Кадыралы Артыков менен Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ырды билбеген кыргыз болбосо керек.
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.
Махабаттын аруулугун, түбөлүктүүлүгүн баяндаган бул ырдын өмүрү узун болуп, муундан-муунга өтүп ырдалып келет. Былтыр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова аталган чыгарманы жаңылап аткарып, клип тартышкан. Көп жылдан бери эл оозунан түшпөй келе жаткан ырдын тарыхына кайрылабыз.
Надырбек Алымбеков, Кыргыз Республикасынын Эл акыны:
«МЕНИ МАХАБАТТЫН АКЫНЫ ДЕШЧҮ»Ырдын автору Надырбек Алымбековдун калемине таандык 200дөй ырга обон жаралып, эл арасында ырдалып жүрөт. Майрамбек Осмоновдун «Периштем», Самара Каримованын «Жаз», Керим Тураповдун «Айылга кат», Роза Аманованын «Арманда кетти бир аккуу», Кадыралы Артыков менен Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы «Ырдалып бүтпөйт махабат» жана башкалар. Надырбек агайдын 25 чакты китеби бар. Анын ырлары орус, англис, казак, өзбек, түрк, уйгур, грузин жана азербайжан тилдерине которулуп, китеп болуп чыккан.
– Агай, саламатсызбы? Сиз качантан бери ыр жазып, чыгармачылыкка киришкенсиз?
– Саламатчылык. Мен акындыкка кечирээк келген кишимин. 50 жашка жакындаганда гана ыр дүйнөсүнө келгем. Ага чейин 30 жыл өнөр жайда жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматка чейин иштедим. Чыгармачылыкты баштаганда эле махабаттан баштадым. «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ыр алгачкы китебимде жарык көрүп, китеп ырдын аталышын алган. Махабат жаш-карыга карабайт экен. Чалдарда деле сезим жашай берет тура. Мени илгери махабаттын акыны дешчү. Учурда махабат темасында 300дөй ырым бар. Көп ырларыма обон жаратып аткарып жүрүшөт, бирок авторун көбү көрсөтүшпөй, көмүскөдө калат.
– Айтылуу «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ырыңыз тууралуу сурабасам болбос. Ыр эмнеден улам жаралды эле?
– Ырларды асмандагы ак булутту карап эле жазып койбойбуз. Адам болгондон кийин жаш кезде махабаттын чогун жуткан кездер баштан өткөн. Ошолорду ойлоп, эстеп жазгам. Бул ырым Каныкей Эралиевага аябай жаккан экен. Бир жолу үйүнө чакырып, «ушул ыр жакты, мен обон жазып жатам» деп обонун угузду. Мага жаккан жок, ошондо Каныкей «ырдын жакасын кундуз, топчусун бермет кылып, сулуулап, буралтып алып чыгабыз. Ошондо сизге жагат» деди. Кийин чын эле өзү айткандай сулуулап чыгыптыр, жакты.
Мен сүйүү темасына көп кайрылганым менен, «кучагымда болдуң, анттим-минттим, өптүм» деген ырларды жазбайм. Ыр саптарым аркылуу махабаттын философиясын, пайдалуу жагын бергенге аракет кылам.
Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.
Албетте, жашоо ойдогудай болбойт. Дүйнөдө эмне көп, арман көп. Арман болгондо ушундай саптар жаралат. Махабат эч качан бүтпөйт. Махабат бул Жараткандын адамдарга берген сыноосу.
– Акындар үчүн ыр баласындай эле да. «Балдарыңызга» берилип жаткан жаңы өмүрлөр купулуңузга толобу?
– Жубайыма арнаган «Периштем» деген ырым Майрамбек Осмоновго атак алып келди. Ошол ырды Майрамбек жакшы аткарган. Азыр Нурлан Насип деген жигит ырдап жатат дейт. Аны уга элекмин.
Ырчылар ырды аткарарда авторун да айтып жүрсө дейм. Биздикилерде кээде маданият жетиштүү болбой калат. Менин «Жаз» деген ырымды Самара Каримова ырдады. Мурунку жылы бир жактан чоң белек алып, Атайбек Бөдөшовду чакырды. Ошондо экөө бири-бирин аябай макташты. Ал эми сөздүн автору ким экени айтылган жок. Атайбек деле бир ооз ырдын сөзү Надырбек агамдыкы деп айтып койбоду.
Карап отурсам, ырчылар өздөрү деле авторлорду билишпейт. Бирөөдөн үйрөнүп алып ырдай беришет. Кийин кимдики десе, өзүмдүкү дешет. Илгери Эстебес (ред. Турсуналиев) агабыз «сөзү элдики деп айта беришет. Эл бир дөбөгө чогулуп алып сөз же обон чыгармак беле? Бир байкуш жан дүйнөсүнөн чыгарып эмгек жаратат. Эмгек элге тарап кетет да, ал байкуштун аты унутулуп калат» деп айтчу. Ошол сыңары, ырдын авторун унуттурбай айтып турушса жакшы болмок.
– Рахмат агай, мындан ары да легендага айланчу ырларыңыз көп болсун!
Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, аткаруучу:
«ЫРДЫН ӨМҮРҮ УЗУН БОЛГОНУНА КУБАНАМ» – Надырбек Алымбеков 1996-жылы Ош драма театрында чыгармачылык кечесин өткөргөн эле. Атайбек (ред. Бөдөшов, жолдошу) ооруп калып бара алган жок. Биз Райхан Абдувалиева, Роза Аманова, Болот Токтобаев, Маматибраим Бостонкулов жана башка акын, обончулар болуп бардык. «Ырды аккордеондо ойноп бергилечи» десем, «кыйын экен» деп көпчүлүгү баш тартып, жалгыз Болот Токтобаев жарым саатта үйрөнүп, аккордеон ойноп, мен ырдагам. Ошентип ырдын бет ачары автордун чыгармачылык кечесинде болду.
Надырбек Алымбековдун «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ыры биринчи китебинде чыккан. Китепте обонго ылайыктуу, жөнөкөй тил менен жазылган көп ырлар бар. Арасынан мага аталган ыр абдан жакты. Ыр саптарындагы керемет сөздөр ушундай музыка жазууга түрткү берди. Ырды адегенде өзүм жалгыз аткарып жүрдүм. Кийин дуэт кылалы деген чечимге келип, биринчи Кадыралы Артыков менен, андан соң Султан Каримов менен дуэт аткардым. Биздин заманда азыркыдай тойлор болчу эмес. Тойго ырдаганды уят көрчүбүз. «Ай-ий, тойдо ырдап жүрөт деп айтат» дечүбүз. Аталган ырды концерт, маданий иш-чараларда көп аткардык. Эл арасында да ырдагандар көп болду, азыркыга чейин ырдап жүрүшөт.
Кийин өзүңөр көргөндөй, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова, Адилет Азимов менен Эмилия Буркановалар жаңы аранжировка менен аткарып жатышат. Ар бир аткаруучу ырга кичинекей болсо да өзүнүн чыгармачылык үлүшүн кошот. Ырдын өмүрү узун болуп жатса, аны сындабай, кубануу гана керек. Демек, ал чыгарма жашап жатат.
Чынында «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу ырды жаңы ырдаганда өзүбүз эле ырдайбыз деп ойлогонбуз, минтип ооздон-оозго өтүп ырдалат деген ой болгон эмес.
Кадыралы Артыков, Каныкей Эралиева
«ЫРДАЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ»
Сөзү: Надырбек Алымбековдуку
обону: Каныкей Эралиеваныкы
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.
Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.
Күндө өтүп турса сапар бат,
Күлгүн жаш келбейт катарлап.
Гүл азык болуп өмүргө,
Гүл бойдон калат махабат.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg