Туугандардын ортосундагы мүлк талашуу акыркы учурда көп кездешкен көрүнүштөрдүн бири болуп келет. Элзада Карыпбекова аттуу Тогуз-Торо районунун тургуну атасынын көзү өтүп кеткенден кийин алар жашаган үйдү атасынын бир тууган инилери менчиктөө аракетин көрүп жатканын айтат. Биз эки тарап менен тең байланышып, алардын жүйөлөрүн угуп, мыйзам боюнча мүлк кандай бөлүнөрүн иликтеп көрдүк.
“АТАМ КАЗА БОЛГОНДОН КИЙИН АГАЛАРЫМ ҮЙДҮ ТАЛАША БАШТАШТЫ”
– Биз 25 жылдан бери Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашап келгенбиз. Атам Бакытбек, апам Айнура 1995-жылы баш кошушкан. Мен үйдүн эң улуусумун. Төрт бир тууганбыз, жалаң кыздар. Мен жана эки сиңдим турмушка чыгып, апам эң кичүү сиңдим менен айылда турушат. Азыр апам менен сиңдим жашап жаткан үйдү атамдын инилери бизге караштуу деп, үйдүн жанындагы 6 сотых жерге унаа оңдоочу жай куруп алышты. Үй жана жер тилкеси кимдин наамында экенин сүрүштүрсөк, жер айыл өкмөттүн каттоосунда экен. Бул жерди жана үйдү чоң апам көп бала төрөгөнү үчүн мамлекет ага чегерип берген экен. Ошондон кийин менин атам бул үйдө жашап, үйлөнүп, ал арада биз төрөлүп, ушул жерде чоңойдук. Айыл жеринде үйдү менчикке чыгарып алуу, документтерин тууралап алуу деген ойго деле келбейт да. Атам көзү тирүүсүндө бир туугандарым кыздарымдан үй талашат деп ойлобосо да керек. Чыгынып деле өзүнө каттатып албаптыр.
Биз чоңоюп калганда апам ооруп Бишкекке барды. Андан кийин атам да иштеп, жанында болом деп Бишкекке кеткен. Бул арада мен жана сиңдилерим удаа турмуш куруп кеттик. Ошол учурда үйдө киши болбой калган.
“7 АЙДАН БЕРИ СОТТУН ЧЕЧИМИН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ”
– Атам куда тосом деп үйдүн айланасын оңдоп-түзөп баштаган. Былтыр июль айында каза болуп калды. Кийин үйдүн чатырынан ичине суу тамганынан сиңдилерим менен акча чыгарып чатырды жаап коёлу деп барсак, атамдын иниси үйдү талашып баштады. Анын максаты – үйдүн алдына курган унаа оңдоочу жайын ишке киргизүү. Февраль айынан бери соттошуп келе жатабыз. Ишти караган сот үйдү бизге калтырып, алдындагы 6 сотых жерди агама өтөт деген чечим чыгарып берди. Биз нааразы болуп облустук сотко кайрылдык. Анткени үйдүн алдында унаа оңдоочу жайдын мыйзамсыз жайгашканын Архитектура жана курулуш башкармалыгы аныктап берди. Облустук соттон азырынча жооп келбей жатат.“ҮЙДҮН ДОКУМЕНТТЕРИ МЕНДЕ”
Үйдүн мыйзамдуу ээси ким деген суроо менен башка каармандарды да издедик. Көп бала төрөгөнү үчүн мамлекет тарабынан үй менен сыйланган Калбүбү Жааналиева менен байланышсак, ал үйдүн документи өзүндө экенин айтып, буларга токтолду:
– Менин күйөөм укук коргоо органында иштечү. 6 эркек, 3 кыз болуп жалпы 9 баланы төрөп, тарбияладым. 36 жашымда күйөөм каза болуп калды, көп балалуу, анан жесир калды деп мамлекет тарабынан ошол үй берилген. Эң улуу балам үй-жайлуу болуп кеткенден кийин уулум Бакытбек үйлөндү. Аны үй-бүлөсү менен азыр талашка түшкөн үйгө киргиздик. Башында эле “жаңы үй-бүлө болуп жатасың, кийин кичүү иниңер үйлөнгөндө бошотуп бересиңер, ага чейин жашап тургула” дегем. Үйдүн ээси катары аны эң кичүү уулума калыш керек деп чечкен болчумун.
Мындай кырдаал жаралып калганынан жер тилкесинин картасын чийдирип, кызыл китеп алып, мыйзамдаштырып коёлу деп калдык. Муну уккан келиним үйдү ээлеп калуунун айласын издеп, тааныш-билиштерин ортого салып чуркап жүргөн кези. Биз аны үйдөн чыгып кет деп кууган жерибиз жок. Жашап турсун деп эле жатабыз. Бирок башында эле үйдү кичүү уулума берем деп чечкем.
Мен деле 36 жашымда жесир калдым, оюма үй менчиктөө, кайын журт менен тартышуу деген келбептир. Тынч эле балдарымды чоңойттум. 9 баланы төрөп кыйналган мен да? Ошол себептен үй негизи менин наамымда.
“ЖЕҢЕГЕ БАШКА ҮЙ АЛЫП БЕРЕЛИ ДЕСЕК БОЛБОЙ КОЙГОН”
Талашка түшкөн үй тууралуу маркум Бакытбек Карыпбековдун бир тууганы Доктурбек аттуу жаран да өз оюн билдирди. Ал үйдү талашып жаткан жеңеси анда жашабай эле, сатып жиберүүнү көздөөдө дейт:
– Үй бир нече жыл каралбай ремонту жок турду. Байкемдин биринчи аялынан бир уулу бар, ал үйлөнгөндө агам куда тосом деп калды. "Үйдү оңдоп-түзөп куда тосуп алайын, аны тосуп алган соң бошотуп берем" деди. Ага жетпей эле каза болуп калды. Биз агамдын көзү өтүп кеткенден кийин бүтпөй калган оңдоп-түзөө иштери үчүн каражат да бергенбиз.
Үйү жок калган жалгыз эле агамдын аялы жана кыздары эмес. Чындап келсе үй-бүлөлүү туруп биздин деле өзүбүзгө караштуу үйүбүз жок. Ар кимибиз өз алдынча батирлеп жүрөбүз. Агамдын кыздарын өзүбүздүн карындаштар болгондон кийин кантип талаада калтырмак элек деп көп кабаттуу үйдөн батир алып берели дегенбиз. Бирок ага жеңебиз көнбөй койгон. Анын максаты – үйдү сатып жиберип, акчасын өз керегине жаратуу экенин билип эле турабыз.
“БАРДЫК НЕРСЕ ҮЙДҮН МЫЙЗАМДУУ ЭЭСИНЕН КӨЗ КАРАНДЫ”
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматына кайрылып, үй талашып соттошуп жаткандардын иши эмне себептен каралбай токтоп турганынан кабар алдык. Облустук соттун маалымат кызматы учурда сот иши турак жайдын жайгашкан орду так эмес болгондуктан убактылуу токтоп турганын билдирди. Ошондой эле сот иши кайра качан улантылары белгисиз деп кошумчалашты облустук соттон. Ал эми дегеле үй талашкандардын ортосундагы кырдаал боюнча юрист Такен Молдакулов төмөнкүчө жооп берди:
– Үйдө ким канча жыл жашаган, буга карап мүлк бөлүштүрүлбөйт. Үйдүн мыйзамдуу ээси кандай чечсе, мүлк ошондой менчиктештирилиши керек. Эгер үйдүн мыйзамдуу ээси балдарына мүлк бөлүштүрө турган болсо, үйдүн баасы бааланып, балдарынын санына жараша бөлүштүрүлөт.
Эгерде үйдө жашап көзү өткөн адам менен аялынын жарандык абалы мыйзамдуу акт түрүндө катталган болсо (ЗАГС), анда аялы маркумдун башка бир туугандары сыяктуу эле үлүшкө ээ болот. Мисалы, бир туугандары 8 киши болсо, аялы тогузунчу болуп кошулат да, ага да үлүш тиет. А эгер жубайлардын күбөлүгү жок болсо, аялына эч нерсе тийбейт. Башкача айтканда, күйөөсүнүн бир туугандары өз ара бөлүшүп алышат.
Каза болгон киши менен катар эле анын бир туугандары үйгө тең укуктуу мураскер болуп эсептелет. Кыз болобу, эркек бала болобу, мураскер болуп саналат.
Экинчи бир жагдайда, үйдүн документтери колунда турган киши керээз кылып үйдү балдарынын бирине калтырууну чечсе, калган балдары эч нерсе кыла албайт, башкача айтканда, алар мүлктү талаша алышпайт.
Маркум Бакыт Карыпбековдун жубайы Айнура Турдумамытова экөөнүн ортосунда нике күбөлүгү бар экенин алардын кызы маалымдады. Учурда эки тарап тең соттун чечимин күтүп жаткан учуру.
Айпери Хожаева
koom@super.kg