Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ИЙИНИНЕ ЖӨЛӨНӨ ТУРГАН АДАМЫМ – АГАМ БОЛДУ»

Өнөр адамы болобу, карапайымбы аялзаты ар дайым колдоого, коргоого муктаж. Бул жолу ырчы Алтынай Нарбаева өзүнүн жашоосундагы эң маанилүү болгон эркектер, атасы, агалары, жолдошу, уулу тууралуу айтып берди.

«ТҮРМӨДӨН ЧЫККАНДАР АТАМА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИШЧҮ»
– Кыз баланын идеал туткан биринчи адамы атасы болот эмеспи. Атам Абдулла Нарбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон. Эки кызыл жылдызы бар эле, бир кызыл жылдыз жетишпей калган үчүн Советтер Союзунун Баатыры аталбай калган. Көзү өтүп кеткенине 10 жыл болду. Атам бою узун, сары, сулуучумак, жылдыздуу киши эле. Согуштан соң райондук милициянын, кийин түрмөнүн башкармасы болгон экен. Кызыгы, түрмөдө жаткандар эркиндикке чыккандан кийин издеп келип атама ыраазычылык билдирип кеткен учурлар болчу. Анткени көбүнө атамдын жардамы тийиптир. Кесибине жараша катаал мүнөзү бар эле, бирок дээринен эч кимден жардамын аябаган, дардаңдаган, колунда болсо эле чачып жибере турган адам болчу. Кудай деле билип кошсо керек, апам оор басырыктуу, атам жеңилирээк болчу үлүп). Атам ар жылы 9-Майды аябай күтчү. Жеңиш күнүнө арналган жүрүштө кайрадан туулгандай маңдайы жаркырап, бактылуу болчу. Бизге да анын майрамдык маанайы сиңип калган экен, кадимкидей 9-Майды күтүп, жыл сайын жакшы өткөрөбүз. Мурун атамды сагынып ыйлай берчүмүн, азыр өзүмдү токтотуп калдым. 5-6 жыл аралыгында атам, апам, үч агам удаа каза болуп аябай оор абалда калдым. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш тура деп эки жылдан бери аларды эстеп көп ыйлабай калдым. Куран окуткандан башка айла жок экен.
Менин кичине кезим атамдын пенсияга чыккан убагына туш келди. 5-6 жаштарда болсом керек, мени алдына жаткырып алып жонумду сыйпалап берчү. Эмгектен туурулуп кеткен колдору тикенектей катуу эле, далымды кармаласа мышыктай болуп тизесинде жата берчүмүн. Мени «мама кызым» дечү. Кийин чоңоюп, мектепке барып калганда атамдан акча сурачумун. Ачканда тырс деп үн чыга турган капчыктар болчу эле го, ачып туруп «мына, көрдүңбү жок» деп кайра тырс эттире жаап алчу. Анан мурутун сылап туруп «ээ, Аллах» деп басып кетчү. Менимче, акчасын башка жерге бекитип койчу болуш керек, анткени жоро-жолдоштору менен чайханага көп барчуүлүп). Мүнөзүм атама көбүрөөк окшош. Апам кичинемде «камгаксың» дей берчү. Кийин билсем, камгак чоң чөп болот экен, бирок байкуштун тамыры кичине болгон үчүн шамал кайда айдаса ошол жакка учат экен. Камгактай жеңил, тез ачуум келип, тарс-тарс сүйлөп салган мүнөзүм бар эле. Азыр чөпкө айланып, кийин жерге тамырымды терең жайып, бак-шактуу дарак болуп, анча-мынча шамалды тоготпой калдым үлүп). Камгактыгым, катуу сүйлөгөнүм атамдан калган.
Чоң атам комузда аябай жакшы ойночу экен, айылда аңыз кылып айтып калышат. Чоң атабыз ымыркай кезинде өтө ыйлаак болгон экен, кыштын күнү арабада ыйлап баратса атасы жини келип карга ыргытып жибериптир. Араба катуу бараткан го, чоң энем түшө калып баргыча карга түшкөн баланын сөөмөйүн үшүк алып кетиптир. Ошондон бир манжасын кесип салышыптыр. Антсе да сөөмөйсүз үч манжасы менен комуз чертсе чымчыктар токтоп калчу деп аңыз кылышат. Андыктан өнөр жолу ата жагымдан өткөн деп ойлойм.

«ЖОЛДОШУМ БИР МҮНӨЗ АДАМ»
– Жолдошум Тургуналы экөөбүз студент кезден сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Менден эки жаш улуу. Агаларым, атам мени мээримге сугарып өстүрүштү да. Кийин ошол нерсени таппай калдым окшойт. Азыр деле эркек кесиптештерим «келинчегим» деп оозунан түшүрбөй жатышса таң калып кетем. Оозун толтуруп айтып бүтпөй жатса «аа, мунун аялы кашыктай болгон өзгөчө жан окшойт» дейм. Тааныша келгенде мендей эле аялдар болушат. Ачыгын айтыш керек, мен антип көтөрмөлөгөн адамга туш болгон жокмун. Сүйүнсө, капа болсо да ичине каткан бир мүнөз адам. Бирок билимдүү, баласаак, эмгекчил. Кудайга шүгүр, 30 жылдан бери чогуу жашап келе жатабыз. Бир жакка барганды жакшы көрбөйт, той-топурга эзели барбайт. Бир жакка чогуу баралы десем «жок» дейт, жокту кайра угуп маанайды түшүргөнчө деп жалгыз эле кетип калам. Жаш кезде кызганычтар болчу, азыр деле калган жок. Кээде аны тааныбай, бирок мени тааныган адам келип сүйлөшүп калат. «Эмне деп айтты кулагыңа, алыс туруп эле сүйлөсө болбойбу» деп ошол жерден чатак кылып жиберет үлүп).

«БАЛДАРЫБЫЗ КЕМЧИЛИКТЕРИБИЗДИ БЕТКЕ АЙТЫП, ОҢДОП ТУРУШАТ»
– Уулум Темирлан билимдүү, жумшак, интеллекти бийик, боорукер жигит болуп чоңойду. Бардык энелердей мен дагы уулум менен сыймыктанам. Бир жума көрүшпөй калсак эки бетимден, анан чекемден өөп учурашат. Чекеден өпсө бешенең бийик, жолуң ачык болот дешчү мурункулар, ошону үйрөтүп койгом. Улуу кызыбыз Акмарал сотто иштейт, кичүүсү Карина мына 4 жашка чыгып калды. Улуу кызым тыкылдаган тың, талапты коё да, аткара да билген кыз. Уулума «эжең менен карындашыңды алаканыңа салып бак, бизден кийин үй-бүлөнүн бага турганы сенсиң» дейм. Камкор, жаркыраган балабыз бар. Чет тилдерди жакшы билет, Экономика министрлигинде иштейт. Атасындай билимдүү, аракетчил. Кээ бир балдар «атам-апамдын айтканы мыйзам» деп ойлошот го. Менин улуу кызым да, уулум да кемчиликтерибиз болсо бетибизге айтып, оңдоп турушат. Өз пикирин айта билген балдарды тарбиялаптырбыз деп кубанып калам. Жакында, буюрса, башыбызга баш кошулуп уулумду үйлөнткөнү жатабыз. Болочок келинибиздин эжеси Темирландын досуна турмушка чыгып, анын тоюнда балам Айданайымды көрүп экөө бири-бирин жактырып калышыптыр. Эки дос эми бажа болуп калышат үлүп). Буюрса, чоң той берип элден бата алабыз деп турабыз.

«ООР ЖУМУШУМДУН БААРЫН АГАМ БҮТҮРӨТ»
– Агаларым баары комуз черткен, өнөр адамдары. Жашоомдо көрүнүктүү роль ойногон атамдын иниси Жалал деген агам эле. Мектептин директору болчу, анын айтканы биз үчүн мыйзам болчу, ошол кишинин эмгеги зор деп ойлойм. Өзүмдүн улуу агам Жамшит апамды тартып, оор басырыктуу эле. Экинчи агам Абдуллаким атамдын көчүрмөсү болчу. Үчүнчү агам Абдымалик да комуз чертчү. Үч агамдын көзү өтүп кетти, азыр бир агам бар. Алижан агам шаарда турат. Жашоонун мыйзамы ушундай, аял бардык нерсесин күйөөсүнө айта албайт экен. Жашоомдо эркектердин ичинен эң таянганым, мага дайым жөлөк болуп ийинин тоскон адам - ушул агам Алижан болду. Экөөбүз удаа болгон үчүн да жакынбыз. Тез урушуп кетебиз, кайра тез жарашабыз. Ага бардык нерсени айтып кеңеше алам, ал мага жакшы акылын айтат. Мендеги түйшүктүн жеңил-желписин жолдошума айтам, оорлорун агам бүтүрөт. Ортончу агам үч жолу үйлөндү. Биринчи аялы менен ажырашып, эки эркек бала калган. Жеңебиз аларды апама таштап кеткен, экөөнү өзүмдүн баламдай багып өстүрдүм. Кийин үйлөнүп эки эркек балалуу болуп кийинки жеңем да балдарды таштап кетти. Ошону менен 4 бала 70 жаштагы апамдын колунда калды. Кудайдын берген ырыскысын оң колум менен үйүмө алып келсем, сол колум менен төркүнүмө жөнөтүп балдарды чоңойттук. Азыр чоңоюп төртөө төрт канатым болуп турган чагы. Апам көзү өтөрдө агамдын экинчи аялынан калган уулдун бири, Султанбек ушул үйдө калсын деген эле. Апам көрөгөч болгон экен, Султанбегим кадырымды көтөргөн тың, аттуу-баштуу жигиттердин бири болду. Үйдү оңдоп, үч кабат кылып салдык. Эми уулумду үйлөнтсөм, кезек Султанбекте деп турабыз. Кудайга миң мертебе шүгүр дейм. Кыйынчылык көрдүм, түйшүк тарттым, бирок ошолор болбосо азыр мен ушул жашоомдун даамын билбей калмакмын. Ар бир аялдын башын жөлөй турган күчтүү ийини, канаттары болсун демекчимин.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алтынай Нарбаева: “Жашоомдогу ишенген мырза агам болду”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
tattusha
2019-09-02 09:39:57
Соонун маек,болгонун-болгондой айткан чыныгы маек,ишинизге ийгилик, коп жашаныз эже!!
+3
Paprikafm
2019-09-02 12:30:23
Куду ушундай маекти ооткондо эле бердиго тооба
0
katerina.li
2019-09-02 12:45:16
Женелери кандай немелер болду экен,удаа удаа балдарын таштап кете беришкен
+2
Merelisha
2019-09-02 22:25:05
Уулунуздун урматыр, кыздарыныздын кызматын корун Алтынай эже
+2
fak
2019-09-02 22:48:57
Бактылуу болунуз!!!
+1
pirim77
2019-09-03 12:11:06
Кайра кайра эле айтканын айттыра беришет экен да. Ошол эле интервью. Башкача ачылтса болбойбу
+1
Djal1987
2019-09-03 22:24:50
Мугалим эже эмнеге кыргызча акцент менен суйлойсунор эл алдына чыкканда. Шо шу деп
-1
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан