КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВДИН ЫРЫ КАЗАКЧАГА КОТОРУЛДУ

Кыргыз эстрадасында ар дайым изденип, жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып активдүү жүргөн ырчылар аз. Жагымдуу ырлары, күчтүү энергетикасы, өзгөчө үнү менен белгилүү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев да активдүү ырчылардын сап башында. Ырчы “Досторго” деген ыры казак тилине которулганын айтты.

– Мен мурун Казакстандын Актау шаарында иштеп жүргөндө Берик, Серик деген эгиз балдар менен таанышып, достошуп калгам. Алар музыкант, ырчы катары таанымал. Берик көптөн бери “Досторго” деген ырыма ашыгып, “Каке, ушул ырды мен да ырдайм” деп жүргөн. Ырдай бергиле деп дароо эле уруксат бергем. Жакында ырдап чыгышыптыр, аябай кубандым. Булар менин дос балдарым да, аларга ырымды чын дилимден белек кылдым,- дейт Кайрат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vikidiki
2019-09-02 14:53:36
Бул да болсо жетишендик!
0
Muzik
2019-09-06 18:22:04
Октом Сапар уулу дегенден неге интервью албайсынар, анын почти бардык ырларын ырдашат го которуп Казактар
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан