады. Баары апасы бардай. Таптаза, тыкан, жайлуу, ысык экен үйү. Ичи ысып кетти.
Айдар чоң чыныга тамак куюп алдына койду. Нанга колун сунуп бир тиштеп алып чочуп кетти. Нан бышпай калган экен. Айдар жасаганы көрүнүп турат. Тамагына тыгыла калган жаш менен нанды кошо күрмөп жиберди. Жаш токтобойт. Чыныны жүзүнө калкаласа да болбой көзүнөн каканактаган жаштар куюлуп кетти. Абалын балдары байкабады. Алар өз ойлору менен эле. Арууке тамагын ичип бүтүп, байкесин жалооруй карады.
– Эмне болду, Аруш?
– Астыңа отурам...
Айдар кооптоно атасын карады. Урушуп жибербесе экен деп ойлоду. Ал өзү менен өзү. Арууке акырын агасына жакындай берди да, көнгөн адатынча алдына отура калып жүзүнө алакандарын койду.
Атасы келгенден бери эки ооз сөз сүйлөбөдү. Атүгүл жүзүнө деле тигилип карабады. Түпөйүл ойлор менен жатып Айдар уктап кетти. Эртең менен турса күн чыгып калган экен. От жагып, бөбөгүнүн курсагын тойгузуп мектепке кетчү эле, “кечиктим” деп ойлоп ыргып турду. От жагылып туруптур. Эртең мененки тамак да даяр экен. Көргөн көзүнө ишенбей калды. Сыртта күрөктүн кырт-кырт дегени угулду. Кандайдыр бейпилдик үйгө келгендей Айдардын жүрөгү жылып кетти. Колу-бетин жууп, даярдалган тамагын шаша-буша ичип, сыртка чыкты.
– Ата, мен сабакка кеттим.
– Ии, бар.
Эрнис жадырап өзүнөн жылуу сөз күтүп турган уулуна эмне деп айтарын билбей турду. Табиятында эт-бетинен кетип эркелеткен жок эле. Бирок бир нерсе күткөндөй бажырайган көздөрдү кыйбай кетти. Шымынын чөнтөгүн сыйпалай берип, жыйырма сом таап чыкты да, сунду.
– Карма, бир нерсе сатып ал.
Айдар сүйүнө акчаны алып мектебине чуркады. Атасы болгон сонун тура. Атасы акча берген, аны үшүбөсүн деп от жагып, тамак даярдап койгону сонун тура. Капыстан караңгы дүйнөсүнө күн чачырагандай ансыз да күйүп турган көздөрү балбылдай бара жатты. Жүрөгүн биринчи жолу атанын мээрими жылытты. “Атам сонун киши тура” деп ойлоду.
Сабактан келип көргөн көзүнө ишенбей калды. Атасы бир кыйла жумуштарды бүтүрүптүр. Чар жайыт жаткан короо чекчейип калыптыр. Кар күрөлүп, отундар өзүнчө, көңдөр өзүнчө жыйналып, үстү жабылып, айтор, бир сыйкырчынын колу келип жасап койгондой. Үйгө кирсе Аруукеси куурчак менен ойноп отурган экен.
– Аруш, ата кайда?
Эрнис бир нерсе кылып жаткан экен.
– Мынабу кыздын чачын алалы. Мени такыр жакындатпай жатат. Сен чачын жибитип бер.
– Аруштун чачынбы? Эмнеге?
– Ким карамак эле мунун чачын, кийин өстүрүп алат,- деди бурк эткен атасы.
– Ата, мен карайм, мен жууп турам. Албай эле коёлучу, ата,- деп чырылдап жиберди. Жупжумшак кебез сымал, бир аз тармал карындашынын чачтарын кыйбай турду. Көкүлү тармалданып тим эле куурчактай сонун көрүнчү.
– Суу жылып турат, кийимиңди чечип чачын жибитип бер,- деди атасы тоң гана. Кайрылып сөз айта албады Айдар. Ичи ачышып турса да эч нерсе дей албады. Бүжүрөтүп чачын жибитип келип, атасынын алдына берди. Бөбөгү эч каршылык көрсөтпөдү, болгону агасынын колун катуу кармап көзүн жумуп туруп берди. Чачын алып бүткөндөн кийин карап алып Айдар сыртка атып чыкты. Моюну илмийип, кулактары чыгып, чачтары жок бөбөгүнүн кебетесин көргүсү келбеди. Үйдү айланып барып ыйлап жиберди.
– Мен өзүмдүн балдарым болгондо эч качан чачтарын албайм,- деди бышактап. Чоң энеси барда экөөнүн тең чачтарын алчу эмес, тыпырайтып кайчысын алып чыгып өзү жарашыктуу кыркып берчү. Каалабаган нерсесин эч качан таңуулачу эмес чоң энеси. Ал тургай китеп капты да өзү каалаган сүрөтү менен сатып берген. Ого бетер өпкөсү көөп чыкты. Улутуна токтоп, анан үйгө кирди.
– Капа болбо, кыздын чачын экөөбүз карай албайбыз,- деди атасы туюк гана. Айдар башын ийкеп тим болду.
Ошентип үчөөнүн жаңы жашоосу башталды. Эрниске бир жаңы жашоонун учкуну пайда болду. Өзү да байкабай жашоонун жаңы агымына кирди. Максаты пайда боло баштады. Эки бала өздөрү да байкабай атасын жашоого кайтарышты. Түнт мүнөзү бир аз ачылып, Айдар менен кээде тамашалашып, кээде эркелете көтөнгө чаап, кызын сыртка ээрчитип чыгып, коңшу-колоң менен сүйлөшүп калды.
– Тиги Эрнис өзүнө келди байкуш.
– Эмне кылмак эле, балдардын карманганы жалгыз ошол калды.
– Сулкуюп эле жатчу мурун, азыр оокат кылып жатат, ай. Депрессия дейби, азыр ошондой оору болот тура.
– Ии, бечара, ошентсин, башка айла барбы? Баса, Айгүлдөн эч кабар жок го. Түркиядабы же Орусияга кетиптирби?
Айылда ошентип сүйлөшүп калышчу болду. Жаз келди. Атасына кол кабыш кылып жүргөн Айдар чарчап, атасынын жанына отура калды.
– Ии, чарчадыңбы?
– Жок.
– Жазгы иштерибизди бүтүрүп алалы, анан тиги үйдү сатам. Сага кунан алып берем. Өзүң таптайсың,- деп койду Эрнис.
– Чынбы?- көзү жайнап кетти Айдардын. Так маңдайында биринчи аялы Асия келе калгансып жүрөгү толкуп кетти Эрнистин. Баары окшош дешчү Айдарды апасына. Бирок өзү элес албаган экен. Азыр дал Асияны көрүп тургандай селдейди. Кайрадан жанын түтөткөн сагыныч эзип кетти.
– Алып берем.
– Ураа!- деп кыйкырып алды бала. Атасы ага бүтүндөй дүйнөнү тартуулагандай сүйүндү.
– Айдар, көйнөгүң кирдептир, чечип койчу, жууп салайын,- деди атасы негедир.
– Азырбы?
– Азыр.
Көйнөгүн чечип атасына карматты эле, ал далысын айланта карады. Анан өзүнүкүн чечти, далысынын алдындагы калды көрсөттү.
– Көрдүңбү, дал ушундай калың бар сенин да. Аруукенин да далысынын алдында калы бар. Эгерде бири-бирибизди жоготуп алсак, ушул кал менен издейбиз,- деп койду тамашалай.
Аттиң, ушул айтылган сөз үчүн өзүн миң жолу каргады кийин. Бирок айтылган сөз атылган ок. Тагдыр аларды бөлүп, балдары өзүн, бири-бирин тааныбай чоңоюп калары эч оюна келбеген эле. Айдар ал сөзгө анда такыр маани берген эмес. Эси-дарты атасы алып бере турган кунанда болчу. Ала элек кунанга ат коюп алганычы. Кыялында аны менен кунан чабышка түшмөк, балким, биринчини алмак, атасы аны менен сыймыктанып ат үстүнөн көтөрүп алмак. Балким, ошондо ал “жарайсың, уулум” деп кулагына шыбырамак. Аруукесин аркасына учкаштырып алып айылда өзү теңдүү балдарга мактанып бастырмак. Балким, анан апасы да алыстан келип калмак. Биринчи таарынса да Айдар апасын кечирмек. Чындап кечирмек. Болгону “экинчи бизди таштабачы, апа. Атам оңолду” деп өтүнмөк. Бирок мунун бири да болгон жок...
(Уландысы кийинки санда)