БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТ ҮЙ КАМАГЫНА АЛЫНДЫ...

  • "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычында өлкө боюнча 306 камера орнотулары расмий маалымдалды.
  • Улуттук статистика комитети: Быйыл 6 айда 295 миң жаран чакан каржы уюмдарынан насыя алды.
  • Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон УКМК кызматкери Үсөнбек Ниязбековго "Эрдик" медалы ыйгарылды.
  • Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын камакка алынган 135 мүлкүнүн 20сы текшерүүдөн кийин кайра камактан бошотулду.
  • Казакстандын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси болуп Кайрат Нурпеисов дайындалды.
  • Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, парламент депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына алынды.
  • Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин апасы дүйнө салды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Өлкөдө 16 мектеп урап калуу абалында.
  • Сапар Исаков ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулду.
  • Сентябрдан тарта Бишкекте автобустарда жол кирени электрондук түрдө төлөө системи ишке киргизилмекчи.
  • Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева коррупцияга шектелүүдө. Ал сот чечими менен үй камагына алынды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан