КОЙ (21.03-20.04)
Аптада кимдир бирөөнүн сырын элге жайбоо керек. Сүйлөгөн сөздү гана эмес, рационду да көзөмөлдөө кажет. Эскирген же сапаты начар тамакты жеп алуу коркунучу бар. Тууганыңыз планыңызды ишке ашырууга жардам берет.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үйдөгүлөргө берген убадаңызды аткара албай кыжалат болосуз. Бойдоктордун айрымдары мурунку сүйлөшкөн адамдарын кайтарууга аракет кылышат. Турмуштук тажрыйбасы бай адам менен баарлашып ички дүйнөңүз байыйт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Калп эле кежирлик кылбай үйдөгүлөр айткан идеяга кошулуу керек. Жагымдуу окуялар: достордун айттырбай келиши, чакан белек, үйгө буюм сатып алуу болмокчу. Маанилүү жаңылык угуп, ошого жараша бир иштерди жасайсыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жакын адамдардын моралдык колдоосуна муктаж болосуз. Алдыдагы кайсы бир иштер үчүн кыжалат болуунун кереги жок, өзүнөн-өзү бүтөт. Документ, сот, мураска тиешелүү иштер оң жакка чечилет.АРСТАН (23.07-23.08)
Сатып алайын деп ойлогон буюмга каражатыңыз жетпей, тааныштардан карыз сурашыңыз мүмкүн. Көп акча табуунун артынан жүрүп, жеке жашооңуз унутта калып баратканын сезесиз. Дем алыш күндөрү шаңдуу кампаниянын коногу болосуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Айрымдар жакшы ишке орношот же айлыгы жогорулайт. Сүйүү жаатында ийгиликтер күтүлбөйт. Үйдөгүлөр менен базар кыдырып, керектүүлөрдү сатып алууңуз ыктымал. Турак жайга байланышкан маселени чечүүгө катышасыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Иште команда менен бирге иштесеңиз гана оозго алынасыз. Үйдөгүлөргө оюңузду таңуулап жиндерине тийбеңиз. Жаңы тааныш таап, анын жардамынан пайдаланасыз. Жакын санаалаш адамыңызга конокко барасыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Коомдогу ордуңуз бекемделет, каражатыңыз көбөйө баштайт. Элдин көңүлүнүн борборунда болуудан улам имиджди өзгөртөсүз. Бир маселеден улам керектүү адамдар менен айтышып калуудан сактаныңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Айрымдардын үйүндө бөбөк үнү жаңырса, айрымдар ойдо жок жерден кече уюштурушат. Өзүн элге тааныткысы келгендер аракет кылуулары керек, убактысы келди. Сизге көз кырын салып жүргөн адам жакындаша баштайт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жакшы маанайыңызды уятсыз адамдын бузушуна жол бербеңиз. Таарынткан адам менен жарашуу, жаңы окуу жылына даярдык көрүү ойдогудай болот. Социалдык тармак аркылуу же коомдук унаада бирөөлөр менен таанышасыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бир кезде бирөөгө туура эмес кылган ишиңиз өз башыңызга келет. Үйдү оңдоп-түзөө же кошумча курулуш иштерине кийлигишип, бир топ чарчайсыз. Бирөөлөрдүн сөзүнө кирип, интригага аралашпаңыз.
Иште жаңы адамдар келип, өзгөрүүлөр болот. Каражатты көбөйтүү жаатында идеялардын ыңгайлуусун тандап алып, ишке киришүү оң. Алыста жүргөн жакыныңыз жакшы кабары менен бөлүшөт.