ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы)

– Эржан, тиги кызды карачы, таанышып көрбөйсүңбү?

– Шаардык окшойт, орусча сүйлөп койсо орусчам түгөнүп калат. Максат, сен барып көр да. Кантсе да 1 жылдан ашык борбордо жашап жатасың.

– Жок, мен тетиги кызды чоттоп отурам.

– Муну кара, акырын өзү менен өзү сүйүп отурган тура бизге айтпай.

– Нурлан менен Жакшылык барып көрсүн, экөөң барып багындыра албасаңар, өзүм бир сөз менен эритип келем го, чиркин!

Сейил бактагы кыраан-каткыга түшкөн бул төрт жигит кыйышпас достордон. Ортолорундагы бекем мамиле тээ бала чактан бери сакталып келе жатат. Биринин көмүрү түгөнсө чогулуп барып алып келишип, эгин эгип, чөп чабыкта кезеги менен бири-биринин жумуштарын бүтүргөн, түндөсү көчөлөгөндө бири-бирин ышкырыгынан тааныган күндөр өткөн окуучулук кезде. Алардын жолукпаганына аз убакыт болсо да, узак убакыт өткөндөй сагынычтары бар эле. Ар бир семестрдин каникулунда бири-бириникине конок болгонду адат кылып алышкан. Эржан менен Нурлан борборго келип, баягы окуучу күндөгүдөй чоң шаарда тентектик кылып отурушту.

– Келгиле, андан көрө кимибиз келбеттүү, жагымдуу, харизмалуу экенибизди сынап көрөлү. Ар бирибиз барып таанышып көрөбүз. Кимибизге дарегин айтса жана жолугушууга макул болсо, ошонубуз жеңген болобуз,- деди Максат.

– Жеңген баарыбызды кафеге алып кирет,- деди Жакшылык курсагын сылап.

– Жок, жеңилгендер жеңгенди алып кириши керек да?- деп Эржан ордунан турду.

– Мен кеттим, кафеге алпарганга даярдана бергиле анда,- деген Нурлан жөнөп калды.

Ырсайган берки үчөө эмне болор экен деп кызыгып кулак түрүп отуруп калышты. Нурлан жеткиче эле кыз туруп басып кетип калды. Араң турган достор ошол жерден тарс жарылышты. Мындайда Эржан кыйын эле. Кайсы кыздын болбосун заматта жүрөгүн жибитип жиберчү, катыра сүйлөгөн тамашасы, өткүрлүгү, тапкычтыгы менен далай кызды жолугушууга көндүргөн.

Ошентип кечке аркы-беркини айтып тамаша курушуп, бала чактагы кылыктарын эстешип, караңгыда Максат менен Жакшылыктын жатаканасына келишти. Ал жактан да баягы төртөөнүн тамашасы бүтпөй, колго гитара, аккордеон алышып жатакананын 3-кабатын жара ырдап да жатышты. Көтөрө келген сыралары түгөнүп, экинчи, үчүнчү сыйрасын ичип, чекесинен кызып, уйкуга кете башташты. Таңга маал дааратканага баргысы келген Эржан көзүн ушалап араң өйдө болду. Башы бир аз ооруп, эс-мас абалында сыртка чыкты. Коридордун тиги башынан көк көйнөкчөн кыз келе жатыптыр. Жакындаган сайын ал кыздын сулуулугу даана көрүнүп, узун боюна жарашкан узун чачтары көзүнө ажайып көрүнүп жатты. Кериле баскан кыз келип алар жаткан бөлмөнүн жанындагы бөлмөгө кирип кетти. Кирип баратып “негедир чоочун, бул жатаканада мындай жигит жок эле” дегендей көз карашта Эржанды бир жалт карап өттү. Ошондогу чагылыша түшкөн көздөр бир чоң сүйүүнүн башаты болорун экөө тең ал кезде сезген жок. Кой көздүү сулуунун артынан оозун ачкан абалда карап туруп калды бир топко. Өзү да түшүнгөн жок, болгону жүрөгү дүкүлдөп, адаттагысынан башкача согуп жатканы кулагына угулуп турду. Уйкусу да умачтай ачылып, кайра шаша-буша бөлмөгө келди да, Максатты ойгото баштады.

– Ээ, досум, турсаң, тиги кыз ким? Аты ким?

– Кайсы кыз?- деди уйкусураган Максат.

– Тиги, кошунаң, 323-бөлмөдөгү...

– Аа... Тааныбайм, кечээ жакында эле көчүп келишкен,- деди кайдыгер гана Максат. А Эржан элеп-желеп болуп, бир ордунда тура албай, улам коридорго чыгып-кирип өзүнчө сүйлөнүп жатты:

– Периштедей дейин десем, периштенин өзү келип алгандай го...

Эски эшик ачып жапкан сайын кыйчылдай бергенинен бөлмөдөгү балдар көздөрүн ушалап ойгоно башташты.

– Тынч уктатпадың го, эмне болду, көрүмчү көрдүңбү?

– Жок, периште көрдүм.

– Периште жаныңды алайын деп келген бекен?- деп бери жакта жаткан Нурлан каткырып жиберди. Ага кошулуп баары каткырып, тынч жаткан бөлмө шаңга бөлөнө түштү. Эржан аларга көңүл бурбай, бейтааныш кыздын боюна жарашкан узун чачын, карагаттай көздөрүн, кериле басканын тим эле бериле сүрөттөп кобурап жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Shef87
2019-09-04 14:51:03
Мм
+1
Baatirbek81
2019-09-05 20:39:44
Да
0
barmalei
2019-09-07 20:33:57
Эх Эржан менен Нурлан сүйүүнүн айынан достуктан кол узушөт экенда.
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан