АЯЛДЫН АШКАЗАНЫНАН 1,6 КИЛОГРАММ АЛТЫН ЧЫКТЫ

Индиянын 22 жаштагы Руни Хатун аттуу тургуну Батыш Бенгалия штатындагы ооруканалардын бирине ичим катуу ооруп, кускум келип жатат деп кайрылган. Келинге операция жасаганда ашказанынан 1,6 килограмм алтын асем буюмдарынын топтому чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.

Маалыматка таянсак, рентген аппараты келиндин ашказанында көптөгөн асем буюмдар сакталып турганын көрсөткөн. Жыйынтыгында хирургдар 69 чынжырча, 80 сөйкө, 46 тыйын, 8 медальон, 11 мурунга тагуучу шакекче, 5 билерик жана кол саат алып чыгышкан. Келиндин туугандары “акыркы убакта үйдөн алтын асем буюмдарыбыз жоголгонун байкап жатканбыз. Руниден сурасак, ыйлап баштачу” дешет. Учурда келин психиатрдын текшерүүсүнөн өтүүдө.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
PrinsessaNuri
2019-09-02 09:34:06
Ужас ушундай да болушу мумкунбу
+3
Alia82
2019-09-02 11:23:16
PrinsessaNuri,Индияда болушу мумкун )
+9
janym_balam
2019-09-03 10:32:08
PrinsessaNuri,Уурдап алып бекиткенге жер таппай аркадан чыгарып алам деп ойлосо керек да.
+8
LunaSun
2019-09-02 12:55:06
Операция кылып жатканда колун кармап турбай. :)
+1
Nurnisa
2019-09-02 13:37:42
билерикти кантип жуткан
+5
vikidiki
2019-09-02 14:56:56
Бул да психикалык ооруу окшойт. Жутуп алып качып кетпесе,ОЗУ операцияга макул болуп кириптир.
+10
Sajakat14
2019-09-02 17:36:09
Байкуш оорулуу го психикалык жактан.
+5
kaisarbek
2019-09-02 22:01:00
Шумдуктууу, бир таблетканы аран жутасын жынжырчаларды кантип жеши мумкун. Кудай сактасын
+4
Gulzina1993
2019-09-03 06:38:53
Шумдугун кургур бул да бир оору го, ошончону кантип жутту экен
+1
Jasi.jasi
2019-09-03 13:39:38
Врачтар суротко сыймыктанып тушуп коюшуптур го
+2
Nurkyz1977
2019-09-04 11:50:13
Кара башынды эле жут
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан