КЫШКЫ САЛАТТАР КОЖОЙКЕНИН ВИТАМИНДҮҮ АЗЫГЫ

Кышкы салаттар шашылышта даяр тамак гана болуп бербестен, сизди витаминдер менен камсыздай алат. Андыктан кампаңызды салаттарга толтуруңуз.

БАКЛАЖАН САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 500 грамм

Сабиз – 300 грамм

Пияз – 150 грамм

Сарымсак – 3 тишче

Калемпир – 2 чай кашык

Чили калемпири – 2 даана

Өсүмдүк майы – 70 миллилитр

Петрушка – 5-6 талча

Сельдерей – 4-5 талча

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. 1,5 литр сууга 2 чай кашык тузду салып кайнатабыз да, ага тууралган баклажанды 4 мүнөт, пиязды 2 мүнөт, сабизди 6-7 мүнөт кайнатып, сүзүп чыгарабыз.

2. Сельдерейди 2 сантиметр узундукта, петрушканы майда туурайбыз.

3. Азыктардын баарын чоң чарага салып, татымына жараша туз, калемпир кошуп аралаштырабыз.

4. Өсүмдүк майын кызытып, ага майда тууралган сарымсак менен чили калемпирин бир сыйра кууруп алабыз. Андан соң бул куурмачты чарадагы салатка кошуп аралаштырабыз.

5. Алдын ала бууланган банкага салатты салып, капкагын жаап, мискейге салып сыртынан 10 мүнөт кайнатабыз. Капкагын бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

КАБАК РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:

Кабак – 400-500 грамм

Укроп гүлү – 1 даана

Петрушка – 3 талча

Райкан – 5-6 жалбырак

Сарымсак – 2 тишче

Сабиз – 150 грамм

Туз – 0,5 аш кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Уксус (9%) – 20 миллилитр

Корей салатынын татымалы – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабак менен сабизди аарчып, жууп, узатасынан жука-жука кылып тилебиз.

2. Алдын ала бууланган банканын ичине таза жуулган укроп гүлүн, петрушка, райкан жана сарымсакты салабыз. Андан соң кабактын кесиминин үстүнө сабиздин кесимин коюп тыгыз ороп, тизип, банканы толтурабыз.

3. Маринад даярдайбыз: 0,5 литр сууга кумшекерди, тузду жана корей татымалын кошуп 2-3 мүнөт кайнатабыз.

4. Кайнап жаткан маринадды банкага куюп, капкагын жаап, 15 мүнөт тыныктырабыз.

5. Банканы суу ваннасында (мискейдин ичине салып) 5-10 мүнөт кайнатабыз. Банканы суудан алып чыгып үстүнө уксусту куюп капкагын бекитебиз. Кыртылдаган кабак рулети даяр!

КЫЗЫЛЧА ЛЕЧОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Кызылча – 250 грамм

Сабиз – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Помидор – 150 грамм

Чили калемпири – 2 даана

Болгар калемпири – 270 грамм

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Туз, кумшекер – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалайбыз. Сабиз менен кызылчаны ири тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Пиязды жарым тегерек формада, болгар калемпирин ичке, помидорду жука туурайбыз.

2. Сабизди 5 мүнөт майга кууруп алабыз.

3. Азыктардын баарын мискейге салып, татымына жараша туз, мурч кошуп, жай отто 25-30 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон салатты алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.

“ДОН” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 1 килограмм

Бадыраң – 1 килограмм

Болгар калемпири – 0,5 килограмм

Пияз – 300 грамм

Кумшекер – 50 грамм

Уксус (6%) – 60 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз да, аларды чоң-чоң туурайбыз.

2. Мискейге баарын салып, кумшекер, өсүмдүк майын, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз да, отко коюп 3-4 мүнөт кайнатабыз.

3. Алдын ала бууланган банкаларга салатты салып, сыртынан 15 мүнөт кайнатып, капкагын бекитебиз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2019-09-03 20:50:42
Сельдерей деген эмнн?
0
kgul
2019-09-04 12:47:29
aliya-leyla,кебетеси петрушкага окшош бирок бир аз жоон, анан чонурак болот
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан