ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 2-СЕНТЯБРДАН 8-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Чогуу иштеген адамга же көптөн бери кабар албаган тууганыңызга колдоо көрсөтөсүз. Айлыгыңызга кошумча акча кошуп беришет. Ашыкча чарчоодон, көп акча коротуудан качыңыз. Эмеректерди которуштуруп жайгаштыруу, сынган буюмдарды оңдоо керектелет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада туура тамактануу, стресстен качуу сунушталат. Пайда болгон маселелер үчүн кейибеңиз, кырдаалга жараша өзү чечилет. Курстан окуйм дегендердин тилеги ишке ашат. Адамдар менен көп баарлашып, жаңы маалыматтарга ээ болосуз. Романтикалык мамилеге ылайыктуу апта.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумушта ишке чыкпай калган адамдын ордуна да иштөөгө туура келет. Сизди жаманатты кылгысы келгендер чыгат, чөйрөдөгүлөргө этият мамиле кылыңыз. Каржы маселесин чечүүгө баш-отуңуз менен киришесиз. Үй, жер тилкесин сатып алам дегендерге апта соңунда жакшы сунуштар түшөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Көп акча табууга мүмкүнчүлүк чыгат. Бирок акча үчүн чоң тобокелдикке баруунун кереги жок. Балдарды тарбиялоого, алардын көңүлүн ачууга көңүл буруңуз. Жаңы досторду табасыз. Сүйүктүүсү менен жакын арада баш кошууну пландаган бойдоктор пландарын кайсы бир кырдаалдан улам артка жылдырат.

АРСТАН (23.07-23.08)

Аруу тилегиңиздин ишке ашарына аз калды. Апта негизинен сезимдерди арноо, келечекке деген пландарды кайра карап чыгууга багытталат. Оор ишке киришпей туруңуз, бүтүрүү кыйын болот. Сиз тууралуу ушак таратып жаткан адам менен бетме-бет сүйлөшүүңүз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жан дүйнөңүз кыйналып, жакын адамдардын жанында болууну самайсыз же психологго кеңеш сурап кайрыласыз. Үйдөгү керексиз делген буюмдарды сатып акча кылышыңыз мүмкүн. Бал тилдүү адамдардын сөзүнө кирип, алданып калбаңыз. Барган жериңизден белектүү болуп кайтасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада иште да, жеке жашоодо да ийгилик коштойт. Кыска сапарга чыгууңуз ыктымал. Чарба буюмдарын сатып аласыз. Мамиле түзүүнү сунуш кылган адам чыгат, жети өлчөп, бир кесиңиз. Таасирдүү адамдарды өзүңүзгө көбүрөөк тартсаңыз алар кайсы бир иштериңизди бүтүрүп беришет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Достордун арасындагы татыктуу эместеринен кол үзө баштоо керек. Алардын ордун пайдалуу адамдар менен толуктоо кажет. Шашылыш иштер менен бир жактарга барып келүүгө аргасыз болосуз. Дасторкон жайып туугандарды чайга чакырууга себеп чыгат. Балдарга керектүүлөрүн сатып бересиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Өзүңүздү ар тараптан өстүрүп, жаңы билимдерди иште, жашоодо колдонууга өтүңүз. Өзгөрүүлөрдөн коркпой, тобокелдикке барыңыз. Айрымдардын жумушунда күтүүсүз текшерүүлөр жүрөт, документтерге так болуу керектелет. Туугандардын баласын убактылуу карайсыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Мамиле курсам деген адамыңыз тууралуу уккан кептерге эмес, өзүңүздүн ички туюмга ишениңиз. Үй-бүлө мүчөсүнүн бирин дарылатасыз. Соода менен алектенгендер шеригинен күмөн санап, чырдашат. Унааны оңдотуу, үйдүн тегерегин тосуу сыяктуу иштер чыгат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Көп күч жумшап баштаган ишти орто жолго калтырбай, аягына чыгып, пайда табууга аракет кылуу оң. Дем жана позитив тартуулоочу досторго жакын болуңуз. Карыздарыңызды кайтарып беришет. Коңшулар менен бир маселени чечүү үчүн керектүү адиске кайрыласыздар.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Омуртка жана муун оорулары козголбошу үчүн оор нерселерди көтөрбөй, колду көп сууга салбоо керек. Коомдук жайдан эски таанышыңызды кездештиресиз. Өз катарына кошкусу келген уюмдар чыгат, ойлонуп көрүңүз. Бирөөдөн убактылуу колдонууга буюм сурашыңыз мүмкүн.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 2-8-сентябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан