Сооронбай Жээнбеков: «ЭМИ БАРДЫК СОТТУК ПРОЦЕССТЕР АЧЫК-АЙКЫН БОЛОТ»

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө сот системин, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды жакшыртуу иши күчөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 22-августта Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда айтты.
«Эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскө болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо негизги көңүл бурулуучу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат. Тергөөнүн жүрүшү, сот процесси ар бир жаранга жеткиликтүү болот. Эми кааласа сот процесстерин ачык өткөрүп, кааласа жабык кароого мүмкүндүк болбойт»,- деди президент.
Өлкө башчы сот-укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин белгиледи. «Реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эңсеген күчтөр аз эмес. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок биз алган багытыбыздан кайтпай, алдыга кадам ташташыбыз керек»,- деп кошумчалады Жээнбеков.
Президенттин сөзү аткарылабы-жокпу, ал айткан ачык-айкындуулук, мыйзамдуулук пайда болобу, алдыдагы соттук процесстерден байкалат. Мисалы, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча арызды өз имаратында, пресса өкүлдөрүнүн катышуусунда эмес, УКМКнын имаратында карады.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан