Курманбек Карабалаев, мигрант: «ПОЛ ЖУУП, ЖҮК ТҮШҮРҮП ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨРДҮ КӨРҮП ИЧИМ АЧЫШАТ»

Бир батирдин ичинде 20дан ашык адам. Бири алыста калган балдарын сагынып куса, бири иштеген акчасын ала албай бушайман, башкасы полициянын колуна түшүп, жакында депортация болуу алдында, дагы биринин иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган маал... Бул мигранттардын тагдыры. Алардын баарынын башын жумушсуздук, оңой эмес тагдыр бириктирген. Элдин агымы менен Жалал-Абад облусунун тургуну 33 жаштагы Курманбек Карабалаев да Москвадагы мигранттардын катарына кошулган. Мигранттык жашоону жон териси менен сезип, көрүп-билген мекендешим көкүрөгүн өйүп жүргөн ойлору, аткарылбаган кыялдары тууралуу баяндап берди.

«ДОСТОРУМДУН БААРЫ МОСКВАДА»

– Тагдыр мени 2011-жылы Москвага айдап келди. Дипломумду колума алгандан кийин бир жерде иштөөгө кызыккан жокмун. Мунун себеби – биздин өлкөдөгү айлык акынын жарытпаган көлөмү. Кыргызстанда агасы депутат, таякеси министр болбосо, бир жумуштун башын кармап, карьера жасоо мага окшогон карапайымдарга куру кыял эле болуп калбадыбы. Бул жакта менин көп туугандарым бар. Досторумдун дээрлик бардыгы ушул жакта. Мен келгенге чейин мага туугандарым жумуш таап коюшкан. Ошондуктан келип эле жумушка кирип кеттим. Бирок ал жылдары жумуш табуу азыркыдай жеңил эмес болчу. Азыр кыргыздар бул жакта жумуш тандап иштешет. Айлыгы аз, үйүнөн алыс жумушка чакырса барышпайт. Өзүм бул жакка келип эмне деген гана жумуштарда иштебедим. Курулушчу, промоутер, курьер, жүк ташуучу, кассир болуп иштеп көрдүм. Азыр япон ашканасында ашпозчумун. Өзүм да билбептирмин ушунчалык колунан көп иш келген адам экенимди (күлүп).

«БАТИРДЕ 20дай АДАМ ЖАШАДЫК»

– Бул жактагы жашоо жаңылык болгон жок. Анткени келгенге чейин эле Москванын жашоосу кандай экенин досторумдан угуп калчумун. Келгенде үч бөлмөлүү батирде 20дай адам жашадык. Үйдүн ичиндеги абал өзүнчө эле театр: бирөө кейип жумушунан кыйналганын, бири милицияга акчасын алдырганын айтып жатса, дагы бири тамак жасап жатат, башкасы балдарын сагынып көңүлсүз терезени тиктейт.

Азыр батирлерде мурдагыдай көп адам жашабайт. Азыркы учурда 3 бөлмөлүү батирлерде болжол менен 9-12 адам жашайбыз. Батирде сиз элестеткендей уктаганда орун жетишпегени үчүн капталыбыздан жатпайбыз. Бир бөлмөдө 3-4 адам болуп кенен эле жашап жатабыз.

Москвада айрым учурда Кудай көрбөй тургандай эле кутурабыз. Мас болуп алып орустарды сабагандар бар. Ичкилик ичип, эки-экиден мушташып, мушташтын акыры кырсык менен бүткөн учурларды деле көрүп, билип эле жүрөбүз. Кыргыздардын кафеси көп азыр Москвада. Аты эле кафе, ичи түнкү клуб. Жаш улан-кыздардын баары ошол жерде. Мен ушунча жүрүп өзбек, тажиктерден кафеге, түнкү клубдарга баруу же бир маараке уюштура коюу дегенди көргөн жокмун. Акча табууну максат кылгандан кийин күнү-түнү иштеп, эч жакка чыкпай акча топтогон мекендештерим да көп.

«ЭЧ КИМ ЖЫРГАГАНЫНАН МИГРАНТ БОЛБОЙТ»

– Эч ким жыргаганынан мигрант болбойт. Мигранттардын баарынын көзүнөн кусалык байкалат. Ата-энеге, Ата Журтка, балага болгон сагынычты көтөрүп жүрүү жеңил эмес. Балалык доору бүтө электе Москванын метросунда чайпалып уйкусурап бараткан беш көкүл кыздар, боз уландарды көрүп ичим ачышат. Байкуштар колуна калем кармап жогорку билим алгандын ордуна башка элде идиш, пол жууп, жүк түшүрүп, чоңдор менен тең жарыша иштеп жүрүшөт. Бул ойлонтуучу чоң маселе. Эч болбосо бийлик жаштарды кармап калуунун чарасын көрүшү керек эле. Азыр кыргыздар бул жактан ипотекага үй алып башташты. Жыйырманын бири Орусияда биротоло калууну максат кылып жүрүшөт. Бала-чакасы ушул жерде окуп, чоңоюп жатышат. Бул балдар кийин Кыргызстанга барышпайт. Булардын тили, ойлонуусу, уйкудан ойгонуусу да орусча болуп калат. Бул мамлекетти ойлондурчу чоң көйгөй. Мунун баарын карап отуруп элдин эртеңкисин көп ойлоном. Биз өзү Кудайдын мээри түшкөн эле жерде жашайбыз. Бизге башка жактан мигранттар келип иштей турган мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бийлик элди иш менен камсыз кылса эле бир топ маселелер чечилгени турат.

«КЕҢ КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ КУРУУЧУ МУУН КЕЛЕТ ДЕП ИШЕНЕМ»

– Орустардын бизге болгон мамилеси жакшы. Алар ынсаптуу, кең пейил, ачык мүнөз эл келишет. ЕАЭБге киргенден кийин бизге көп жеңилдиктер берилди. Азыр полиция кызматкерлери менен тең ата айтыша турган болуп калганбыз, жолдон тоссо "где честь?" деп. Учурда 5-6 жыл мурункуга салыштырмалуу айлык акы, жашоо шарты боюнча мигранттардын абалы жакшы. Бирок бөтөн жерде жүргөндөн кийин баары бир мусапырсың.

Мектепти бүтүрүп, ЖОЖго аттанып жатканда чоң максаттарым бар эле. Бирок ал максаттарым менен бүгүнкүнүн айырмасы өтө чоң. Өзүбүздө жумуш, татыктуу айлык акы болсо ата кесибин улантмакмын. Атам, апам экөө тең мугалим болушкан. Азыркы максатым – ар бир мигранттай эле тууган-урукка эртерээк, эсен-аман кайтуу. Кыргызыма да жакшы күндөр, өнүккөн жылдар келет. Бөлүнбөй-жарылбай, биримдикте турсак, келечекти куруучу муун келет деп ишенем.

«МОСКВАДАГЫ МИГРАНТТАР ТУУРАЛУУ ЫР ЖАЗДЫМ»

– Москвадагы кыргыздардын абалы тууралуу көрүп-билгендеримди кагазга түшүрүп койгон элем. Бул жактагы жашоону ушул ыр аркылуу да түшүндүргүм келип жатат. Ырым тиешелүү жактарга коңгуроо кага алса, жакшы.


Келбеймин деп кеткенди

Тартып алган Москва.

Бир батирге отузу

Батып алган Москва.

Эркек-кызы аралаш

Жатып алган Москва.

Көчүп келген кыргызды

Катып алган Москва.



Төрт бурчтагы кыргызды

Боордош кылган Москва.

Улуу менен кичүүнү

Жолдош кылган Москва.

Жыйырмага кырк беш жаш

Ойнош кылган Москва.

Эмчектеги баладан

Эне айрылган Москва.

Эркектери алыстап,

Жеңе айрылган Москва.

Жалгыз болуп жаздыктар,

Дене айрылган Москва.

Бирөө тапкан акчасын

Катып жүрөт Москва.

Бирөө тапкан акчасын

Чачып жүрөт Москва.

Бирөө коркуп «менттерден»,

Качып жүрөт Москва.

Темир-тезек калтырбай

Ташып жүрөт Москва.

Бирөө жетпей үйүнө

Жашып жүрөт Москва.

Бирөө ала куржунду

Асып жүрөт Москва.

Бирөө, билбейм, жөн эле,

Басып жүрөт Москва.



Эри жокко эркекти

Таап берген Москва.

Аялсызга аялды

Алып берген Москва.

Жумушу жок карызга

Батып кеткен Москва.

Кыздар жүрөт сигарет

Тартып кеткен Москва.

Акча үчүн кээ бирөө

Жатып кеткен Москва.

Кыргыз душман кыргызга,

Сатып кеткен Москва.

Бирөө жүрөт никесиз

Төрөйүн деп Москва.

Бирөө келген насыя

Төлөймүн деп Москва,

Бүтсө эле мекенге

Жөнөймүн деп Москва.

Бирөө жүрөт сарсанаа,

Өлөйүн деп Москва,

Мынча болду көрчүсүн

Көрөйүн деп Москва.



Бирөө келген машине

Аламын деп Москва.

Бирөө келген үйү жок,

Саламын деп Москва.

Бирөө келген бактымды

Табамын деп Москва.

Бирөө жүрөт бир өмүр

Каламын деп Москва.

Бир туугандар акчаны

Эсептешкен Москва.

Акча кетсе абийир

Кетет дешкен Москва.

Ушул жерден байлыкты

Берет дешкен Москва.

Ата-энесин көмгөнү

Барбай калган Москва.

Абийир кетип адамдан

Калбай калган Москва.

Соо адамдар жалаңкыч,

Алдай калган Москва.



Юрист келип, дворник

Болуп кеткен Москва.

Тирүү келип канчасы,

Өлүп кеткен Москва.

Ажырашкыс досторду

Бөлүп бүткөн Москва.

Көргүлүктү кыргызың

Көрүп бүткөн Москва.



Мына ушундай Москва,

Мына ушундай Москва,

Куса толгон көздөрдө,

Көөдөн жакыр Москва.

Көз жаштарга ишенбейт,

Көзүң аккыр Москва.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Aima94
2019-09-02 14:41:46
Ачуу чындык. Жаштар калбай калды Кыргызстанда.
+2
salimbek87.kg
2019-09-02 16:03:41
Азаматсын Ыр жакшы жазыпсын ушул ырдын ичинде баардык чындыкты айтып жазыпсын баракелде
+4
ady-88
2019-09-02 17:41:23
Москвага барып иштеп келдим бирок кыргызга кыргыз душман дегенди ошол жаткан кордум оозум ачылды
+5
kkkk3259780
2021-01-28 08:09:18
ady-88, ачуу чындык...
0
Paprikafm
2019-09-02 17:45:11
Ооба мурункуга салыштырмалуу азыр жакшы, квартира кенен, иш жакшы,
0
fak
2019-09-02 23:04:41
Оссо турган жигит экен,азамат
0
ulua
2019-09-03 02:10:12
Сонун маек бериптир, туура айткандары, ыры да чындык!
+1
Jikos
2019-09-03 15:52:27
Куке озунун стилин бар бир нерсени баяндоодо, дайымкыдай эле кызык, айрыкча универсал адам экенини билдим дегенин )))))))))))))
+1
karabet
2019-09-03 21:06:37
менин ичим ачышпайт
билим албаса, акча менен бутурсо, ошону коросунор
а эгерде бандит болуп журсонор, андан да жаманын коросунор
0
baku24
2019-09-05 01:22:23
karabet, акчаны бербей бүткөндөрдүн канчасы жүрөт. Мен деле акча бербей эле окугам.Билим денгээлим кудайга шүгүр эле.Бирок АЛЛАХ таалам бешенеме мигрант болушту жазган экен барып көрүп келдим. Өкүнбөйм да.Эң негизгиси ак эмгек менен тапканың канчалык берекелүү болорун, уьакытты текке кетирбөөнү, эмгектин артында көп ийигилик жатаарын.Ошондой эле эң башкысы "Турмуш" деген мугалим эң күчтүү экенине ынанып көзүм ачылды. Талаалап кеткен мигранттын баарынын мээси көңдөй эмес.
0
rahali
2019-09-04 02:28:00
Чындыгында кыргызстаныбыз эле соонун экен.Уруштардан жадаган элдер башка жакка кеткиси келип жатышат,ушундай кооз жерибизди кимге таштайбыз,баарыбыз кыргызстанды которолу,билим алалы осолу,келечек алдыда
0
guli-1980
2019-09-05 16:36:55
Менин дагы дипломум сандыкта жатат
+1
karakyz23
2019-09-08 12:56:21
Эх козуно жаш келет...
0
cholpon119966
2019-09-08 21:38:04
Ээ тууганым, айтканын келсин Кыргызстанга да онуккон жылдар келсин.
0
samagankyzy
2019-10-16 01:19:27
Эх,Москва!
Москвада журомун мен темселеп
План толсо ,Озгонумо кетсем деп
Планымдын толо турган куну жок
Журо берем ,журо берем кетем деп
Корбой калдым аппак тандын атканын
Аз коромун кызарып кун батканын
Урун-баран метрого чуркаймын
Мунум менин жумушума шашканым
Ач койнунду,ананайын Москва
Мен барамын бир озуно тартыла
Кат койнуна кара кызын кыргыздын
Иштеп калсын ал-кучунун барында
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан