Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди 27-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Асанов өзүнө тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айтып, ошол эле маалда «акыйкат тергөө жүрүп жатат, мыйзамга ишенем» деп билдирди.
8-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деп министрдин орун басарлыгынан бошотулган. Тагыраагы, Кой-Таштагы операция учурунда жеке кызыкчылыгын көздөп Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен деп айтылган. Башкы прокуратура
Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, анын негизинде "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.
Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына байланыштуу документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталып жатат.
Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов да Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык ушул жылдын 21-октябрына чейин үй камагына алынган. Ага «алдамчылык» боюнча айып тагылууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg