Эгемендүүлүккө 28 жыл. ТОЛУК КАНДУУ ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨ БОЛО АЛДЫКПЫ?

31-августта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алганына 28 жыл толот. Көз карандысыз Кыргыз өлкөсү чейрек кылымдан ашуун убакытта тар жол, тайгак кечүүнү көп эле басып өттү. Жаманбы-жакшыбы дүйнөдө өз ордун тапты. Ошентсе да 30 жылга чукул убакытта Кыргыз өлкөсү чыныгы көз карандысыздыкка жетише албады деген сындар айтылып келет. Майрамды утурлай “Толук кандуу эгемендүү өлкө боло алдыкпы?” деген суроо менен айрым инсандардын пикирин сурадык.

Гүлжигит Исаков, жарандык активист:
“ЭКОНОМИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК БОЛМОЮНЧА, ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮ СӨЗ КЫЛУУ МҮМКҮН ЭМЕС”
– Биз акыркы 28 жыл ичинде толук кандуу эгемендүү өлкө боло алган жокпуз. Эгемендүүлүк жарыялангандан бери башыбызга мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган инсандар келген жок. Советтик доордо буйрук, көрсөтмө менен иш жасап келген аткаруучулар көз карандысыздыктын кадырына жете албай, чет өлкөлүк аферист консультанттар менен биргеликте элдик байлыктарды талап-тоноо жолуна түшүштү.
Экономикалык көз карандысыздык болмоюнча, эгемендүүлүктөн сөз кылуу мүмкүн эмес. Эгемендүү саясатты эркин адамдар гана жүргүзө алышат. Көз карандысыздыкка жетүүнү ушул адамдарды бийликке алып келүү менен гана ишке ашыра алабыз.

Жанар Акаев, депутат:
“САЯСИЙ, ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ЧОҢ ДЕРЖАВАЛАРГА КӨЗ КАРАНДЫ БОЛУП КАЛУУДАБЫЗ”
– Албетте, өзүбүздүн туубуз, баш мыйзамыбыз, тилибиз, элибиз бар, эгемендүү өлкөбүз. Бирок саясий жана экономикалык жактан чоң державаларга дагы деле көз каранды бойдон калып жатабыз. Буга так ошол 28 жылдан бери саясаттан кетпей жүргөн биздин тырмакчанын ичинде айтканда, "элитанын" да күнөөсү бар. Шайлоо сайын Орусия, Казакстанга колдоо издеп барышат, ошолордон жардам күтүшөт. Өз элинен колдоо алуу бул экинчи орунга чыгып калган. Ошондой эле экономикабыз да Кытай, Орусиядан көз каранды болуп калууда. Ошон үчүн жалпы элдин колдоосуна ээ болгон лидер болсо, ал кубаттуу экономика түптөсө, эч кимден колдоо күтпөй, тең ата мамиле жасап калган күн болот эле.

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер:
“ЖАШ МУУН МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ КАЛДЫ”
– Кыргызстан негизи 2 жолу эгемендүүлүккө ээ болду. Биринчиси – Союз убагында Кыргызстан республика катары башка 15 республика менен чогуу союз курууга кол коюп, ошондо эгемендүү мамлекет болгон: өзүнүн Конституциясы, парламенти, өкмөтү болуп, жоголуп бараткан мамлекет кайра калыптанды. Бул учурда Кыргызстан экономикалык жактан гүлдөп, 50 мамлекетке ар түрдүү тармактагы өндүрүшүн экспорт кыла алды, ошондой эле саясий жактан дагы кайсы бир деңгээлде көз карандысыздыгы болгон. Кийин Союз тарагандан кийин өз алдынча экинчи жолу эгемендүүлүктү алды. Ушул убактан кийин, тилекке каршы, башка мамлекеттер менен чогуу союздаш болуп турган учурда тапкан мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгын 28 жылдын ичинде жокко чыгарууга жетишти. Социалдык жагын алып карайлы. Мурда элдин 100 пайыз билим алышына шарттар түзүлгөн болсо, азыркы убакта 24 пайыздын тегерегиндеги жаш муун мектепке барбай калышты. Демек, бул пайыз деген 700-800 миң адам сабатсыз болуп калды дегенди түшүндүрөт. Кийин бул муун мамлекеттин атуулу катары шайлоо укугуна ээ адам болуп чыкканда билимсиз бир катмарды түзүп калат.

Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:
“БИЗ ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨ БОЛО АЛДЫК”
– Биз кандай гана сындабайлы Кыргыз өлкөсү өз алдынча түтүн булаткан эгемендүү мамлекет боло алдык. Биз постсоветтик мамлекеттердин ичинен азыр демократиялык баалуулуктары жактан, сөз эркиндиги жактан алдыдабыз. Жаңы парламенттик формага өтүп, демократиялык багытта бара жаткан мамлекеттердин алдыңкы сабында турабыз. 28 жылдын ичинде көптөгөн тар жол, тайгак кечүүдөн, сыноо, оош-кыйыштардан өттүк. Күчтүү мамлекет болуп калыптаныш үчүн ал бир топ сынактардан өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз бул сынактардан ийгиликтүү өтүп келе жатабыз.

Адил Турдукулов, жарандык активист:
“МААЛЫМАТ САЯСАТЫНДА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК ЖОГОРУ”
– Менин оюмча, толук кандуу көз карандысыз болгон жокпуз. Анткени эң оболу эле экономикабыз чабал, тыштан насыяларды алып жашоого муктажбыз, аларга көз карандыбыз. Биздин экономика чабал болгондуктан тышкы миграция өнүгүп, жигердүү жаштардын бардыгы сырт жакка агылып кетишти. Мындан тышкары өзүбүздүн аймактарды тактап, башкара албай жатабыз. Чек арадагы чыр-чатактардын байма-бай чыгып жатышы буга мисал болот. Маалыматтык саясаттан да аксап турабыз. Өзүбүздүн маалыматтык саясатты да туура жүргүзө албай жатабыз. Анткени көбүнесе биз сырткы маалыматтарга сугарылып, ал жактан бизге карата жасалып жаткан саясаттын курмандыгы болуп калуудабыз. Алардын бизге койгон программалары өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкка дал келбейт. Эгемендүү мамлекеттерде өзүнүн маалымат булактарына ишенет жана ага таянат. Эгер ички маалымат саясаты чабал болсо, анда сырткы күчтөрдүн маалыматынын таасири басымдуу болуп кетет.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан