Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова элдин талкуусуна көп алынат. Бул жолу ырчы Москвада уюштуруп жаткан концерти үчүн талкууда калды. Буга чейин Самара айым Ташкентте концерт берген, эми Кремль ак сарайына күйөрмандарын чогултмакчы. Ырчынын айтымында, концертте ал италиялык ырчы, аткаруучу Ин-Грид менен дуэт ырдамакчы. Көпчүлүк билеттин баасы 800 рублдан 10 миң рублга чейин коюлганын талкуулап башташты. Арасында “Дүйнө жылдызы Женнифер Лопестин Москвадагы концерти 5000 рубль болгон, экөөнү салыштырып болобу?”, “Андан көрө билет сатып ала турган акчаны айылга которуп, муктаж балдарга берген жакшы” деп сындагандар бар. Аларга кошо “Биз качан оңолот экенбиз? Жөн эле колдоп койсок болбойбу?”, “Мен үчүн мекендешибиздин Кремлде концерт берип жатканы жагымдуу болду” деп колдогондор да чыкты. Ал эми билеттердин баасы тууралуу Самара мындай дейт.
– Концертке коюлган 800 рублдан 10 миң рублга чейинки билет баасын "АРТ ПЛЮС" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, ошонун негизинде билет баалары чечилди. Кремль ак сарайында концерт коюунун көп эрежелери, шарттары бар. Негизи залдын эң артындагы орундар үчүн билет баасы 2 миң рублдан башталат экен. Биз алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүп, билеттин баасын арзандаттык. Учурда билеттер электрондук түрдө жана Кремль ак сарайынын кассасында сатылууда.
Мени сүйүндүргөнү алдыңкы орундар үчүн билеттер сатылып, түгөнөйүн деп калыптыр,- дейт Самара.