Убагында дарылатпаган тиштин кариеси, ангина, ириңдүү жара билинбей жүрүп бөйрөктү иштен чыгарарын баарыбыз биле бербейбиз. Адамды гемодиализ аппаратын колдонууга же бөйрөктү алмаштырууга жеткирүүчү гломерулонефрит оорусу тууралуу Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнүн врачы Бурма Сарымсакова маалымат берет.
ГЛОМЕРУЛОНЕФРИТ
Гломерулонефрит — бөйрөктүн нефрондорунун (түйдөкчөлөр) сезгенип, кандын курамын чыпкалоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү. Нефрондор сезгенгенде кандын курамындагы суюктук, уу, белок, креатинин, мочевина заты, микроэлементтер толук чыпкаланбай калып бөйрөктө топтолуп, бөйрөктү, анын ичинде нефрондорду уулантат жана организмге да сиңип баштайт. Убагында дарыланбаса дарт өтүшүп кетип бөйрөк иштебей калат да, адам гемодиализ алууга же бөйрөк алмаштырууга аргасыз болот. ДАРТТЫН 2 ТҮРҮ БАР
ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ
Тактап айтканда, дартты убагында дарылабаса ооруну жараткан вирустар, бактериялар кан менен барып бөйрөктүн нефрондорун сезгентет. Химиялык заттардан (анын ичинде дары-дармектер) жана тамак-аштан ууланганда организмден чыкпай калган уулар бөйрөктү уулантат. ДАРТТЫН КУРЧ КАРМАГАНДАГЫ БЕЛГИЛЕРИ
Дарт өтүшүп баштаганда кошулчу белгилер:
ДИАГНОЗ КОЮУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?
1) Кандын курамындагы белок, холестерин, кан суюктугунун, мочевина затынын, креатининдин өлчөмүн текшертүү (гломерулонефрит дартында холестерин менен суюктуктун өлчөмү көтөрүлөт, белоктун өлчөмү азаят. Ошондой эле мочевина заты менен креатининдин көтөрүлүшү бөйрөктүн иштешинин бузулушун билдирет).
2) Гепатиттин В жана С түрү бар же жок экендигин аныктоо
ДАРЫЛОО
Бейтап ооруканадан чыккандан кийин да дары-дармектерди ичүүсүн улантат. Таза айыккыча ай сайын анализ тапшырып турат. Врач анализдин жыйынтыгына карап кайсы бир дарыны ичүүнү токтотууну же кайсы бир дарынын дозасын көбөйтүүнү сунушташы мүмкүн. Гормоналдык дарылар 6 айга чейин ичилет. Диетаны бузса, оору кайра күчөп кетет. Андыктан диетаны бузбоо кажет.
ООРУ ӨТҮШҮП БАШТАСА...
Дарттын 3 стадиясы бар: жеңил, орто, оор. 1-2-стадияда дарылап айыктырууга болот. 3-стадиясында бөйрөк иштен чыгып, бейтаптын гемодиализге күнү түшөт. Гемодиализ алгысы келбесе бөйрөгүн алмаштырууга аргасыз болот.
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Кандай гана оору болбосун, мейли ал ангина, тиштин кариеси же гайморит болсун убагында текшерилип, толук дарылануу кажет. Жарым-жартылай дарылануудан же дарыланбай коюудан, жогоруда айткандай, инфекция кан менен барып бөйрөктү сезгендирет. Курамында белок көп азыктарды, өзгөчө этти ченеми менен жеп, тузду аз колдонуу керек. Газдалган таттуу суусундуктарды ичпей койгон оң. Бөйрөктү УЗИден жылына эки ирет текшертүү керек.
Өз алдынча дары-дармектерди ичүүгө болбойт!
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg