САДЫР ЖАПАРОВДУН ТУН УУЛУ КАЗА ТАПТЫ. «КЕЧИР, УУЛУМ, СЕНИ ҮЙЛӨНТӨ АЛБАЙ КАЛДЫМ»

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун уулу Дастан жол кырсыгынан каза тапты. Кырсык 22-августта түнкү саат 10-11 чамасында Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында болгон. Жигит төрт күн ооруканада комада жатып, өзүнө келбей көз жумду.
Адегенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык тууралуу: «Дастан Садыр уулу мотоцикл айдап, артында 20 жаштагы кыз учкашып бара жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, мотоцикл катуу ылдамдыкта баратып дүкөндүн аянтчасында токтоп турган автоунааны сүзгөн»,- деп маалымат таратты.
Көп өтпөй интернетке кырсык болгон учур тартылган тасма тарады. Анда мотоцикл токтоп турган эмес, унаа токтотуучу жайдан туура эмес чыгып, бурулганы жаткан автоунаага урунганын көрүүгө болот. Садыр Жапаровдун жакындары атайын кайрылуу жасап, анда кырсык тууралуу милиция жалган маалымат таратып жатканын белгилешти.
27-августта камакта жаткан Садыр Жапаров уулунун өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну сотко бербей турганын жарыялады. Ал «кокустук болуптур. Арыз жазуу менен уулумду кайтарып ала албайбыз. Кудайдын буйругуна баш ийели» дегенин анын жакындары билдиришти. Саясатчынын бул чечимин коомчулук «айкөлдүк» деп кабыл алды.
Дастан Садыр уулунун сөөгү 28-августта кичи мекени – Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында жерге берилди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго айылына барып, уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берди. 2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы каза болгон, анда бийлик Жапаровго атасына топурак салууга барууга уруксат берген эмес. Быйыл жазында саясатчынын апасы дүйнө салган, Жапаров апасын акыркы сапарга узатууга катышты. Бир нече айдан кийин саясатчы эми уулу менен коштошууга аргасыз болду.
«Негизи жол берилбейт экен, жакындарынын тажыясына катышуу боюнча мыйзамда жазылбай калыптыр. Уулумду акыркы сапарга узатууга жөнөткөнү үчүн Жээнбековго (ред.: президент Сооронбай Жээнбеков) рахмат.
Дастан, уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым. Эң оору балаңды, ата-энеңди жоготуу экен»,- деди акыркы сапарга узатуу зыйнатында Садыр Жапаров.
Дастан Садыр уулу 27 жашта болчу. Ал мындан 7 жыл мурун аскердик милдетин өтөп жаткан кезде «Супер-Инфо» гезитине маек куруп, атасы, келечеги тууралуу кеп кылган. «Атам бизди мекенди сүйүүгө үйрөтүп тарбиялайт. Башында депутаттын баласы да армияга келеби дегенсип мени таңыркап карашчу»,- деген эле.
Көпчүлүк "Садыр Жапаров оор сыноону баштан өткөрүп жатат, ушундай учурда бийлик аны абактан бошотушу керек" деген талаптарды айтууда. Эскерте кетсек, жакында Аламүдүн райондук соту, андан кийин Чүй облустук соту да Садыр Жапаровду мунапыс аркылуу мөөнөтүнөн эрте шарттуу бошотуудан баш тартышкан.

Удаасынан 3 жакынынан ажыроо, айрыкча өз баласын акыркы сапарга узатуу ата-эне үчүн абдан оор. Садыр мырзанын абалын түшүнүп турабыз. “Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Жараткандын дагы бир сыноосун баштан өткөрүп жаткан Садыр Жапаровго, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан