Болот Токтобаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «СЫЙЛЫКТЫ БИР КҮНҮ АЛСАМ КЕРЕК ДЕП КӨҢҮЛҮМ ТОК ЖҮРДҮ»

31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар искусство өкүлдөрү мамлекеттик сыйлыкка ээ болушту. Алардын катарында «Күттүм сени», «Сүйүп жүрдүм», «Периштем» деген популярдуу ырларга обон жараткан Болот Токтобаев да бар. Ал 2-3 жолу сыйлыкка документ тапшырып, эми гана жыйынтыгы жемиштүү болгонун айтат.

– Болот агай, өткөн жумада сизге «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылды. Сыйлыгыңыз кут болсун! "Мамлекеттик наамга жыл сайын документ тапшырып, өтпөй калам" дечү элеңиз. Канчанчы жолкусу жемиштүү болду?
– Рахмат. Алгачкы жолу 2011-жылы Нурланбек Шакиев маданият жана туризм министри болуп турган кезде сыйлыкка сунушташып, документтеримди тапшырган элем. Алар коллегиядан өткөргөнү менен, жогорку жактан өтпөй калыптыр. Андан кийин чыгармачылыгымды түшүнгөн, сыйлаган адамдар «сен татыктуусуң» деп түрткү болушуп, 8 жыл аралыгында 2-3 жолу документ тапшырдым. Бирок «мен сөзсүз алышым керек» деп артынан түшкөн эмесмин. Бир күнү алсам керек деп көңүлүм ток болду. Чыгармачылыгымды баалап, мага наамды ыйгарган инсандарга ыраазычылык.
Мен азыр 30 пайыз өзүм үчүн, 70 пайыз сыйлык адилеттүү берилгени үчүн сүйүнүп жатам. Эмкисинде биздин агаларыбыз Маматибраим Бостонкулов, Хабибилла Азиреткулов жана курбуларым Токтобүбү Черикчиева, Гүлнара Кахарова да сыйлык алышса, татыктуу болмок.

– Чыгармачыл адам болуш үчүн дээринде болуш керек дешет. Сизде кандай болду?
– Талантты Жараткандын мага берген белеги деп билем. Менин тага журтум да, ата журтум да жамактап ырдаган, ырчы-чоорчулар болгон. Атам кезинде жамактап ырдап, обон чыгарып, комуз ойночу, апам болсо созолонтуп ырдачу экен.
Атам чабан эле, «балам, мен кой багып жүрүп окубай калгам, сен окушуң керек» деп кулагыма куя берчү. 5-класста окуп жатканда апам кайтыш болду. Биз бир ата, бир энеден сегиз бир тууганбыз. Апамдан эрте ажырагандан кийин атам үйлөнүп, өгөй энебизден 3 балалуу болду.

– Ата-энеңиз өнөрлүү болгон соң башка жолду тандашыңыз деле мүмкүн эмес болгон экен да?
– Ооба, атамдын таасири менен музыкага жакын өстүм. Мектепте ар кандай иш-чараларда ырдачумун. Бирок 8-класстан кийин Айыл чарба техникумуна тапшырам деп чыктым. Документтер даяр болуп калганда айрым себептер менен окууга тапшыра албай калдым.
Ошол кезде эле көөдөнүмдө кайрыктар жарала баштаган. Мен үчүн музыка деген дүйнөнүн ачылышына Талант Турганбаев деген агамдын да салымы чоң болду. Анын үйүндөгү аккордеонун тынбай ойнойт элем. Бирин-серин чыккан обондорумду уккандар «сен музыкага эле тапшыр» дешип, Оштон музыкалык факультетке тапшырып, аяктадым. Бирок өз жолумду таппагандай изденип жүрө бердим. Бишкекке келип экономикалык факультетке тапшырдым. Бирок 2-курсту бүтүп, аны таштап салдым. Анткени курсташтарым менен бир толкунда эмес экенбиз. Кийин кайра жогорку билим керек деп, Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктадым.

– Ошондо алгачкы элге алынган эмгегиңиз кайсы болду?
– «Өкүнүү» деген апама арналган ыр болду. Апам оор абалда төшөктө жатып калып, окуудагы агама кабар беришкен. Бирок агамдан кабар келбегенинен «апамды көрбөй калса агам өмүр бою өкүнүп, арманда жүрөт экен да» деп аябай сарсанаа болгом. Ошол нерсе көңүлүмдө калган экен. 9-класска көчкөн жылы Кара-Кулжадагы китеп дүкөндөн кичинекей китеп көрүп калдым. Андагы бир акындын «Өкүнүү» деген ырына көзүм түштү.
«Аттиң, ай, ошол күнү эрте келсем,
Акыркы керээзиңиз угар белем?
Энеке, көз жумарың эгер билсем,
Кеч калып көк жылгаяк тебер белем?..»
Бул саптар мага апам үзүлүп жатканда жанында боло албай, керээзин укпай калган агамды эстетти. Анын абалын, сезимдерин элестеттим. Кайдан-жайдан кайрыктар келип, ошондо аталган ырга обон жаралган. Ага чейин деле обон чыгарып жүргөм. Эң эсте калганы ушул болду.

– Маркум ырчы Нурлан Тилебаев Таалай Бектурганов менен гастролдоп жүргөндө, сиздерди айылдын балдарынан токмок жеген деп айткан экен. Ошол күндөр эсиңиздеби?
– Мен экономикалык факультетте окуп жүргөндө «Күттүм сени», «Сүйүп жүрдүм» деген ырларым таанымал болуп калган. Чыгармачылык аркылуу таанышып Нурлан Тилебаев, Таалайбек Бектурганов, Дамира Ниязбекова, дагы 2 инибиз чогулуп, ар кимибиз өз районубузга ойноп-күлүп эс алганча концерт коймой болдук. Ал кезде азыркыдай унаа жок болчу. Аппараттарыбызды артынып, айылдарга каттаган автобустарга түшүп барып концерт койчубуз. Жаш экенбиз да, кыйналганды, чарчаганды деле билген эмеспиз. Чаткалга барып, андан Баткенге, кайра Аксыга келип концерт койгон элек. Картаны деле карап койсок болмок экен, азыркы акылыбыз болсо, Чаткал, Аксы, Кара-Кулжаны басып өтүп, анан Баткенге бармакпыз да.
Токмок жеген окуя боюнча, Нурлан укмуш куудул бала эле. Бир окуяны берилип, юмор кошуп айтып, ичибизди эзип салчу. Биз күлгөн сайын кошуп, кооздоп салчу. Ал окуя боюнча деле ошондой болсо керек үлүп).

– Таалайбек Бектургановдун өлүмүнүн бети ачылбай кала бербедиби. Досуңуз көз алдыңызда кандай элеси менен калды?
– Таалай каза тапкан жылы мен Ошто жашачумун. Ага чейин жумуштар менен Бишкекке барып калып жолугушканбыз. "Акча чогултуп жатам, буюрса, жаңы ырларымды аранжировкалатып чыгам" деген пландарын айткан эле. Ошону менен мен кайра Ошко кеттим, ал Орусияга барып кабарлашпай калдык. Андан бир жыл өткөндө аны "өтүп кетти" деп достор угузушту. Ишене албай Бишкектеги балдарга чалып, чындыкты угуп алып абдан жаман болгом. Таалайбектин ачык-айрым, чынчыл, тамашакөй мүнөзүн жактырчумун. Чындык дегенде чырылдап, аягына чыгармайын тынч алчу эмес.

– Ортодо башка тармакта иштеп жүрүптүрсүз. Чыгармачылыктан кетишиңизге эмне себеп болду?
– Ооба, бир жылдары «ырдап жүрө берсем, калган жумуштарым калып калат экен» деп чыгармачылыкты токтотуп койгом. Көрсө, биздин негизги жумушубуз ушул экен да. Улуулар мага «чыгармачылык деген оору, баары бир айланып келесиң» деп айтып калышчу. Негизги ишти калтырып койгонсуп кыжалат болуп жүрүп кайра көңүлүм сүйгөн ишке кайтып келдим.

– Акыркы кезде сахнага жубайыңыз менен чыгып жатасыз. Чыгармачыл үй-бүлө кайдан таанышып, табышып калган?
– Жубайым Сүйүнбүбү менен Искусство жана маданият институтунда 2-курста окуп жатканда таанышканбыз. Бир жолу ректор мени чакырып, «студенттерден жакшы ырдагандарды топтоп, концерттик программа түзүп бер, телевидение келип тартат» деди. «Макул» деп кечинде жатакананы кыдырып чыктым. Кыздардын бөлмөсүнө кирип, «ким жакшы ырдайт?» десем Сүйүнбүбүнү көрсөтүштү. «Ырдачы» десем комуз менен элдик ырды аткарып берди. Үнү калыптана элек, бирок таптаза экен. Тизмени чогултуп өткөрүп бердим. Бирок Сүйүнбүбүнүн үнү, өзү көз алдымдан кетпей койду. Концерттерге ырдап бер деген шылтоолор менен жолугуп жүрдүм. 4-5 жыл болушунча ага жагынууга, өзүмө тартканга аракет кылдым үлүп). Акыры көңүлүн таптым окшойт, экөөбүз баш коштук. Азыр Кудайга шүгүр, 5 балабыз, 3 неберебиз бар.

– Маектин жыйынтыгында кыргыз эстрадасынын азыркы абалына көз карашыңызды сурайын...
– Азыр искусство гана эмес, башка тармактарда деле кыйынчылык болуп жатат. Айрымдардын таланты ченелүү болгондуктан, эптеп ыр жаздырып жылдыз болгонго аракет кылышууда. Ырдагы сөздөргө маани бербей, материалдык байлыкты бийик коюшууда. Бирок «көч бара-бара түзөлөт» дегендей, келечекте чыныгы искусствону түшүнүп, чыгармачылыкка олуттуу мамиле кылгандар көбөйөт деп ишенем.

– Маегиңизге рахмат.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aikan1966
2019-09-09 10:27:07
Алган наам кутту болсун,чыныгы обончу жана аткаруучуга берилди деп ойлойм,биз суйгон ырлардын аткаруучусу.
+6
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан