Толкундантчу учур. Баланын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы ар бир ата-энени толкундантат. Бул жолу 1-сентябрь күнү балдарын 1-класска алып бара турган жылдыздардын тынчсыздануусун, толкундануусун, кубанычын билип көрдүк. Ильяз Абдыразаков, ырчы: “БАЛАМА МЕНИ УЯТ КЫЛБАЙ ЖАКШЫ ОКУ ДЕП ЖАТАМ”
Ырчы Ильяз Абдыразаковдун улуу баласы Розан Ильязбек уулу быйыл Бишкектеги №13 англис тили багытындагы мектеп-гимназиясынын босогосун аттайт. Ырчы уулунун чоңоюп калганына таң калып да, кубанып да жатканын айтат:
– Уулум Розан быйыл мектепке барат. Апасы бардык керектүү окуу куралдарын, кийимдерин алып берип даярдады. Балам формасын кийип, “мектепке баргым келип жатат” деп 1-сентябрды күтүп жатат. Анын кийимдерин көрүп иниси “мен да барам” деп кызыгып жүрөт. Розан орус тили, математика, музыка сабактарынан жакшы окуса керек деп ойлойм. Музыка сабагы дегеним, үйдө анча-мынча кыңылдап ырдап калганын угам, үнү жакшы. Розанга “сени эл тааныйт. Мени уят кылбай жакшы оку” деп айтып жатам.Назми Байзакова, ырчы: “КЫЗЫМ МЕКТЕПКЕ БАРАМ ДЕП МАКТАНЫП ЖҮРӨТ”
Ырчы Назми Байзакова быйыл кичүү кызын мектепке даярдады. Алима Жеңишова кытай тили багытындагы №69 мектеп-гимназиядан билим алмакчы.
– Кичүү кызым быйыл 1-класска барат. Эркебиз биринчи класска барат деп койсок, мурду асманды карап кыйын болуп, мактанып жүрөт. Кечээ мектеп формасын кийгизип койсок, чечкиси келбей кечке кийип жүрдү. Жолдошум кытайлар менен иштешкендиктен “кыздарым мага жардамчы болушат” деп кыздарын кытай тили багытындагы мектепке берип жатат. Кызым математикадан жакшы билбесе керек деп чоң сандарды эсептеттирсек, оозеки эле эсептеп коёт экен. Аны атайын отуруп алып үйрөткөн эмеспиз. Алимага караганда мен толкунданып жатам. Бул кызым тың, эч кимге жемин жедирбейт. Ошондуктан бирөө капа кылып коёт деп тынчсызданган жокмун. Мирбек Иманбеков, ырчы: “УУЛУМ МЕКТЕПКЕ БАРАР КҮНДҮ САНАП ОТУРАТ”
Ырчы Мирбек Иманбеков дагы бул жылы уулу Чынтемир Алыкановду алгачкы коңгуроого алып барам деп толкунданып турган чагы. Чынтемир Талас облусуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылындагы атасы окуган мектепте билим алат.
– Буга чейин мектепке чейинки даярдоо классында окуган уулум азыр мектепти, классташтарын сагынып жатканын айтып, “мынча күн калды” деп мектепке барар күндү санап отурат. “Эми чындап окуп баштайм” деп 1-класска барарын тааныштардын баарына жарыялады. Чынтемир элге бат аралашкан, шайыр бала болгондуктан “мектепке кантип барат? Балдарга кантип аралашат?” деп тынчсызданган жокпуз. Мирбек Иманбековдун баласы деп мугалимдер уулума артыкчылык береби деген ой келбей койбойт. Андай болушун каалабайм. Мугалим керектүү билимди берип, өзүнүн түздөн-түз милдетин, окуучу өз милдетин аткарышы керек деп эсептейм.Гүланда, ырчы: “БАЛАМ 5ке ОКУЙМ ДЕП ЖАТАТ”
Быйыл 1-сентябрда ырчылардын үй-бүлөсү Айбек Карымов менен Гүланда уулу Молдомуса Усеновду №29 мектеп-гимназиясына алып барышат. Гүланда тойлордо жүрүп бошой албай, уулун мектепке толук даярдай электигин айтат.
– Балам кичинекей, арык болгондуктан “балам, кантип окуур экенсиң? Рюкзакты кантип көтөрөсүң?” десем эле “ушинтип айта бербегилечи. Мен жакшы окуйм, бешке окуйм” деп жатат. Кичинекейим кантип окуйт деп толкунданып жатам. Окууга кызыгып, “качан сумка, дептер алып бересиң?” дейт. Мен тойлордон бошобой, анын баарын алып бере элекмин. Балам кыргызча тарбиялансын деп кыргыз класста окутайын деп дайыма ойлочумун. Бирок үйдүн жанындагы №29 мектеп-гимназиясында кыргыз класс болбогондуктан ал кыялым ишке ашпай калды. Кызым да, уулум да орус класста билим алмакчы. Эми балам жакшы билим алса экен деген эле кыял. Тотомидин Жолдошов, ырчы: “УУЛУМ БИРИНЧИ АТАМАН БОЛОМ ДЕП ДАЯРДАНЫП ЖҮРӨТ”
“Таалай элеси” тобунун жетекчиси, ырчы Тотомидин Жолдошов быйыл үчүнчү баласын мектепке даярдады. Уулу Эрасыл Нурматов тентек болгондуктан ырчы көбүнчө анын тартиби боюнча тынчсызданарын айтат.
– Буюрса, 4 баламдын үчүнчүсү мектеп жашына келип калды. Эрасыл борбордогу №7 орто мектепке барат. Уулум тентек. Буга чейин даярдоочу класста окуду. Ошондо эле классындагы балдардын арасынан биринчи атаман болуп алыптыр. Мындан кийин да биринчи атаман болом деп даярданып жүрөт. Уктап жатсам унаанын ачкычын алып унааны жүргүзүп салат. Мектептин, кошунанын терезесин сындырып, аларды төлөп бергенбиз. Кыскасы, мени көбүнчө баламдын тартиби ойлондурат. Качан мугалим эмне деп чакырып калат деп күтүп отурат окшойм. Тентек болгону менен жакшы окуйт. Музыкага да жакын, ырдайт, синтезатордо ойной алат. Азыр күндө бир маал мектеп формасын кийип көрөт. Үйгө келгендерге “мен биринчи класска барам” деп айтып, кийимдерин көрсөтүп, 1-сентябрды күтүп жатат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg