Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МАХАБАТТЫН АРУУЛУГУН ДАҢКТАГАН «ЫРДАЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ» ЫРЫ

№878 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж


Кадыралы Артыков менен Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ырды билбеген кыргыз болбосо керек.
Ыймандан дилиң
тазарат,
Ырлардан көңү
л жашарат.
Ыр менен жашап түбөлү
к,
Ырдалып бүтпө
йт махабат.
Махабаттын аруулугун, түбөлүктүүлүгүн баяндаган бул ырдын өмүрү узун болуп, муундан-муунга өтүп ырдалып келет. Былтыр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова аталган чыгарманы жаңылап аткарып, клип тартышкан. Көп жылдан бери эл оозунан түшпөй келе жаткан ырдын тарыхына кайрылабыз.


Надырбек Алымбеков, Кыргыз Республикасынын Эл акыны:
«МЕНИ МАХАБАТТЫН АКЫНЫ ДЕШЧҮ»

Ырдын автору Надырбек Алымбековдун калемине таандык 200дөй ырга обон жаралып, эл арасында ырдалып жүрөт. Майрамбек Осмоновдун «Периштем», Самара Каримованын «Жаз», Керим Тураповдун «Айылга кат», Роза Аманованын «Арманда кетти бир аккуу», Кадыралы Артыков менен Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы «Ырдалып бүтпөйт махабат» жана башкалар. Надырбек агайдын 25 чакты китеби бар. Анын ырлары орус, англис, казак, өзбек, түрк, уйгур, грузин жана азербайжан тилдерине которулуп, китеп болуп чыккан.

– Агай, саламатсызбы? Сиз качантан бери ыр жазып, чыгармачылыкка киришкенсиз?
– Саламатчылык. Мен акындыкка кечирээк келген кишимин. 50 жашка жакындаганда гана ыр дүйнөсүнө келгем. Ага чейин 30 жыл өнөр жайда жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматка чейин иштедим. Чыгармачылыкты баштаганда эле махабаттан баштадым. «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ыр алгачкы китебимде жарык көрүп, китеп ырдын аталышын алган. Махабат жаш-карыга карабайт экен. Чалдарда деле сезим жашай берет тура. Мени илгери махабаттын акыны дешчү. Учурда махабат темасында 300дөй ырым бар. Көп ырларыма обон жаратып аткарып жүрүшөт, бирок авторун көбү көрсөтүшпөй, көмүскөдө калат.

– Айтылуу «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ырыңыз тууралуу сурабасам болбос. Ыр эмнеден улам жаралды эле?
– Ырларды асмандагы ак булутту карап эле жазып койбойбуз. Адам болгондон кийин жаш кезде махабаттын чогун жуткан кездер баштан өткөн. Ошолорду ойлоп, эстеп жазгам. Бул ырым Каныкей Эралиевага аябай жаккан экен. Бир жолу үйүнө чакырып, «ушул ыр жакты, мен обон жазып жатам» деп обонун угузду. Мага жаккан жок, ошондо Каныкей «ырдын жакасын кундуз, топчусун бермет кылып, сулуулап, буралтып алып чыгабыз. Ошондо сизге жагат» деди. Кийин чын эле өзү айткандай сулуулап чыгыптыр, жакты.
Мен сүйүү темасына көп кайрылганым менен, «кучагымда болдуң, анттим-минттим, өптүм» деген ырларды жазбайм. Ыр саптарым аркылуу махабаттын философиясын, пайдалуу жагын бергенге аракет кылам.
Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.
Албетте, жашоо ойдогудай болбойт. Дүйнөдө эмне көп, арман көп. Арман болгондо ушундай саптар жаралат. Махабат эч качан бүтпөйт. Махабат бул Жараткандын адамдарга берген сыноосу.

– Акындар үчүн ыр баласындай эле да. «Балдарыңызга» берилип жаткан жаңы өмүрлөр купулуңузга толобу?
– Жубайыма арнаган «Периштем» деген ырым Майрамбек Осмоновго атак алып келди. Ошол ырды Майрамбек жакшы аткарган. Азыр Нурлан Насип деген жигит ырдап жатат дейт. Аны уга элекмин.
Ырчылар ырды аткарарда авторун да айтып жүрсө дейм. Биздикилерде кээде маданият жетиштүү болбой калат. Менин «Жаз» деген ырымды Самара Каримова ырдады. Мурунку жылы бир жактан чоң белек алып, Атайбек Бөдөшовду чакырды. Ошондо экөө бири-бирин аябай макташты. Ал эми сөздүн автору ким экени айтылган жок. Атайбек деле бир ооз ырдын сөзү Надырбек агамдыкы деп айтып койбоду.
Карап отурсам, ырчылар өздөрү деле авторлорду билишпейт. Бирөөдөн үйрөнүп алып ырдай беришет. Кийин кимдики десе, өзүмдүкү дешет. Илгери Эстебес (ред. Турсуналиев) агабыз «сөзү элдики деп айта беришет. Эл бир дөбөгө чогулуп алып сөз же обон чыгармак беле? Бир байкуш жан дүйнөсүнөн чыгарып эмгек жаратат. Эмгек элге тарап кетет да, ал байкуштун аты унутулуп калат» деп айтчу. Ошол сыңары, ырдын авторун унуттурбай айтып турушса жакшы болмок.

– Рахмат агай, мындан ары да легендага айланчу ырларыңыз көп болсун!

Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, аткаруучу:
«ЫРДЫН ӨМҮРҮ УЗУН БОЛГОНУНА КУБАНАМ»

– Надырбек Алымбеков 1996-жылы Ош драма театрында чыгармачылык кечесин өткөргөн эле. Атайбек (ред. Бөдөшов, жолдошу) ооруп калып бара алган жок. Биз Райхан Абдувалиева, Роза Аманова, Болот Токтобаев, Маматибраим Бостонкулов жана башка акын, обончулар болуп бардык. «Ырды аккордеондо ойноп бергилечи» десем, «кыйын экен» деп көпчүлүгү баш тартып, жалгыз Болот Токтобаев жарым саатта үйрөнүп, аккордеон ойноп, мен ырдагам. Ошентип ырдын бет ачары автордун чыгармачылык кечесинде болду.
Надырбек Алымбековдун «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ыры биринчи китебинде чыккан. Китепте обонго ылайыктуу, жөнөкөй тил менен жазылган көп ырлар бар. Арасынан мага аталган ыр абдан жакты. Ыр саптарындагы керемет сөздөр ушундай музыка жазууга түрткү берди. Ырды адегенде өзүм жалгыз аткарып жүрдүм. Кийин дуэт кылалы деген чечимге келип, биринчи Кадыралы Артыков менен, андан соң Султан Каримов менен дуэт аткардым. Биздин заманда азыркыдай тойлор болчу эмес. Тойго ырдаганды уят көрчүбүз. «Ай-ий, тойдо ырдап жүрөт деп айтат» дечүбүз. Аталган ырды концерт, маданий иш-чараларда көп аткардык. Эл арасында да ырдагандар көп болду, азыркыга чейин ырдап жүрүшөт.
Кийин өзүңөр көргөндөй, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова, Адилет Азимов менен Эмилия Буркановалар жаңы аранжировка менен аткарып жатышат. Ар бир аткаруучу ырга кичинекей болсо да өзүнүн чыгармачылык үлүшүн кошот. Ырдын өмүрү узун болуп жатса, аны сындабай, кубануу гана керек. Демек, ал чыгарма жашап жатат.
Чынында «Ырдалып бүтпөйт махабат» аттуу ырды жаңы ырдаганда өзүбүз эле ырдайбыз деп ойлогонбуз, минтип ооздон-оозго өтүп ырдалат деген ой болгон эмес.


Кадыралы Артыков, Каныкей Эралиева

«ЫРДАЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ»

Сөзү: Надырбек Алымбековдуку
обону:
Каныкей Эралиеваныкы

Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.

Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.

Күндө өтүп турса сапар бат,
Күлгүн жаш келбейт катарлап.
Гүл азык болуп өмүргө,
Гүл бойдон калат махабат.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
02.09.2019. 09:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
21-09-2019 05:42
Жынысы:
Белгисиз
+11
Асель ырдабай эле койсо
02.09.2019. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
21-09-2019 00:10
Жынысы:
Белгисиз
-10
Башкасын билбейм Нурлан мн Асел сопсоонун ырдаган, кайра кайра уккандан тажабаймын, бирок албетте авторду айтып журуш керек, Самарага жол болсун дагы эмгек синирген имиш
02.09.2019. 21:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
643
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2019 20:40
Жынысы:
Белгисиз
+10
Башкасын билбейм ушу Самара элдин ырын ХХХХ ырдоо боюнча астына киши салдырбайт го
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-03 09:45:01
03.09.2019. 00:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
21-09-2019 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырдын сөзүнүн авторун сөзсүз айтыш керек. Н. Алымбековдун ырлары сонун. Арманда кетти бир ак куу ырынын сөздөрү да укмуш. Роза Аманова ырдайт го жүрөктү эзип. Таттыбубуго арналган
03.09.2019. 01:17 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
08-09-2019 20:23
Жынысы:
Белгисиз
+7
Каныкей эжекебиз жакшы ырдаган. Калганын айта албайм.
03.09.2019. 01:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
21-09-2019 00:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы ырлардын кобу ушул агайга таандык турбайбы. Рахмат эмгектерине. Менин байкашымча Гулнур Сатылганова эжекебиз дайыма ыр ырдаарда авторун, компазиторун айтып отот. Бул адамгерчиликтин, сыйдын анан озунун маданиятынын белгиси.
03.09.2019. 10:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
21-09-2019 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маданияттын "мыкты"кызматкерлери.шоу бизнес"звездалары"ырдап тим болбостон.ырдын авторун унутпаныздар.айтып койсонуз авторитетиниз тушуп калбааайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22895;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: