ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВГЕ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТ КАЙТАРЫЛЫШЫ КЕРЕКПИ?

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго каршы чыккан бардык сот чечимдери, өкүм жокко чыгарылып, кылмыш ишинин материалдары Жогорку Соттон Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого келип түштү. Муну менен саясатчынын «соттолгон» деген статусу жоюлду.
Бул арада Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары аталган экaи саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты. Бул өтүнүчтү сот 29-августта карайт. Канааттандырылса, Текебаев менен Чотонов абактан бошотулат. Эгер эркиндикке чыкса, Текебаевге депутаттык мандаты кайра берилиши керек деген талаптар айтылууда. Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов: "Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Депутаттын мандатын кайтарып берүү боюнча мыйзамда нормалар жок»,- деп билдирди. Бирок мыйзамда айыпсыз соттолгон жарандын бардык укуктарын мамлекет калыбына келтирип, кенемте төлөп бериши керек деген норма бар. Эгер Текебаев менен Чотонов акталчу болсо, бул маселе сөзсүз күн тартибине коюлат.
Эскерте кетсек, 21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата мурдагы соттук чечимдерди жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберген.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан