НУРСУЛТАН КУРСАНАЛИ УУЛУ АТА БОЛДУ

22-август күнү “Жарайт сити” долбоорунун актёру Нурсултан Курсанали уулу ата статусуна ээ болду. Кубанычы коюнуна батпай, сүйүнүп турган актёр төмөнкүлөргө токтолду.

– Уулубуз 4 жарым килограмм салмакта төрөлдү, бою 55 сантиметр. Чоң атасы небересине Алим деген ысым ыйгарды. Алим – ата-энемдин тун небереси. Андыктан чоң ата, чоң энеси аны аябай күтүштү. Баланын жыты өзгөчө болот экен. Ата-энем небересин жыттап, жытына тойбой жатышат. Мен болсо дагы деле ата болгонума ишене албай жүрөм. Бизге ушундай бакытты тартуулаган жубайым Дианага бир өмүр ыраазымын,- дейт Нурсултан.

Наристенин бешик боосу бек болсун! Жаш ата-энени бул жакшылыгы менен куттуктайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан